Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:58

У. Нурусбаева: Эл мурдагыдай добушун сатпасына ишенем


Саясатты өнүктүрүү институтунун директору Улара Нурусбаева алдыдагы шайлоо акыйкат өтөөрүнө үмүт артып, эл азыр келечектеги жашоосу өз добушунан көз каранды экенин түшүнүп калганын айтат.

- Кыргызстан биринчи жолу парламенттик башкаруу системасына бара жатат. Бул өлкөдө кандай өзгөрүүлөргө алып келиши ыктымал?

- Жаңы парламенттик система биздин мамлекетке, биздин элибизге туура болобу, жокпу аны азыр эч ким айта албайт деп ойлойм. Анткени биз андай системада жашап көргөн эмеспиз. Бирок ушундай эле башкарууда бир канча мамлекеттер бар, алар өнүгүп эле жатышат. Кыргызстан президенттик башкаруу системасын көрдү, андай башкарууда жашады. Акыркы референдумда элибиз ушундай жолду тандап, бул системаны тандап алды. Ошондуктан элдин чечимин сыйлашыбыз керек. Эки-үч жылдан кийин гана бул система кандай экенин, бизге өнүгүү алып келдиби, жокпу дегендей баа бере алабыз.

- Бирок коомчулукта парламенттик башкаруу системасын көпчүлүктүн оюн эске албаган бир топ гана чечип койду деген пикирлер жок эмес. Сиз ушундай ойлорго кошуласызбы?

- Жок, мен андай деп ойлобойм. Анктени бул жумуш боюнча айылдарды кыдырып, эл менен жолугушкам. Мен элден бул багытта оң пикирлерин уккан болчумун. Ошол себептүү бул элдин чечими деп ойлойм.

- Алдыдагы шайлоо өнөктүгү кызуу болоору айтылып жатат. Бул мурдагылардан эмнеси менен айырмаланат деп ойлойсуз?

- Мурда биз бир лидер болгон партияга добуш беришибиз керек болчу. Административдик ресурстарды пайдаланчу. Мында шайлоого катышуу ниетин 56 партия билдирди. Алар өз платформасы, өз позициясы менен бара жатат. Ар бири эл менен иштейт, кыдырат. Шайлоо убагында ар бир партиянын өкүлү байкоо салат. Ошондуктан мен бул шайлоо акыйкат өтөт го деп ойлойм. Экинчиден, эл деле көптү көрүп, түшүнүп калды. Азыр эл шайлоого мурдагыдай бир пачка чайга, жүз же беш жүз сомго сатылып кетпесине ишенем. Эртеңки күнү кайсы партия, кандай платформа менен жашаарыбыз ошол шайлоодон, ошол добуштан көз каранды.

- Партиялардын биригүүлөрү уланууда. Бул бийликке жетүүнүн гана бир жолу болуп жатабы?

- Жок. Мен паритялардын бириккени эң туура болуп жатат деп ойлойм. Алсак 56 партия, 56 платформа. Алардын ар биринин позициясын түшүнүшкө элге кыйын болуп калат. Экинчиден, бириккендик ар бир партияны күчтөндүрөт. Үчүнчүдөн, бул көрүнүш партиялардын өнүгүп жаткандыгын көрсөтүп жатат. Анткени үч-төрт партия бири-бири менен макулдашып, өз караштарын тууралап, шайлоого бир бара жаткандан кийин өнүгүү жолунда десек болот. Мурдагыдай “жок, меники туура” дебей, бири-бирин түшүнүп, угуп, бир позиция менен элге бара жатышпайбы. Бул эң туура деп эсептейм.

- Сиздин божомолуңузда, шайлоодо канча партия утушка ээ болот?

- Аны айта албайм. Бирок эгер шайлоо ачык, акыйкат өтсө жок дегенде 10 партияга чейин келиш керек деп ойлоп атам.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG