Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:17

И. Исаков боюнча сот чечими бүгүн түштөн кийин чыгат


11-январда Бишкек гарнизондук сотунда айыпталуучу генерал-лейтенант Исмаил Исаковдун акыркы сөзү угулду. Анда Исаков коюлуп жаткан айыптардын бирөөсүн да мойнуна албасын жана ал саясий себептерден куугунтукка алынып жатканын билдирди. Исаков боюнча соттун чечими 11-январда саат 16:00дө угузулаары жарыяланды.

Президент Курманбек Бакиевдин ички, тышкы жана кадрдык саясатына макул эместигин билдирип, 2008-жылы октябрь айында Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан кеткен Исмаил Исаковго байланыштуу соттук териштирүү өткөн жылдан бери уланып, быйыл мына соңуна чыгуу алдында турат.

11-январда Исмаил Исаков акыркы сөзүн сүйлөдү. Судья Серик Абиевге кайрылуудан баштаган сөзүндө Исаков алгач эле буларга токтолду:
Азыркы кырдаал Кыргызстанда укуктук мамлекеттин, демократиялык - элдик бийликтин жоюлушун айгинелейт...

- Бүгүнкү сиз кабыл ала турган чечимиңизди коомчулук, жалпы кыргыз эли адилеттүүлүк болоор бекен деген үмүт менен күтүп жатса, Ак үйдүн жетинчи кабатында отурушуп “заказ” бергендер кыбаасы кана, бизге каршы чыккандар мына ушундай болот деп маашырланып отурушат. Түзүлгөн мына ушул кырдаал Кыргызстанда укуктук мамлекеттин, демократиялык - элдик бийликтин жоюлушун, анын ордуна үй-бүлөлүк, криминалдык, тоталитардык бийликтин толугу менен орноп калганын айгинелейт.

Андан кийин Исмаил Исаков 2008-жылы Коопсуздук кеңештин катчысы кызматынан кетүү себебине токтолуп, мына ошондо айтылган сыны, андан кийинки саясий ишмердүүлүгү үчүн соттолуп жатканын белгиледи. Ал коюлуп жаткан бардык айыптарды четке какты. Балыкчы аскердик бөлүгүндө техникалардын жоголушу боюнча жыл бою жаманатты кылып олтуруп, аягында прокуратура айыпты алууга аргасыз болгонун, калган коюлган күнөөлөр боюнча да айыбы жоктугун дагы бир жолу белгиледи.

Ошондой эле бийлик башындагылар үчүн генералдык наамы керек болсо, аны өткөрүп берүүгө даярдыгын айтты:
Мен 40 жыл маңдай терим, таза ишим менен тапкан байлыгым - генералдык чиним эле. Ушул байлыгым Бакиевдерге жетпей жатса керек...

- Айыпталуучулар сизден мени 8 жылга эркимден ажыратууну жана башка жазаларды кошуп сурашты. Мен, 1969-жылдан бери, мына 40 жыл болуптур, кырк жыл маңдай терим менен, адилет, таза ишим менен тапкан байлыгым - генералдык чиним эле. Сураткандарына караганда ушул байлыгым Бакиевдерге жетпей жатса керек. “Байлык, бийлик колдун кири”-деп бийлигин былтыр эле өткөрүп бердим эле, азыр сизди кыйнабай эле, өз эрким менен генерал-лейтананттык наамды да өткөрүп берейин, - деген генерал Исаков генерал-лейтенанттык кош жылдыздуу белгини судьянын алдына койду.

Бирок адвокат Азимбек Бекназаров “Башкы аскердик судья Абышкаевдин таза эмес колу ага тийгенге акысы жок”,- деп генералдык белгини алып койду.

Өз сөзүн Исаков мындайча аяктады:

- Немис элинин гений акыны Вольфганг Гете “Эркиндик үчүн ким күн сайын күрөшсө, мына ошол гана ага татыктуу” болот деген экен. Ошондуктан биз эркиндик, адилеттүүлүк, Кыргыз элинин, мамлекетинин бакубаттуулугу үчүн күн сайын күрөшкө чыгышыбыз керек! Мына ошондо гана биз максатыбызга жетебиз!

Урматтуу сот! Мага коюлган күнөөлөр негизсиз, айыптарды моюнга албаймын. Мага козголгон кылмыш ишти саясий куугунтук деп эсептеймин. Сизди адилеттүүлүккө чакырам.


Исмаил Исаковдун акыркы сөзү угулгандан кийин судья Серик Абиев чечим бүгүн саат 16:00дө жарыяланарын айтып, кеңешүүчү бөлмөгө кетти.

И. Исаковдун соттогу акыркы сөзү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:07 0:00
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG