Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:51

Т. Калматов: Жалал-Абадда кырдаал толук турукташты дегенге эрте


Жалал-Абаддагы митинг, 20-май.
Жалал-Абаддагы митинг, 20-май.

Жалал-Абаддан "Азаттыктын" таңкы түз обосуна байланышка чыккан коомдук ишмер Тойгонбек Калматов ачыкка чыккан Максим жана Жаныш Бакиевдин сүйлөшүүсүн элин, мекенин сүйбөгөндөрдүн айтар сөзү деп баалайт.

- Тойгонбек мырза, Убактылуу өкмөттүн аракеттерин кандай баалап жатасыз?

- Чынында азыркы Убактылуу өкмөт өтө татаал мезгилде, эң жооптуу, оор миссияны өз мойнуна алып атат. Муну биз моюнга алышыбыз керек. Бир айдын ичинде бир топ иштердин аткарылгандыгына баардыгыбыз күбөбүз. Алсак, электр энергияга, жылуулукка болгон тарифтердин кайтышы. Стратегиялык объектилердин сатылышынын кайтышы, стретегиялык объектилердин курулушуна болуп аткан чоң көлөмдөгү жардам, акча каражаттардын берилиши. Кредиттердин төмөндөшү жана башка толгон-токой маселелерде Убактылуу өкмөт демилгени колго алып, бир топ иштерди жасады. Бирок ошол эле маалда кээ бир акыркы учурларда ММКларда берилип аткан кээ бир маселелер биздин коомчулукту, жарандарды көп ой-толгоого салып атканы да ачуу чындык. Алсак, Темир Сариев менен Бекназаровдун ортосундагы миллион долларды бекитүү боюнча болгон иш аракеттер. Бул коомчулукта чынында ар түрдүү пикирди жаратты. Менин жеке пикирим боюнча, бул өтө кооптуу, туура эмес иш деп айтаар элем.

Себеби мындай тажрыйба биздин Кыргызстанда болгон. Эгерде эске алып көрсөк, Акаев президент маалында Кыргызстандын коопсуздугу үчүн, айрыкча Баткен окуяларынын тушунда 430 миллионго жакын акча алып келип берген. Ошол маалдагы Улуттук банктын төрагасы Сарбанов, администрациянын жетекчиси Садыркулов, Каржы министри Медеров, казынчалыктын жетекчилеринин үстүнөн иш козголуп, сотко чейин барганы баарыбыздын эсибизде. Бюджеттин айрыкча чыгаша бөлүгү, мен бюджетте кудайга шүгүр 20-30-.жылдан бери иштеп келаткан киши катары айтаарым, бул чыгаша бөлүгүн абдан кылдаттык, тактык менен, анан ачык-айкын кылып туруп, бир пикирге келип туруп анан чечиш керек эле. Айталы, каржы министри бөлүү, ажыратуу боюнча өз сунушун өкмөткө киргизсе, Убактылуу өкмөт ошол боюнча чечим кабыл алып, бир пикирге келгенден кийин муну иштетсе, бул коомго дагы, мыйзамга дагы туура келмек болчу.

- Эми Жалал-Абаддагы кырдаалга келсек, азыр бул аймакта абал кандай?

- Кудайга шүгүр, кичине стабилдешип калды. Ошон үчүн коменданттык сааттар эки саатка кыскартылды. Бирок таптакыр эле тынчып кетти дегенге али эрте. Себеби эл нааразы болуп митингге чыккандагы коюлган маселелердин бир тобу аткарылса, кээ бирлери азырынча аткарыла элек. Убактылуу өкмөттүн ошол маселелерди чечкенине байланыштуу стабилдүүлүк буюрса орношуп калат деген пикирдемин.

- Тополоңду бакиевчилер уюштуруп атат деген нерсеге кандай карайсыз?

- Бул негизинен туура. Азыркы маалда жаздын бир күнү бир жылга тете дегендей, бүт дыйкандар, айрыкча жер менен иштеп аткан агрардык сектордогулар чачын тараганга убакыт таппай, жазгы талаа иштери менен алек болуп атса, ал эми бир тобу жанагыдай митингге чыгышы ал бекеринен эмес. Анын аркасында кандайдыр бир күчтөр, кандайдыр бир топтун кызыкчылыктары турганы бул талашсыз маселе.

- Жаныш Бакиев менен Максим Бакиевдин интернетке чыгып кеткен телефон сүйлөшүүсүн уксаңыз керек, ошого кандай баа бересиз?

- Биринчиден, бул мекенди, элди сүйүп, патриот болбогондордун гана жасай турган иши деп айтаар элем. Себеби мен экөөнүн тең үнүн абдан жакшы билем, ал жерде кээ бирлер айткандай, бурмаланып, андай-мындай болбостон, накта өздөрүнүн эле үнү. Булар эң акыркы мүмкүнчүлүктөрдөн пайдаланып, эсебеи жок акчаларын ишке салуу менен жеке кызыкчылыктары элдин кызыкчылыгына карама-каршы келгенине карабастан турмушка ашырууга жасап аткан аракеттери деп түшүнсөк болот.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG