Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Кубалашкан курултайлар


Апта аягы биринин артынан бири удаалаш келген саясий партиялардын курултайлары менен жыйынтыкталды. 7-августта “Бириккен элдик кыймыл” партиясы курултайын өткөрүп, саясий кеңештин мүчөлөрүн жана төрагасын аныктады. “Ата мекен” партиясынын курултайынын биринчи бөлүгү да ушул күнгө кечкиге белгиленип, оюн зооктор менен коштолду.

8-августтагы бөлүгүндө партиянын шайлоо алдындагы программасы жана партиялык тизменин жарыяланышы күтүлүүдө. Калган партиялар шайлоо күнүнүн аныкталышын күтүп, курултайларды өткөрүү мөөнөттүн аныкташа элек.

“Бириккен элдик кыймыл” партиясынын курултайында партиянын жаңы жобосу жана программасы кабыл алынды. Мындан сырткары партиянын саясий кеңеши түзүлүп, анын мүчөлүгүнө саясатчылар Мамбетжунус Абылов жана Муратбек Мукашев кирди.

Добушка салуунун жүрүшүндө партиянын төрагалыгына Азимбек Бекназаров шайланды. Депутаттыка талапкерлердин тизмесин бекитүү маселеси партиянын кийинки жыйналышында каралмай болду.

Партиянын мүчөсү Руслан Бекназаров тизмени бекитүү маселеси боюнча экинчи курултайды Ош шаарында өткөрүү мерчемделип жаткандыгына токтолду:

- Партиялык негизги тизмеге жетимиш-сексен пайызы мына ушул жаңы муундун өкүлдөрүн киргизебиз. Мындан сырткары ар бир багыт боюнча жаш партиялаштарыбыздын өзүнчө тизмеси болот. Мисалы, бирөөлөрдүн билими, жөндөмү бар. Бирок ишкердик кыла албайт, саясатка бара албайт, аткаруу бийлигинде иштей албайт. Биз мына ушул категориядагы жаштар менен иштешебиз.

“Ата мекен” социалисттик партиясынын курултайы 7-август кечкиге белгиленди. Анда негизинен партиянын шайлоо алдындагы программасынын жарыяланышы күтүлүүдө. Ошондой эле “Ата мекен” саясий партиясынын борбордук штабынын өкүлү Бактыбек Мамыразаковдун айтымында, 8-августка дайындалган партиянын курултайынын экинчи бөлүгүндө жалпы уюштуруу иштеринин жүрүшү жана партиялык тизменин бекитилиши мүмкүн.

- Курултайда партиянын лидери Ө. Текебаевдин шайлоо алдындагы программалык банядамасы болот. Анда өлкөнүн өнүгүүсүнө биз сунуш кылган программанын мазмуну жарыяланмакчы. Ошондой эле биздин партиядан депутаттыкка талапкерлердин тизмесин бекитүү маселеси күн тартибине киргизилген. Бирок шайлоо күнү жарыялана элек болгондугуна байланыштуу бул маселе артка жылып кетиши да ыктымал.

Ошол эле учурда бир катар саясий партиялар шайлоо күнүнүн жарыяланышын күтүп, өздөрүнүн курултайларын өткөрүүнү создуктуруп турушат. Анткен менен көпчүлүк саясий партиялар шайлоого бара турган партия мүчөлөрүнүн тизмесин аныктап бүтүп, аны бекитүүнү курултайдын жыйынында расмийлештирүү жагы гана калгандай.

“Республика” саясий партиясынын башкы штабынын өкүлү Кубатбек Болотканов шайлоого байланышкан маселелердин бардыгы алдыдагы курултайда чечиле тургандыгына токтолду:

- Биздин партиянын саясий кеңеши бийлик тарабынан шайлоо күнү жарыялангандан кийин курултайды өткөрүүнү белгилейт. Азырынча жер-жерлерде партиянын райондук жана облустук жыйналыштары өтүп жатат. Курултайда партиялык тизмеге кимдер киргендиги бекитилмекчи.

Мындан сырткары “Ата журт”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ак шумкар” жана Социал-демократтар партияларынын штабдарынан курултайларды өткөрүү шайлоо күнүнүн жарыяланышына байланыштуу экендигин маалымдашты.

XS
SM
MD
LG