Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:18

Жарандык коом президентти парламенттик шайлоо өткөрүүгө чакырууда


Жарандык коом өкүлдөрү 2007-жылдын 16-декабрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгыазырга дейре коомчулукка расмий түрдө жарыялана элек деп эсептейт.
Жарандык коом өкүлдөрү 2007-жылдын 16-декабрындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгыазырга дейре коомчулукка расмий түрдө жарыялана элек деп эсептейт.

Бир катар жарандык уюмдар саясий күчтөргө жолдогон кайрылуусунда өлкө башчысын атайын тездетилген жасалма президенттик шайлоону токтотуп, Жогорку Кеңешке чыныгы шайлоону белгилөөгө чакырган. Кайрылууда 2007-жылы декабрдагы парламенттик шайлоонун жыйынытыгын БШК жарыялабаганы белгиленип, парламент депутаттарын өз каалоосу менен мандаттарын таштоого үндөө да айтылат.

Жарандык коомдордун өкүлдөрү тараткан кайрылууда, өлкөдө мыйзамдуу башкаруучулук менен адам укугунун абалы начарлап, учурдагы түзүлгөн кырдаал мамлекеттүүлүктүн сакталышына түздөн-түз коркунуч келтирери белгиленген. 2007-жылы 16-декабрда өткөрүлгөн парламенттик шайлоо одоно мыйзам бузуулар, бурмалоо жолу менен өткөндүгү, БШК элдин шайлоо укугу менен эсептешпей, бийликтин тапшырмасын аткарганы, аны БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын өз мекенинен качып кеткендеги чуулгандуу окуя тастыктап тургандыгы айтылган.

Бул кайрылууга үн кошкондордун бири «Жарандар коррупцияга каршы» укуктук борборунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү мамлекетте мыйзамдуулуктун орношун, парламенттик шайлоону таза, ачык, калыс өткөрүүгө жана анын укуктук жактарын калыбына келтирүүгө аракет кылып жатышканын билдирди.

-Бүгүнкүгө чейин БШК расмий түрдө коомчулукка маалымат бере элек, парламенттик шайлоо кандайча өткөндүгү тууралуу. Бул деген коррупциянын жеткен түрү. Экинчи жагынан БШКнын мурдагы төрайымы жоопкерчиликтен коркконунан өзү качып кеткен. Анын качуусуна бийликтин жаман технологиясы себеп болгонун коомчулук жакшы билет.

Төлөйкан Исмаилова ошондой эле эгерде БШК жакын арада реформаланбаса, алдыдагы президенттик шайлоо дагы бурмалоо жолу менен өтөт деп эсептээрин, буга жол бербөө үчүн президент элдин шайлоого болгон укугун кайтарып, президенттик шайлоону токтотуп, парламенттик шайлоону таза, адилет өткөрүүгө барышы керектигин кошумчалады.

БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бегматов жарандык коомдун өкүлдөрүнүн коюп жаткан талаптарында жана дооматтарында негиз жоктугун, мындан эки жыл мурда болгон парламенттик шайлоо мыйзамдын чегинде өткөндүгүн, анын жыйынытыгын БШК шайлоо бүткөн соң төрт күндөн кийин, 20-декабрда «Эркин тоо» гезитине жарыялаганын айтты.

- Бейөкмөт уюмдары менен тегерек үстөл болобу, дебаттар болобу алар менен болгон жыйындарда айтып эле жатам. «Мына карасаңарчы, ар бир саясий партиялардын добуштары мынакей»,-деп. Андан сырткары БШКнын маалыматтык баракчаларынын бардыгына шайлоонун жыйынтыгын жарыяладык.

«Ак жол» фракциясынан депутат Ажибай Каламаматов дагы БШКнын мүчөсүнүн пикирин колдоп, бейөкмөт уюмдарынын саясатка аралашуусунун өзү туура эмес деп эсептейт. Анын айтымында, «Ак жол» партиясы менен шайланган депутаттарга дагы эл өздөрүнүн добушун берип, ишеним менен шайлашкан, алардын мандаттарын таштоосуна эч кандай негиз дагы жок. «Парламентти таркатууга жана анын ишмердүүлүгүн сындап жыйынтык чыгарууга жарандык уюмдарга укук берилген эмес. Жөн жерден бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун кажети жок», - дейт Калмаматов.

Мындан эки жыл мурда декабрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына каршы пикирин билдирип чыккан БШКнын ошол кездеги мүчөсү Жеңиш Акматов андагы парламенттик шайлоо таза өтпөгөнүнө өзү күбө болгонун билдирди.

- Ал шайлоодо фальсификация болгон. Болгондо да абдан катуу ыплас жолдор менен фальсификацияланган. Эң акыркысы шайлоонун жыйынтыгын чыгарганда БШК мага протоколдорду көргөзбөй, бизге бербей, өздөрү БШКнын гана протоколун тааныштырып, ошого кол көтөрүп, мен, Акылбек Сариев жана Жаркын Бапанова каршы добуш бергенбиз. Бирок көпчүлүк добуш менен ошол жыйынтык бекитилген.

“Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошуракунова белгилегендей, жарандык уюмдардын кайрылуусу саясий күчтөрдү, коомчулукту, атка минерлерди шайлоорлорду таза, акыйкат өткөрүүгө карата жасалган чакырык.

«Эгерде буга маани бербесек, эртең президенттик шайлоо мындан дагы жаман бурмалоо менен өтөт», - дейт Ошуракунова.

XS
SM
MD
LG