Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:09

Элдик жыйынды Таластын четинде өткөрүүгө уруксат берилди


А.Бекназаров баштаган элдик революциялык кыймыл 18-ноябрда Таласта элдик жыйын өткөргөнү жатат.
А.Бекназаров баштаган элдик революциялык кыймыл 18-ноябрда Таласта элдик жыйын өткөргөнү жатат.

Элдик революциялык кыймыл 18-ноябрда Талас шаарынын борбордук аянтында жыйын өткөрүүнү көздөгөн. Бирок шаар бийлиги ага уруксат берген жок.

Учурда жергиликтүү калктын арасында 18 ноябрга белгиленген мындай жыйын тууралуу пикирлер ар кыл. Бакай-Ата районуна караштуу Маданият айылынын тургуну Болотбек Мамбетов бул жыйынды колдоорун билдирип, анын себебин президентин жүргүзгөн саясаты жер-жерлерде аткарылбай жатканына такады:

-Президентибиз айтканы менен бияктагылар… сөз менен эле калгандай болуп жаат да. Туура эмес иш болуп жатат да, негизи президентибизге баарыбыз баш ийишибиз керек да.

Ошол эле райондун тургуну Искендербек Болоткан уулу Азимбек Бекназаров бул курултайды колдоорун же колдооборун так айта алган жок:

- Ким билет эми? Кудайдын айтканын көрөбүз да... Ишенбей деле калдык чын-чынына келгендечи. Мына өткөндө эмне болдук, опозициянын баардыгы чогулуп алып, элдин баарын эмне кылды. Эми эл менен чогуу болобузда, эл эмне болсо ошо болот. Карпайым элдерге эмне, баягы эле турмуш болуп жатат да...

Талас облусунун губернатору Бейшенбек Болотбеков болсо элдик кыймылдын “Президент Курманбек Бакиев мөөнөтүнөн мурда кетсин” деген талабы туура эмес деп, ага каршы пикирин билдирди:

- Менин айтаарым, бардык нерсе мыйзамдын чегинде болушу керек. Анан конситуциялык мөөнөттө а киши беш жылга шайланган аны кыскартып койууга эч кимдин акысы жок. Ошон үчүн мен мындай талапка каршымын.

6- ноябрь күнү Талас шаарынын мэри Эркин Турсункуловго Элдик революциялык кыймылдын лидерлери баш мыйзамдын 25-беренесине такап, 18 ноябрь күнү күндүзгү саат 12ден 3кө чейин Талас шаарынын борбордук аянтына жыйын өткөзүүнү көздөп жаткандары тууралуу кат жолдошкон.

Ал катка Талас шаардык бийлиги тарабынан жооп жөнөтүлүп, анда “Жарандардын тынч, куралсыз, эркин жол менен митинг-демонстрация өткөрүүсү жөнүндөгү» мыйзамдын 4-беренесине ылайык, стратегиялык маанидеги «Кыргызтелеком» ишканасы менен орто мектеп аталган аянтка жакын жайгашкандыктан жана 18 ноябрь жумуш күнү болгондуктан аянтка жакын мекеме уюмдардын иштешине, автожолдон өтүчү автоунааларга тоскоолдук боло турганын эске алып, мындай өтүнүчтү четке какты.

Бирок Талас шаарынын мэри Эркин Турсункулов жыйынды башка жерде өткөрүүгө уруксат бергенин «Азаттыкка» айтып берди:


- Бул жакта административдик мекемелер бар. Булардын да укугу бузулбасын деп, жыныды стадионго өткөрүүгө макулдугубузду берип жатабыз, ошол жакта өткөрө беришсин, эч каршылыгыбыз жок.

Ошентип элдик революциялык кыймылдын өкүлдөру курултайды Талас шаарынын түндүк жагында, токой жээкте жайгашкан Эшим Кутманалиев атындагы стадионго өткөрүүгө уруксат алышты.

XS
SM
MD
LG