Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:17

Таласта оппозициянын Элдик жыйыны өттү


Элдик жыйын ырчы Сагынбек Момбековдун саясий ыры менен башталды
Элдик жыйын ырчы Сагынбек Момбековдун саясий ыры менен башталды

Элдик революциялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров жыйында президент Курманбек Бакиев башында турган бийликти революциялык жол менен, же шайлоо жолу менен кетирүү тууралуу эки сунушту берди.

Жыйындын башында негизинен энергетикалык кризиске, кыргыз-казак чегарасындагы Каркыра жайлоосуна, алтын кендерине байланышкан маселелер козголду. Жыйындын башында Элдик революциялык кыймылдын лидерлери Азимбек Бекназаров, Топчубек Тургуналиев, Анвар Артыков, Эркин Бөлөкбаев, Роза Нурматова турушту.

Жыйын башталып калганда “ЭрК” саясий партиясынын башчысы Турсунбай Бакир уулу менен “Жоомарт” патриоттук кыймылынын лидери Нурлан Мотуев келишти. Алар Элдик жыйынга чакырылган оппозициядагы саясатчылардын катарында турушту. Чакырылгандардын ичинен Элдик жыйынга Бириккен оппозициянын лидерлери барышкан жок.

Элдик революциялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров жыйындын катышуучуларына президент Курманбек Бакиев башында турган бийликти революциялык жол менен же шайлоо жолу менен кетирүү тууралуу эки сунушту берди. Мындай сунуштан кийин сөз алгандардын көпчүлүгү бийликти ыңкылап жолу менен алмаштыруу керек деп жатат. Бекназаров жыйында кыймылдын лидерлери өлкөнүн жети облусун жана эки шаарын кыдырып, бийлик алмаштыруунун жолу тууралуу пикирин уккандан кийин андан кийинки аракеттерди жасаарын билдирди.

Акырында Элдик жыйын Улуттук кеңеш түзүү менен соңуна чыкты. Улуттук кеңеш 20 кишиден куралып, анын төрагалыгына экс-баш прокурор жана экс-депутат Азимбек Бекназаров шайланды. Жыйындын чечимине ылайык, Элдик революциялык кыймылдын мындан аркы аракеттерин Улуттук кеңеш аныктамай болду. Кыймылдын келерки жыйыны өтүүчү аймак дагы Улуттук кеңештин чечими менен аныкталат.

Президент Курманбек Бакиевдин кызматтан кетишин таалп кылган “революциячылар” Таластагыдай жыйынды эми калган алты облуста жана Ош, Бишкек шаарларында өткөрүүнү максат кылышты.


Элдик жыйынга 1,5 миңге жакын киши катышкандыгы маалымдалды. Расмий бийлик алардын саны 250дөн ашпаганын айтышты. Жыйындын жүрүшүндө ички иштер министрлигинин жана коопсуздук комитетинин жергиликтүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери байкоо жүргүзүп турушту.

XS
SM
MD
LG