- Азимбек мырза, Таласта сиз жетектеген демилгелүү топ уюштурган Элдик жыйын кандай өттү деген ойдосуз.
-Биздин ой максат негизинен ишке ашты, элге келип жарыялап, Кыргызстан элдик революциялык кыймылы жаралды. Таластын эли Манас-Ата ордосунда батасын берди. Биз чочуладык эле, чын-чынына келгенде ар-кандай бут тосуулар болуп, бийлик тарабынан Түп районундагыдай болуп үзгүлтүкө учурайт го деп. Бирок Таластын элине ыраазыман, ар кандай чагымдарга алдырышкан жок. Бийлик дагы элдин духун көрдү дагы түшүнүү менен мамиле кылды, коопсуздукту караган кызматкерлерге дагы ачык айтыш керек, иш чараны үзгүлтүккө учуратууга катуу аракет кылышкан жок.
Эми кыймылдын максаты, негизги талаптары тууралуу чечмелеп айтып берсеңиз.
Биздин негизги максат - 2005-жылдын 24-мартындагы Элдик революциянын ой максаттарын ишке ашырыш. Бакиев элдик революциянын идиеаларын уурдап кайра эле үй-бүлөлүк башкаруу режимине түшүп албадыбы азыр, биздин негизги максат ошол кетирген кемчиликтерди эске алуу менен, ошондой жаңылыштык кетирбей, тактап айтканда эгер мамлекетти машинеге салыштырсак элден мурун машинени оңдоп, анан айдоочуну отургузуш. 24үндө биз машинени оңдобой туруп эле, Акаев деген айдоочуну алып Бакиев деген айдоочуну отургузуп койдук, ошол машине ошол боюнча келе жатат, үй-бүлөлүк башкаруу деген. Азыр үй-бүлөлүк башкарууну түп-тамырынан жулуп ыргытып туруп, анан кийин таза шайлоону өткөрүп, айдоочуну тандап алып туруп ошол машинеге отургузуу. Анан ошол мамлекеттик машинени айдаган айдоочу - прездентибиз, машиненин бир да тетигин, бир да бурамасын оңдоого укугу жок болот.
- Эл ушул жыйындын эң негизги талабын кандай кабыл алууда?
-Мына таластыктар биздин чечимди колдошту. Бир добуштан приздент Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетирүү чечими кабыл алынды. Мындан кийин кыймыл ушул маселенин үстүнөн иш жүргүзөбүз.
- Мындай жыйын Талас жергеси менен чектелип калбаса керек?
- Мындан кийин биз Ош жергесинде өткөрөлү дедик эле бирок 29унда Бишкекте курултай болгону жатпайбы, ошол курултайга катышкандан кийин анан кайсы аймакка бараарыбызды чечет окшойбуз. Азыр 29-ноябрда Бишкекте боло турган курултайга даярданабыз.