Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

Оппозицияны Ысык-Көлдөн сүрүп чыгышты


Жекшембиде оппозициянын Түп районунда курултай өткөрүү максаты ишке ашпай калды. Оппозиция өкүлдөрүн милиция кармап-камап, кууп-кубалап, уюшкан чагымчыл топтор элдик жыйын өткөрүүгө жол бербей, облус аймагынан сүрүп чыгарышты. Бул окуядан соң кабарчыбыз Ысык-Көлдөгү окуялардын чордонунда жүргөн парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын депутаттары Кубанычбек Кадыров менен Роза Отунбаеваны жана “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаевди сөзгө тартты.

К. Кадыров: "Райондук милициянын башчысы жоопко тартылыш керек"

“Азаттык”: - Бийлик тарабынан бул жолу кандай кадамдар, иш чаралар жүргүзүлдү оппозицияга каршы?

Кубанычбек Кадыров: - Өткөндө Чүй облусунун Арашан айылында БЭК курултай өткөрбөдүбү Кыргызстан боюнча, ошондон кийин БЭКтин Ысык-Көл облусунун Түп районуна курултай өткөрүү боюнча чечим чыккан. Ошол боюнча БЭК курултайды уюштуруп, уюштуруу маселеси абдан жакшы болуптур. Ысык-Көл облусунан жок дегенде 5 жарым миңден 8 миңге чейин кишилер өзүлөрү эч нерсеге карабай туруп курултайга барып беребиз деп даярданып атышкан, баардыгы жакшы болуп аткан. Бирок мен курултай болду деп эсептейм. Өзүңүздөр көрдүңүздөр, бараткан бүт машиналарды күчкө салып, ар бир айылга тосмолорду коюп, Бишкектен атайын жалданган жигиттерди алып келип, Бишкекте ар кандай кызматта иштеп аткан туугандарына кысым көрсөткөнү бул абдан жат нерсе. Бул жерде Көлдүн элинин эч кандай күнөөсү жок. Мен өзүм көлдүн кулуну болом. Бул жерде бийлик ар кайсы жерде жүргөңдөрдү таап келип туруп, ушунтип уюштурганына абдан капаланып турам. Ушинтип отурсак мамлекетибизди жоготуп коюшубуз мүмкүн деп ойлойм. Отузунда Текебаев менен Шерниязов, БЭКтин Түп району боюнча өкүлү кармалды деп мага чалышты. Сиз депутат болгондон кийин келип кетиңиз деди. Мен келип, эмне себептен кармадыңыздар, арызы барбы десем, эч кандай арыз жок, азыр текшерип туруп кайра кое беребиз дешти.

“Азаттык”: - Кайда кармап турушуптур?

Кубанычбек Кадыров: - Түп РИИБинин ичинде кармап туруптур Октябрь деген жигитти. Мен кирип, түшүндүргүлө десем, милиция кызматкерлери эч нерсе түшүндүрө албай коюшту. Түптүн милиция башчысы Мелис Урматович деген киши келип туруп эле мени абдан жаман сөздөр менен сөктү. БЭКтин мүчөсү Октябрь деген жигит угуп турду. Жетекчинин деңгээли мындай болбош керек, бул жат нерсе, сиз килейген районду башкарып турган милициянын башчысысыз десем, болбой, мага кол салды.

“Азаттык”: - Кол салганда кандай кол салды?

Кубанычбек Кадыров: - Мени сөгүп келип туруп, курткамдан тартып эшикти карай өзү сүйрөдү. Мен ушунчалык капа болдум, баарын айткандан алысмын, кээ бир ушундай уяты жок милиция башчылары бүт кыргыз элинин милициясын уят кылып атканына. Өзүлөрү даярдап койгон кишилерди алып келип туруп мага РИИБинин ичинен кол салдырышты. Мен ошол жерде турган милиция кызматкерлерине айттым, бул эмне кылгаңырар, мен депутатмын деп.

“Азаттык”: - Канча киши келди?

Кубанычбек Кадыров: - 5-6 аял, ондой жигит. Баары ичип алышыптыр. Ичип алганы мага жыттанып турду.

“Азаттык”: -Милиция кызматкерлери карап туруштубу?

Кубанычбек Кадыров: - Милиция кызматкерлери мен депутат катары кайрылсам, бири да мага жардам беришкен жок.

“Азаттык”: -Сиз эмне кыласыз мындан ары бул окуя боюнча?

Кубанычбек Кадыров: - Бул окуя боюнча, партиялаштар менен сүйлөшүп бир чечимге келебиз го деп ойлойм. Бирок ушундай уяты жок бүт кыргыз милициясын уят кылып аткан РИИБ башчысын кылмыш жообуна тартыш керек.

“Азаттык”: - Сиз ошого аракет кыласызбы?

Кубанычбек Кадыров: - Мен ошого аракет кылам.

“Азаттык”: - Эртең айрым ММКлар, же билйикке ыктаган саясатчылар мындай деп билдирүү жасашы ыктымал, оппозицияны көлдүктөр колдогон жок, алардын Балыкчынын постунан сүйрөп чыгарып коюшту, алардын кадыр-баркы такыр жок деп. Сиз эмне пикир айта аласыз ушуга каршы?

Кубанычбек Кадыров: - Көлдүн эли өзүңүздөр билесиздер, меймандос, жакшы адамдар болот, кыргыздардын баары эле меймандос болобуз. Бул болуп аткан нерсе абдан жат нерсе. Мисалы өзүңүздөр жакшы билесиздер, ар бир айылдан жок дегенде 100дөн адам өзүлөрү бараткан болчу. Өзүңүздөр бүгүн көрдүңүздөр болуш керек, посттордо 50-60-100дөгөн машиналарды кармап алып, адамдарды коркутуп атканын.

Роза Отунбаева: "Президент Бакиев келсе көлдүктөр мынчалык тикесинен турбайт"


“Азаттык”: - Сиздер өзүңүздөр колдоого ээ болобуз деген оюңуздар, үмүтүңүздөр барбы?

Роза Отунбаева: - Бакиев келсе көлдө мынчалык кызыкчылык болбойт. Мына биз келсек көлдүн баары тике туруп атат. Рахмат көлдүн элине. Туура, ушунчалык кызыкчылык чоң, ушунчалык бизге абдан көп ресурстарды ташташты. Биздин коопсуздукту карайт экен десек, бул мамлекет болсо жалаң бир үй-бүлөнүн гана кызыкчылыгын карайт экен. Ошон үчүн мен айтат элем, Текебаевди деле президенттей кылып эле 30-40тай машине менен киргизди, чыгарып атат.

“Азаттык”: - Кечээ түнү Караколдо эмне окуя болду, канча киши келди. Сиздерге кандай күчтөрдү колдонду?

Роза Отунбаева: - Кечээ Караколго мен жакшы эле киргем. Бирок Өмүрбек чалып калды, бизди кармап калды Ак-Сууда деп. Саат бир-экилерге жакын Ак-Сууга Өмүрбекти, жанындагы жигиттерди чыгарганга барып калсак, ал жакта провокация даярдап коюштуптур. Ал жакта Эшимов деген милициянын башчысы туулган күнүн өткөрүп атыптыр, аны дагы чакырышыптыр, ал бечара баарын таштап, ошол жака келип, биз менен сылык сүйлөшүп атты эле. Бирок сыртта провокация даярдалып туруптур, ал жакта 30га жакын ичип алган жаш балдарды, ажаан аялдарды даярдап коюштуптур. Түндө эч нерсе көрүнбөйт. Ошонун ичинен мен былтыркы жумуртка менен урган аялдарды тааныдым ошол замат эле. Куртка кийимиш болуп бетин жабат. Биз кирели десек, милиция ал жака киргизбейт. Эшимов келип бизди киргизди. Өрт чыгып кетпесин деп, биз депутаттык машине менен баратсак ичип алган балдар аркабыздан кубалашты. Менин ичим ачышып баратат, Өмүрбекке келдик эле, бошоталбай кетип баратабыз деп. Кудай жалгап биздин Кубан Өмүрбекти чыгарып кетиптир. Бизге телефон чалды саат төрттө. Эртең менен сегизге штабга келсек, штабда Түптөгү жолугушууну кантип жасайбыз деп атсак, эшикте дарбазаны лом менен такылдатып жатып, киришти.

“Азаттык”: - Бул жеке үй беле?

Роза Отунбаева: - Жеке үй болчу. Короодо толо жүздөй ар кыл адамдар, милицияда каттоодо тургандар, ичкичтер, ыраматылык Докем айтып кеткен “ОБОНчулар” толо. Эшикти лом, балта менен талкалап кирип баратышты. Анан биз чыктык. Чыксак, эмнелерди гана айтып атышат.

“Азаттык”: - Жалпысынан көлдө болгон окуяларды жыйынтыктап айтканда сиз кандай ойдосуз, элдер өзгөрүүлөрдү күтүп атабы?

Роза Отунбаева: - Ошол жерге бир ардагер аксакал келиптир бизди тыюуга, кеткиле деп. Бирок абдан сылык формада айтты, Роза сени тааныйбыз, сен жакшысың, айланайын түштүк жагы менен кеткиле, бул жак кооптуу деди. Анан жаныма бир жаш жигит келип айтып калды, “эже, бизди калпты айтып чогултушту эле, жаштар комитетиненбиз. Бирок биз силер мененбиз, негизи Көлдүн эли силер менен, ушул жерде ызаланып турабыз”, - деп айтты ал. Биз көрдүк жакшы, Атамбаевге кол чогултуп атканда деле элдин баары тынч, коркпой, үркпөй эле өздөрүнүн колун берип атышты.

Өмүрбек Текебаев: Жакын арада чоң-чоң акцияларды баштайбыз

“Азаттык”: - Кечээтен бери эмне окуя болду. Сиздин өзүңүздү кармаштыбы, камаштыбы?

Өмүрбек Текебаев: - Кечээ чоң колонна болуп кетип атканбыз. Түптүн кире беришинде, Балбак баатырдын күмбөзүнүн жанында 30-40 машина милиция, МАИ, чиновниктер турушкан. Машиналарды кармап текшеришти. Машиналардын документтери тура эмес деп Таластан келаткан эки автобусту кармап, унаа токтоочу жайга алып барышты. Ошол жерден провокация болуп, ары-бери түртүшүп, Таластын делегациясын милицияга алып кетишти. Мени узатып жүргөн балдардын машинасынын документи туура эмес деп алып, алар Бишкекке кеткенге мажбур болду. Мен “атамекенчилердин” башка машинасында ууру жолдор менен жүрүп Караколго өтүп бардым. Бизди Ак-Суу районунда Үч-Кайнар айылында биздин тарапкелер тосуп турушкан экен, ал жерде 50дөй аксакал, 40тай жаш адамдар күтүп отурушкан экен. Үйдө дасторкон салына электе бир адам басып келип, аман-эсениңизде бул жерден чыгып кетиңиз, бул жерде отурганыңыз болбойт деди. Аксакалдар жок дегенге нан, тамак ооз тийип калалы деп, араң суранып, тамактарын жеп, эми үйгө аман-эсен жетсек болду деп чочуп, бизди таштап кетишти баары. Бастырып келип, кетпесеңер чатак, сыртта 20-30 адам турат, талкалайт, өлтүрөт, мен жооп бералбайм деп райондук кеңештин төрагасы, айылдык өкмөт, дагы бир ченовник сымал адамдар, спортсмен сымалдуу адамдар келип, бир сааттай ошол жерде биз менен талашып-тартышып отурду. Сыртта бир топ аялдар даярдалган экен.

“Азаттык”: -Саат канчаларда болду бул окуя?

Өмүрбек Текебаев: - Бул түнкү саат бирлерде болуп отурат. Анан үй ээлерин да коркутту. Ал жактан башка өзүбүздүн партиялаштарга кетели деп чыксак, биз чыкканда эле милиция күтүп туруптур, тосту, биз антитеррористтик план боюнча иштеп атабыз дешти.

“Азаттык”: -Кайсы айылда?

Өмүрбек Текебаев: - Үч-Кайнар айылында. Биздин алып келди, бирок эч кандай күнөө кое алышкан жок. Машинаңар милициянын сигналына токтобоптур дешти. Азыр кое беребиз дешти. Бирок алардын максаты түшүнүктүү болуп калды. Сыртта 30-40 ичип алган провокаторлор турган. Машиналардын баарын алып коюп, жөө сыртка чыгарып жиберип, алардын таламайына калтырып, анан кайра жансоогалап милицияга кирип, алар машинага салып Бишкекке узатып чыгарып коебуз деген планы бар экен. Жогорку Кеңештин депутаты Кубан экөөбүз тосмо аркылуу өтүп, башка үйгө кеттик. Түнү менен издеп, эртең менен бизди Каракол шаарындагы штабдан табышты. Бир полковник атайын издеп келди.

“Азаттык”: - Ал штаб партияныкыбы, же оппозициянын штабыбы?

Өмүрбек Текебаев: - Оппозициянын штабы, Атамбаевдин штабы. Дарбазаны, эшиктерди талкалап кирип, жаңжал салып, ал жакта мэр, шаардык милициянын начальниги, облустун губернатору келди. Провокаторлорду өздөрү даярдап, аларды кармаган жок, тоскоолдук кылган жок, тескерисинче, барып жаңжал салып, чатак кылгыла дешкен.

“Азаттык”: - Сиздер, оппозиция лидерлери башында айттыңыздар эле, Түптө чоң жыйын, курултай болот деп. Бирок биз Түпкө жеткен жокпуз, журналисттер тобу Балыкчыдан кайттык. Сиздер максатыңыздарга жеттик деп ойлойсуздарбы?

Өмүрбек Текебаев: - Биз максатыбызга жеткенибиз жок. Эки чоң максатыбыз бар эле. Эгер бүгүнкү бийликтин жүзүн ачып көргөзөбүз десек, криминалдык методдорду булар түздөн-түз бийлигин сактап калыш үчүн күрөшүп жатканын көргөзөбүз десек, биз максатыбызга жеттик. Көптөгөн көлдүктөр эки күндөн бери жол тосулуп, чаң-тополоң болуп атат, бул жөнүндө укту. ММКлар аркылуу бүткүл Кыргызстан угат. Бул планга жеттик. Ал эми уюштуруу жагынан, уюштуруу жөндөмүбүздү, элдин биримдигин көргөзүп, аларга шык берип чоң иш чара өткөрөбүз дедик эле. Тилекке каршы ал болбой калды. Бирок биз жакынкы аралардын ичинде башкача формаларын таап, бул максатыбызга жетебиз. Дооронбек Садырбаев былтыр келип, ушундай жаңжалдан кийин кетип, тез эле өтүп кетти. Биз кечээ эле анын жылдыгын белгиледик. Ал карыганбы, чарчаганбы, барып аялына нааразы болгон экен. “Мага демектен көлдүктөр, көлүн, жерин кашыктап эмес, чөмүчтөп сатсын, алар эл эмес экен” деп ушундай таарынып кеткен экен. Бирок биз антип таарынып кеталбайбыз, биз жашпыз, чарчаганыбыз жок, биз күрөшөбүз, көлдүк патриоттор бизди күтүп турат. Ал эми жакынкы күндөрү биз чоң-чоң акцияларыбызды баштайбыз.

“Азаттык”: - Башка облустарда дагы белгиленип ататбы, пландар барбы?

Өмүрбек Текебаев: - Курултай формасында эмес, шайлоо алдыдагы кампания катары иш чаралар болот, анткени шайлоо дагы башталып калды.

“Азаттык”: - Рахмат.


БЭКти Ысык-Көлдөн басмырлап кууп чыгышты

XS
SM
MD
LG