Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:58

БЭК “Элдик кеңешти” эмнеге бөлүп салды?


Бириккен элдик кыймылдын саясий бюросу кечээги жыйынында катарынан “Элдик кеңеш” кыймылын өз катарынан чыгаруу чечимин кабыл алды. Анын чоо-жайын “Элдик кеңештин” төрагасы Мукар Чолпонбаев “Азаттыктын” таңкы түз обосунда айтып берди.

- БЭК “Элдик кеңешти” катарынан чыгарып жатып сиздерди кыймылдын келишимдерин бузду, ич ара ынтымакка шек келтирди деп айыптады. Мукар мырза айтсаңыз, мындай ажырым эмнеден келип чыкты?

- БЭКтин аракеттерине зыян келтирели, андай-мындай кылалы деген эч кандай ой жок. “Элдик кеңеш” кыймылы 2006-жылы түзүлүп, азыр өзүнүн ишин жандандырып аткан жаңы оппозициялык уюм болуп эсептелет. Биз БЭКтин структурасынын туура эмес экенин айтып чыктык жыйында. Анын туура эместиги мындай болуп жатат, БЭКтин эң жогорку уюму болуп анын бюросу эсептелет, андан кийин ага жардам бергени Улуттук кеңеш деп эсептелет. Кыскасын айканда Улуттук кеңеш 100 кишиден турганы менен 15 кишиден турган бюронун чечимдерин бүт баарын өзү аткарат да, Улуттук кеңеш аларга кеңеш гана айта турган жардамчы орган сыяктуу болуп калган.

Ал эми Улуттук кеңеш бүт саясий партиялардан, коомдук уюмдардан өкүлдөр, коомдук-саясий ишмерлер кире турган чоң уюм өзүнчө. Ал эми бюро мүчөлүгүнө саясий партиялардын жетекчилеринен кирет, анан ошол саясий партиядан бюронун мүчөсүндө азыр 15 киши бар эле. Анын сегизи эки гана партиядан болуп, 2 партиянын жетекчисинин диктатурасы гана орноп калды, ошонун экөөнүн кимиси кандай айтса бүт бюро, андан кийин Улуттук кеңеш, ошол аркылуу бүт Бириккен элдик кыймыл эки кишинин гана айтканына баш ийип калат деп, андан көрө биз Улуттук кеңештин укугун кеңейтип демократияны калыбына келтирели, антпесек биздин БЭКтин азыркы бийликтен, “Ак жол” партиясынан, ал жердеги бир адамдын диктатурасынан эмне айырмасы бар деп айтсак, “Элдик кеңеш” нааразы болуп атышат, бизди бузуп атасыңар, бизден кеткиле дегендей айла кылып атат.

- Сиз БЭКтин мурунку жыйынында бийлик уюштуруп жаткан Ынтымак курултайына баруу керектигин айтып чыктыңыз эле?

- Биз айтканбыз, 17синде Элдик курултай өткөрөлү, Бакиевдин курултайынан мурда өткөрөлү да, Элдик курултайда Бакиевдин курултайына келген делегаттардын, Бакиевдин алдында бүгүнкү күндө чечилбей аткан маселелерди чечкиле деп айталы. Эгерде ошол Бакиевдин курултайына элдин өкүлүмүн деп келе турган делегаттар элдин атынан сүйлөй турган болсо, анда биздин талаптарды колдосун, эгерде элдин талаптарын колдой албаган дүжүр боло турган болсо, анда Бакиевдин саясатын колдоп берсин деп айткан болчубуз.

- БЭКтин курамынан чыгып калгандан кийин оппозициянын Элдик курултайына барасыздарбы?

- Биз өз алдыбызча барабыз, Элдик курултай баарына тиешелүү болгондон кийин бул жерде азыр аны БЭК өткөрүп аткан жери жок, жалпы баардык масса катышып аткандыктан, атайын координациялык кеңеш уюштурулуп, анын башында Роза Отунбаева турат. Ошондуктан биз Роза Отунбаева менен жалпы курултайды өткөрүүгө толук катышабыз.

-Андан кийин 23-мартта бийликтин Ынтымак курултайына катышасыздарбы?

- 23-марттагы Бакиев уюштуруп аткан курултайга биз барбайбыз. Анткени эч качан элдин кызыкчылыгын коргой турган чечим кабыл албай тургандыгын толук билебиз.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG