Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:56

Президент оппозиция менен сүйлөшүүгө даярдыгын дагы бир жолу белгиледи


Президент Курманбек Бакиев ишембилик учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.
Президент Курманбек Бакиев ишембилик учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.

Өлкө башчысы бүгүнкү ишембилик учурунда журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берип жатып, өзүнүн саламаттыгына байланышкан айың кептерди четке какты. Ошондой эле оппозиция менен сүйлөшүүгө даярдыгын дагы бир жолу белгиледи. Бирок оппозиция өкүлдөрү ага ишенбестигин айтууда.

Президенттик администрациянын бардык кызматкерлери бүгүн Чүйдүн төрт районуна бөлүнүп, көчөт отургузушту. Ал эми өлкө башчысы Курманбек Бакиев Токмок шаарынын четиндеги “Кыргоол” аңчылык чарбасында болду. Ишембилик учурунда өлкө башчысы журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди.

УТРКнын "Ала-Тоо" маалымат программасынын кабарчысынын "оппозициянын жакындагы митингинен кандай жыйынтык чыгардыңыз, дегеле алдыда бийлик менен оппозициянын мындан аркы сүйлөшүүлөрү кандай жүрөт? - деген суроосуна президент мындайча жооп узатты:


- Азыр 2005, же 2007-жыл эмес, азыр 2009-жыл. Демек айрыкча акыркы эки жылдын ичинде көп өзгөрүүлөр болду, эл түшүнүп калды, көчөгө чыгып кыйкырып маселе чечкен бул туура эмес жана натыйжалуу эмес экендигин түшүндү. Ошондуктан мен ойлойм, эл колдогон жок. Бул аралыкта жолдор оңдолуп, токтоп калган ишканалар иштеп, эмгек акылар көбөйүп, ГЭСтер курулду, мунун баарын эл көрүп турат да. Ал эми оппозиция 24-мартта сүйлөшүүгө келген жок. Мен буга чейин деле айтып келгем, оппозициянын кайсыл өкүлү болбосун келсин, мен сүйлөшүп, талаптарын угууга даярмын.

Ошол эле учурда оппозиция өкүлдөрү президенттин бул сөзүнө кошула бербейт. Маселен Бириккен элдик кыймылдын башында турган саясатчылардын бири Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” бул жөн гана айтылган сөз экенин, президент оппозиция лидерлеринин бир дагы талабына көңүл бурбай келе жатат деп билдирди:

- Курманбек Бакиев калпка аябай үйрөнүп алды. Себеби ушул жылдын 10-мартында БЭКтин мүчөлөрү сүйлөшүүгө барган. Анда оппозиция лидерлерине болгон куугунтукту токтоттуу керек деп талап койгонбуз. Бирок ал куугунтукту тескерисинче өтө күчөтүп атат. Анын сүйлөшүүлөргө барам деген сөзү карандай эле калп.

Соңку убакта коомчулукта өлкө башчысынын саламаттыгы тууралуу да ар кандай кептер болуп жатканы белгилүү. А түгүл өткөн айда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны учурунда да өлкө башчысынын ден соолугуна байланышкан ар кандай түкшүмөл-жоромолдор айтылган. Өзгөчө Президенттик шайлоонун алдында коомчулук анын ден соолугуна байланышкан имиш кептердин кучагында турат.

"Азаттыктын" кабарчысынын ушул өңүттөгү суроосуна президент өзүнүн ден соолугуна байланышкан айың кептердин чындыкка эч кандай жакындашпагандыгын билдирди.

- Менин ден соолугум абдан жакшы. Күнүгө эртең менен бир саат, 6 жарымдан 7 жарымга чейин спорттук көнүгүү жасайм. Жөн гана басып жүрбөй, тердегенге чейин көнүүгүлөрдү кылам, демек ден соолук жакшы болгон үчүн ошондой кылып атам. Же оорулуу адамга окшоп турамбы мен? Германияга барып муундарды дарылап келгенбиз. Бүттү, андан башка проболема жок эч кандай.

Президент журналисттер менен


Ишембиликтин соңунда президент журналисттер менен дасторкон үстүндө эркин баарлашып, жеке жашоосундагы кызыктуу окуялардан айтып бергенге да үлгүрдү.






XS
SM
MD
LG