Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:47

Алайда ачкачылык жарыялагандардын саны 12ге жетти


Алайда буга чейин ачкачылык жарыялаган Исмаил Исаковдун тарапкерлерине бүгүн дагы сегиз аял кошулуп, алардын жалпы саны 12ге жетти. Ачкачылык жарыялагандар баштарына ак тасма байланып, И. Исаков бошотулмайынча наар албайбыз деп чыгышты.

Мындан сырткары Исмаил Исаковдун жакындары, жыйырмадай киши бензин куюлган бөтөлкөлөрдү жанына алып, өзүн-өрттөөгө даярдык көрүшүүдө. Алар жергиликтүү бийлик башчылары алардын талаптарын аткара албашына нааразы болушууда.

Сопу-Коргондогу нааразылык иш-чарасы өтүп жаткан жерде 100гө чукул милиция кызматкерлери түнү менен кетпей, акция өтүп жаткан жерди кайтарып чыкты. Мындан тышкары айрым милиция кызматкерлери үймө-үй кыдырып, нааразылык акциясына катышкан адамдарга “мыйзам бузуп жаткандыгын” эскерип кетишкен. Бул тууралуу Сопу-Коргондо жүргөн кабарчыбыз Жанарбек Акаев кабарлады.

Саясий камактагыларды бошотуу талабы менен Бишкекте башталган ачкачылык акциясы да уланып жатат. Иш-чаранын демилгечиси Т. Тургуналиевдин “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча Сейил Кыштобаеванын кан басымы көтөрүлүп кеткенине байланыштуу дарыгер-кардиолог Т. Балтабаевдин сунушу менен ачкачылыкты токтотуп, үйүнө кеткен. Ачкачылык жарыялагандардын катарына бүгүн 10-киши – Кара-Суу районунун тургуну Алима Турганбаева кошулду.

Т. Тургуналиевдин айтуусунда азырынча саламаттыкты сактоо министрлиги акциянын катышуучуларынын абалы менен тааныша элек. Ачкачылык жарыялагандар өздөрүнүн ден соолугуна көзөмөл кылуусун өтүнүп, саламаттыкты сактоо министрлигине кат менен кайрылган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги буга байланыштуу жообун бере элек.

XS
SM
MD
LG