Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:26

Жаңжалдын жабуусу сыйрылабы?


“Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Камчыбек Ташиевдин үйүндө болгон жаңжал боюнча текшерүү жүрүп жатат. Аскер прокурору бул окуяны саясатташтырбоого чакырууда.

Башкы прокурордун орун басары, аскер прокурору Айбек Турганбаев окуя толук текшерилмейинче аны саясатташтырбоо керектигин "Азаттыкка" сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Ал арада “Ата-Журт” партиясынын тарапкерлери Улуттук коопсуздук кызматтын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин кызматтан кетишин талап кылып, Бишкекте чогулганга үлгүрүштү.

Айбек Турганбаевдин маалымдашынча, бул окуя боюнча азыр кылмыш иши козголо элек. Мыйзам боюнча окуяны толук иликтеп-текшергенге үч күн убакыт бар. Эгер дагы кошумча убакыт талап кылынса текшерүү баш-аягы он күндүн ичинде аяктайт:

- 17.30дан баштап түнкү онго чейин окуя болгон жерди кароо жүргүзүлдү. Азыр мезгилде текшерүү жүргүзүлүп жатат. Текшерүүнүн жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Жазык-процессуалдык кодексинин 156-беренесинин негизинде процессуалдык чечим кабыл алганга толук негиз табылат.


Аскер прокурору окуяны азыр эртелеп саясатташтырбоо керектигин баса белгиледи. Улуттук коопсуздук кызматынын кызматкерлери ошол окуя болгон жерде башка иштер менен жүргөнүн маалымдады:

- Кыймыл-аракетти мыйзам чегинде караш керек. Бул кыймыл-аракет мыйзамга ылайык болгонбу, анын натыйжасында кылмыш иши барбы же жокпу деп аныкташ керек. Болгон нерсеге саясий баа берип, саясий боек бербешибиз керек. Бүгүнкү күндө ошол жерде болгон кызматкерлер, ошондой эле аскерий эмес адамдардын саны тууралуу ар кандай туура эмес маалымат айтылып жатат. Мен сиздерге ошончолук көп сандагы кызматкерлер болгон эместигин айтып коеюн. Бар болгону Улуттук коопсуздук кызматынын 4-5 кызматкери гана болгон. Биздин сураганыбызга ылайык, ал жерде Ташиевге тиешеси жок, таптакыр башка мүнөздөгү оперативдүү иш-аракеттер жүргүзүлүп жаткан. Биз Улуттук коопсуздук кызматына өздөрүнүн кызматтык иликтөөсүн жүргүзүүнү тапшырдык. Ал иликтөө материалдарынын негизинде биз кызматкерлердин да, аскерий эмес адамдардын иш-аракетине укуктук баа беребиз,-деди Айбек Турганбаев.

“Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы К. Ташиев үйүндө орун алган жаңжал үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматты айыптап жатат. Аталган партиянын эки миңге чукул тарапкери 24-октябрда Бишкекте чогулуп, УКМКнын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин кызматтан кетишин талап кылышты. Чогулгандарга партия лидерлери келип, мыйзам чегинде иш жүрүшү керектигин айтып аларды тарап кетүүгө чакырды. “Ата-Журттун” теңтөрагасы Акматбек Келдибеков талаптарын президент Роза Отунбаева жөнөтүшкөнүн билдирди:

- Азыр мыйзамдуу түрдө биз өзүбүздүн кайрылуубузду бердик, талапты койдук. Эртең иш мезгилинде Роза Отунбаева Исаковна эмне деп жооп берет, кандай чечим кабыл алат ошондон кийин анан биз өзүбүздүн чечимибизди сиздерге айтабыз. Мен сиздерден суранам, бүгүн тынч таркап, ар кимиңиздер өзүңүздөрдүн ишиңиздер менен алек болуңуздар. Чоң сураныч. Мыйзамды аягына чейин кармайлы.

23-октябрда Камчыбек Ташиевдин Бишкектен анча алыс эмес жердеги үйүндө куралчан он беш чакты адам анын жан сакчылары менен кагылыша кеткен. Жансакчыларга кол көтөргөндөр качып кетүүгө үлгүргөн. Алардын үч тапанчасы жана УКМКнын кызматкерине таандык бир күбөлүк калып калган.

К. Ташиев бул окуяны өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып, анын өмүрүнө кол салуу аракети болду деп билдирип, бул үчүн Коопсуздук кызматын айыптап чыкты. УКМК төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев Камчыбек Ташиевдин баардык дооматын четке кагууда.

XS
SM
MD
LG