Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:31

Таласта оппозиция өкүлдөрүн милиция кармап кетти


Таластагы “Манас-Ордо” комплексинде бүгүн эртең менен оппозициянын бир нече өкүлүн милиция кармап кетти. Алар эл ичинде президенттикке талапкер Алмаз Атамбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн футболкаларды кийип жүрүшкөн. Бул жерде учурда президент Курманбек Бакиев таластыктар менен жолугушуу өткөрүүдө.

Президент Курманбек Бакиев бүгүн Таласка барды. Буга байланыштуу аймакта коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Учурда жолугушуу өтүп жаткан «Манас-Ордо” комплексинде алты миң чамалаш киши чогулду. “Азаттыктын” сурамжылоолоруна караганда алардын басымдуу бөлүгүн мамлекеттик кызматкерлер түзүүдө.
Президент Бакиев таластыктар менен учурашууда

Президент бул жерге бараардын алдында Талас шаардык милициясы “Манас-Ордо” комплексинен БЭКтин облустук лидери Койсун Курманалиева баштаган оппозициянын беш өкүлүн кармап кеткен. Кийинчерээк алардын үчөөнү бошотту. Ал эми Талас райондук милициясы кармап кеткен “Ата Мекен”, “Асаба” партияларынын алты өкүлү бошотула элек. Мындан тышкары комплексте президент Бакиев жолугушуп жаткан элдин арасынан оппозиция өкүлдөрү бирден тышка чыгарылып жатат.

Учурда Койсун Курманалиева баштаган БЭКтин жоон топ өкүлү “Манас-Ордого” кире албай турушат. Аларды тартип коргоо кызматтары Долоно айылынын кире беришинде тосуп, саат 8:30дан кечиккендерге кирүүгө уруксат жок экендигин билдирүүдө.
БЭКтин Таластагы тарапкерлери

Түшкө жуук Талас районуна караштуу Долоно айылынын жанындагы жолдо турган оппозиция тарапкерлерин милиция кызматкерлери кайрадан автоунааларга жүктөп алып кетишти. Милиция тосмого алган бул жерге БЭКтин тарапкерлери президент Бакиев жолугушуу өткөрүп жаткан “Манас-Ордо” комплексине баруу үчүн топтолушкан эле.

XS
SM
MD
LG