Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Ош: Жаштар болочок президентке кызыга баштады


Айрым серепчилердин баамында, өлкөдөгү кыйынчылыктар лидерди эртелеп издөөгө жаштарды аргасыз кылды
Айрым серепчилердин баамында, өлкөдөгү кыйынчылыктар лидерди эртелеп издөөгө жаштарды аргасыз кылды

Ошто студенттер демилгеси менен «Келерки президенттик шайлоодо кимди тандайсыз?», деп сурамжылоо жүргүзүлө баштады. Алар миңдей адамдын пикирин сурап, иликтөө жыйынтыгын коомго жарыялаганы турат.

“Эгерде президенттик шайлоо болсо, кимге добуш бересиз?,-деген суроо менен кайрылган жаштар, шаар элинин тандоосуна он талапкерди сунуштады. Алар - Алмаз Атамбаев, Кубатбек Байболов, Курманбек Бакиев, Бакыт Бешимов, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Текебаев, Исмаил Исаков, Феликс Кулов, Темир Сариев жана Данияр Үсөнов.

Баракчадагы талапкерлер менен таанышкан шаар тургуну Айсалкын, маселен, булардын эч бирине үмүт артпай турганын жашырбады:

-Мен такыр эле башка адамдын президент болушун каалайм. Жаштардан талапкерлер чыкса болмок. Азыркы оппозиция менен бийликтен эч кимге добуш бербейм.

Ал эми Өзгөн районунан келген Кадырбек Айылчыев, таза анан иштей билген саясатчы катары Исмаил Исаковдун президент болгону туура деп эсептейт экен:

-Исаков таза иштейт да. Эки жылда эле армияны оңдоп, абалын жакшыртып койбодубу.

Деген менен сурамжылоого катышкандардын айрымдары, азыркы ажо Курманбек Бакиевди дагы бир мөөнөткө шайланса, жаңылыштык болбойт дешет. Ушундай пикирдеги Батма айым, азыркы президент туура жолду тандаганын айтты.

-Бакиев болгону эле туура. Башкасы дагы өз реформасын жасаганча дагы канча убакыт өтөт?

Шаар тургуну Гүлнура Эшпаева, «Акаев бийлигин» кетирген менен, элдин жашоо деңгээли жакшырбай, айрыкча коррупция, кымбатчылык, жарыксыздык элди кыйнап бүттү, деп нааразы. Гүлнура. Кыргызстанды мындай кыйынчылыктан, билим-тажрыйбасы жетиштүү саясатчы Бакыт Бешимов алып чыгаарына ишеним артат.

-Бакыт Бешимов булганбаган, таза саясатчы деп ойлойм. Билими да жетиштүү. Бизге коррупцияга малынбаган адам президент болуш керек.

Соңку учурда бийликтин түрдүүчө кысымдарына байма-бай кабылып келаткан оппозиция анабашчысы Өмүрбек Текебаевдин түштүктө саясий бедели төмөн деп, бийликчил басылмалар жар салып келишет. Мурдагы президентти да, азыркы президенттин да ишмердүүлүгүн кескин сынга алып келген бул саясатчыны президент болууга татыктуу санагандар да арбындай.

Жаныбек:-Азырынча ишеничтүү саясатчы Текебаев эле калды го.

Бакыт:-Саясий туруктуу, өз позициясы так, улутка лидер болчу бир эле Текебаев бар деп билем. Жебеген, талабаган адам.

Ошентип Кыргызстандын кийинки ажолугуна ат салышчулардын болжолдуу тизмегин жаштар шаар элинин тандоосуна коюп, сурамжылоо аягына чыга элек. Элди аралап, саясий лидерлердин бул аймактагы салмагын аныктап жургон студент Максат Курманов, сурамжылоонун жүрүшүнө токтолду.

-Эл, өзгөчө жаштар келерки президент ким болооруна абдан кызыкдар экен. Он саясатчыны койдук, оппозициядан да, бийликтен да. Сурамжылоодо интеллигенция катмары,мамлекеттик ишканада иштегендер Курманбек Бакиевди көрсөтүп жатышат, а карапайым адамдар, маселен таксисттер оппозиция лидерлерине ыктагандай.

Демилгелүү жаштардын өлкө башкарчу лидерлерди аныктоого талпынып жатканын, жаштардын саясаттагы жигердүүлүгү катары баалагандар арбын. Деген менен өлкөдөгү күн санап күч алган кризис, гүлдөгөн коррупция, айлык акынын аздыгы жана жумушсуздуктун оголе күч алышы жаштардын калың катмарын эмитен улуттук лидер издөөгө аргасыз кылды, дешет кээ бир жергиликтүү талдоочулар.


  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG