Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:15

"Ата Журт" менен "Ата Мекен" каттоодон өттү


БШКдан биринчилерден болуп эки партия - "Ата Журт" жана "Ата Мекен" каттоодон өттү. "Ата Журт" партиясынын тизмесиндеги талапкерлердин катарында кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн адамдардын болгондугу БШКда бир катар талаш туудурду. Бирок БШКнын көпчүлүк мүчөлөрү сот чечими чыкмайынча эч ким күнөлүү деп эсептелбейт деген жүйөөгө таянып, тизмедеги адамдарды толук бекитип беришти.

10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышууну каалап, Борбордук Шайлоо Комиссиясына тиешелүү документтерин тапшырган 29 партиянын экөөсү - "Ата-Журт" жана "Ата Мекен" партияларынын талапкерлери бүгүн каттоодон өттү. Мындай чечим он үч кишиден турган Борбордук Шайлоо Комиссия мүчөлөрүнүн отурумунда кабыл алынды.

«Ата Мекен» партиясынан шайлоого барчу 120 талапкердин ичинде 81 эркек, 39 аял, 33 жаштардын өкүлү жана 23 башка улуттун өкүлдөрү бар. “Ата Журт” партиясынын талапкерлеринин курамына 84 эркек, 36 аял, 28 жаштардын өкүлдөрү жана 18 ар улуттун өкүлдөрү кирген.

Борбордук Шайлоо Комиссиясынын мүчөсү Эрик Ирискулбеков партиялар тиешелүү талаптарга ылайык каттоодон өткөрүлүп жаткандыгын билдирди:

- Партияда 70 пайыздан ашык бир жыныстагы адамдар болбош керек. Мисалы, 70 пайызы эркектер, 30 пайызы аялдар. Же тескерисинче болушу мүмкүн. Бул биринчи баалуулук. Экинчиси жаштардын баалуулугу. Партияда 35 жашка чейинкилер 15 пайыздан кем болбош керек. Үчүнчүсү болсо партиялардын 15 пайыздан кем эмес бөлүгүн ар кыл улуттагылар түзүшү абзел.

Мындан сырткары партиянын мүчөлөрү 21 жаштан өйдө болушу талапка ылайык жана партия мүчөлөрү сот жообуна тартылбаган болушу абзел. Борбордук Шайлоо Комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов билдиргендей, буга чейин “Ата Мекен” партиясынын төрт мүчөсүнө каршы кылмыш иши козголгон. Бирок бул боюнча соттун чечимдери болгон эмес. “Ата Журт” партиясынан болсо партиянын мүчөлөрү Нариман Түлеев, Фархат Исмаиловго издөө салынган. Партиянын дагы бир мүчөсү Нурлан Сулаймановго каршы кылмыш иши козголуп, кайсы бир чечим чыккан эмес.

Борбордук Шайлоо Комиссиясынын дагы бир мүчөсү Абдымомун Мамараимов билдиргендей, партиялардын кылмыш иши козголуп издөөдө жүргөн мүчөлөрү да депутаттыкка талапкер макамына ээ болушту. Депутаттыкка талапкер адам, кодекске ылайык, сот жобуна тартылбайт:

- Баягы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер деген иммунитети болот. Аны камакка алууга, сот же башка кылмыш жоопкерчилигине тартууга тыюу салынат, ал талапкер болгону үчүн.

Шайлоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Кодексинин 28-беренесинде катталган талапкер шайлоонун жыйынтыгын шайлоо комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялаган күнгө чейин Борбордук Шайлоо Комиссиясынын макулдугу болмоюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылышы, камакка алынышы же сот тартибинде көрүлүүчү административдик жаза чараларына кириптер кылынышы мүмкүн эместиги жазылган эле.

"Ата Журт" партиясынын мүчөсү Нариман Түлеевдин издөөдө болушу Борбордук Шайлоо Комиссиясынын айрым мүчөлөрүндө күмөн суроолорду туудурду. Бул себептерден улам комиссиянын үч мүчөсү аталган партиянын талапкерлерин каттоого каршы деген добуштарын беришти. Ошол эле учурда “Ата Журт” партиясынын өкүлү Александр Мощин соттун чечими чыкмайынча кайсы бир адамды күнөөлүү деп эсептөөгө негиз жок экендигин өз кезегинде билдирди.

Август айынын он бешине чейин шайлоого катышуу ниеттерин элүүдөн ашык партия билдирип, алардын экиден өкүлдөрү каттоодон өткөн. 30-августка чейин партиялар жер-жерлерде курултайларын өткөрүп, партиянын 120 кишиден турган мүчөлөрүнүн тизмесин жана шайлоого катышуу үчүн 500 миң сомдон турган төлөм акыларды бериши керек эле. Белгиленген мөөнөткө чейин 29 партия бул шарттарды аткарып, документтерин тапшырган. 10-сентябрга чейин партиялардын тиешелүү документтери каралып чыгып, парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын анык тизмеси жарыяланмакчы.

XS
SM
MD
LG