Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:05

К. Бакиев: “Оппозиция менен сүйлөшүүгө даярбыз”


Президент Курманбек Бакиев бүгүн Токмок шаарынын жанындагы ишембиликке катышып, ал жерге бак-дарактардын көчөттөрү отургузулду. Президент ишембилик учурунда журналисттердин бир катар суроолоруна жооп берди. “Азаттыктын” кабарчысы соңку убакта коомчулукта президенттин ден соолугуна байланыштуу түрдүү сөздөр айтылып жатканын эске салып, өлкө башчысына саламаттыгы тууралуу суроо узатты.

- Урматтуу президент мырза, коомчулукта сиздин ден соолугуңузга байланыштуу түрдүү сөздөр айтылууда. Ушундан улам жеке өзүңүздүн ден соолугуңуз жөнүндө сурагым келип атат?

- Рахмат. Менин ден-соолугум абдан жакшы. Мен ачык эле айтып койоюн, мен Кудайга миң мертебе ыраазымын мага ушундай жакшы ден-соолук бергени үчүн. Күнүгө эртең менен бир саат, 6 жарымдан 7 жарымга чейин спорттук көнүгүү жасайм. Бир гана күнү жасабайм базар күнү. Жөн гана басып жүрбөй, тердегенге чейин, демек ден-соолук жакшы болгон үчүн жасайсыңбы ошону. Оорулуу адамга окшоп турамбы мен? Мен кээ бир биздеги саясатчыларга айткым келет, өтө эле президенттин ден-соолугуна көңүл бурушуп, “ооруп калыптыр” дешет. Президент деле тирүү адамда. Сиз деле жөтөлөсүзбү анча-мынча шамалдап калганда? Бир-эки жөтөлүп, чүчкүрүп койсо ооруп калыптыр деген, тобо кылдым, билбейм эми...

Дагы бир жолу айтып коеюн, Кудайга ыраазымын. Анча-мынча проблемалар болгон, Германияга барып муундарды дарылап келгенбиз. Бүттү андан башка проболема жок эч кандай. Биринчиден, ар кандай ушак сөздөн алыс болушубуз керек. Ушак сөздөрдүн жаман жагы бар, ушак сөзгө көңүл бурган адам өзү оорулуу болуп калат. Тигинтип атыптыр, минтип атыптыр дегенди такыр укпаш керек андай нерселерди мүмкүнчүлүк болушунча. Менин болсо убактым өтө аз, өзүңөр билесиңер, президенттин кызматы өтө оор, жоопкерчиликтүү кызмат. Ошондуктан ким эмне деди, кандай деди, угуп калам, анча-мынча келгендер ден-соолугуңуз кандай дейт. Мен ойлойм, бул ар бир маданияттуу адам бири-бирин көргөндө саламатсыңбы, ден-соолугуң жакшыбы деп сурашабыз да. Ошол багытта эле болсо керек дейм. Мен өзүмдү абдан жакшы сезем.

Ошондой эле президенттин УТРКнын "Ала-Тоо" программасынын кабарчысынын суроосуна жообу мындайча болду.

- Жакында эле оппозициянын митинги болуп өттү. Мына ушул митингден кандай жыйынтык чыгардыңыз, дегеле алдыда бийлик менен оппозициянын мындан аркы сүйлөшүүлөрү кандай жүрөт?

- Өткөн митингдер эмнени көрсөттү? Эл ачык айтканда көп нерсени түшүнүп калды. Азыр 2005, же 2007-жыл эмес, азыр 2009-жыл. Демек айрыкча акыркы эки жылдын ичинде көп өзгөрүүлөр болду, эл түшүнүп калды, көчөгө чыгып кыйкырып маселе чечкен бул туура эмес, натыйжалуу эмес экендигин эл түшүндү. Ошондуктан мен ойлойм эл колдогон жок. Эл тараза деп бекеринен айтпайт, акыркы 4 жылда жасалган иштин баардыгын эл көрүп турат. Оңдолуп аткан жолдор, токтоп калган ишканалар иштеп атса, эмгек акылар көбөйүп атса, мектептер курулуп атса, ГЭСтер курулуп атса, көп-көп иштер жасалып атканын, ушунун баарын эл көрүп атпайбы...

Албетте, саясат болгондон кийин саясатчылар бар, бийлик талашууга умтулгандар бар. Анын ар кандай жолу бар. Мен ойлойм, биз мыйзам чегинде, маданияттуу жол менен сүйлөшүп, чечилбеген маселелер болсо ортого коюп дегендей. Оппозиция менен дайыма даярбыз биз сүйлөшкөнгө. Өткөндө эле айтпадым беле, суроолоруңарды бергиле деп, беришти, 24-мартта биз жолугушубуз керек эле. Тилекке каршы, алар барбайбыз деп айтты. Барбаса анан эмне кылыш керек, булар менен мен көчөгө чыгып сүйлөшүшүм керекпи?

Ошондуктан биз даярбыз, дайым сүйлөшүп келгенбиз. Бирок мен ачык айтып коюшум керек, мындан 2-3 жыл мурун мен митингдерге чыгып жүргөм, анда мезгил башка болчу, анда абал ошондой эле чыгыш керек эле, сүйлөшүш керек эле. Азыр абал башка. Ошондуктан азыр бийлик менен сүйлөшөм деген кандай гана оппозиционер болбосун, келсин, талабын айтсын, эмнеге каршы, эмнени сунуш кылат, сүлөшөлү, башка жол жок эч кандай.

XS
SM
MD
LG