Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:16

Бакиевге арыз-арманын айта албай четте калгандар


«Ак жол» партиясынын лидери, бир эле учурда мамлекет башчысы, ошондой эле президентикке талапкер Курманбек Бакиев Ошто борбордук аянтта шайлоочулары менен кезигишти. Атайы арыз-арманын айтуу үчүн атайы жолугушууга келген айрым жарандар талапкерге жолотулган жок. Иш-чарага абай салган оппозиция өкүлдөрү президенттик жарышта теңчилик болбой жатканына нааразы болушту.

Ошто эл алдында сүйлөгөн сөзүндө Курманбек Бакиев Жогорку Кеңештин жана Өкмөттүн ийиндеше иштешүүсүнүн натыйжасында акыркы эки жылда өлкөдө өндүрүш ирденип, бардык тармак оожалуу жолуна түшкөндүгүн белгиледи. Жалгыз мисал, банк системасы турукташып, мунун шарапаты менен республикага дүйнөлүк каржы кризисинин кесепети тийген жок.

Оштук шайлоочулар «Ак жол» партиясынын Ош облустук штабы түзгөн тизменин негизинде сүйлөштү. Басымдуулугу Камбар-Ата ГЭСинин курулушун, Кыргызстандын суу байлыктарын пайдалануу маселесинин эл аралык деңгээлде кабыргасынан коюлушун – азыркы бийликтин жетишкендиги сыңары сыпатташты.

Анткени менен борбордук аянтка бир катар шайлоочулар жолотулган жок. Чекеге сүрүлгөндөрдүн айрымдарына микрофон сундук.

Кара-Кулжа районунан караштуу Алайкуу өрөөнүнүн жашоочусу Бүасел Эргешбаева он жылдан бери эки майып кишини багат. Экөөнө Курманбек Бакиевден жардам сурап келген экен.:

-Бакиевге атайын жоолугайын деп келгенмин, эч жолуктурбай алдымды, жолумду тосуп турткүлөп милициялар чыгарып ийишти. Беделине шек келтирген өзүнүн тегерегиндеги чиновниктер. Ошол чиновниктер бут тосуп ошолор артка тартып атат мунун программасын.

Ноокат жергесинен келген Гүлай Кулбаеванын айтымында, жалгыз сиңдиси майып. Ага таандык үйдү райондук сот өлгөн күйөөсүнүн алыскы тууганына ыйгарып жиберген:

-Мен өзүмдүн ишим эмес, бир инвалид оң колу жок сиңдим үчүн келдим. Ушул сиңдими эки жылдан бери соттор улак кылып ойноп мыйзамсыз сүдүрөп азыр оор степенде анемия менен ооруканада жатат. Бакиевге жулунуп, алдынан тосуп берейин десем милициялар тосуп киргизбей койду. Арыз-муңдарыбызды угуп койсо болот эле.

Иш-чарага абай салган серепчилер жолугушууга аймактагы бюджеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлери, ошондой эле студенттер мажбур түрдө катыштырылгандыгын айтышты.

Ал эми Бириккен Элдик кыймылдын өкүлдөрү президентикке талапкерлерге бирдей шарт жаратылбай жатканына нааразылыгын билдиришти. Маселен, «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук төрагасынын орун басары Төлөгөн Келдибаев Курманбек Бакиевдин сапарына байланыштуу экинчи борбордогу бардык ишкана-мекемелер жумушун токтоткондугун билдирди.

XS
SM
MD
LG