Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:59

К. Бакиев олчойгон көрсөткүч менен алдыда келатат


БШКнын автоматтык "Шайлоо" системасынын алдын-ала чыгарылган маалыматтары боюнча Курманбек Бакиев 86 пайыз добуш менен алдыда келатат.

Мамлекеттик “Шайлоо” системасынын акыркы маалыматы боюнча 1499 шайлоо участогунда 23-июлда болуп өткөн добуш берүүнүн жыйынтыгы аныкталды. Ага ылайык К. Бакиев 86,28 % добушка ээ болгон. Бул төрт саат мурдагы көрсөткүчтөн 2,76% аз.

Бириккен оппозициянын талапкери Алмазбек Атамбаев 7,4%, “Ак шумкар” саясий партиясынын төрагасы Темир Сариев 2,35%, доктор Жеңишбек Назаралиев 0,48%, Токтайым Үмөталиева 0,38%, ал эми “Жоомарт” патриоттук кыймылынын жетекчиси Нурлан Мотуев 0,3% добушка ээ болушкан. Бардык талапкерлерге каршы 1, 92% добуш берилген.

23-июлда болуп өткөн президенттик шайлоону эки талапкер: Алмазбек Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиев легитимсиз деп таанып, добуш берүү күнүнүн экинчи жарымында өзүнүн байкоочуларын шайлоо участкаларынан чакыртып алышкан.

“Менин тандоомдун мезгили” коомдук бирикмеси 23-июлда өткөн президенттик шайлоо аябай көп мыйзам бузуулар менен коштолду, деп билдирди бүгүн маалымат жыйынында. Алардын белгилөөсү боюнча мыйзам бузуулар талапкерлер А. Атамбаев жана Ж. Назаралиевдин шайлоого катышуудан баш тарткандан кийин массалык түргө айланган.

“Алар шайлоого катышуудан баш тартуу менен шайлоо участкаларындагы өздөрүнүн байкоочуларын, ишенимдүү адамдарын чакыртып алышты, бул болсо мыйзам бузуулардын өтө одоно, массалык түрдө жасалышына алып келди,” деп билдиришти аталган коомдук бирикменин мүчөлөрү. Алар ошондой эле бармакка боек сүртүүнүн алынып салынышы да шайлоонун акыйкатсыздык менен өтүшүн шарттады, деп эсептешет.

ЭНЕМО байкоочулар миссиясы 23-июлда өткөн президенттик шайлоону эл аралык стандарттарга туура келген жок, мындан кийинки шайлоолор эл аралык деңгээлде өтүүсү үчүн Кыргызстанда жаңы мыйзамдарды иштеп чыгуу зарыл, деп белгиледи.

КМШ мамлекеттеринин президенттик шайлоого көз салган байкоочулары шайлоо жалпысынан тынч өттү, деп жыйынтык чыгарышты. КМШ байкоочулары миссиясынын башчысы Евгений Лебедев: “Биз достук таризде келдик. Биздин максатыбыз катачылыктарды издеп, таап аларды элге жарыялоо үчүн келген жокпуз, жардам бергени келдик,” деп билдирди.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG