Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:27

Акыйкат шайлоо: үмүт бар, бирок ишеним солгун


СДПК БШКдан шайлоону таза өткөрүүнү талап кылды. БШК болсо мыйзамдын алкагында шайлоону акыйкат өткөрүү аракетин көрөөрүн билдирди. Бирок серепчилер БШК иш жүзүнө келгенде шайлоонун ачык таза өтүүсүнө кепил болуп бере албастыгын белгилеп жатышат.

Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимов БШКнын төрагасы Дамир Лисовский менен жолугушуп, шайлоо өнөктүгүн жакшыртуу боюнча сунуштарын расмий кат түрүндө тапшырды. Бешимовдун айтымында, БШК шайлоонун таза өтүүсүнө өзүнүн кепилдигин билдирген иш чараларды аткарышы керек:

- Мисалы, БШК 2007-жылкы парламенттик шайлоонун жыйынтыктарын маалымат каражаттары аркылуу элге жарыя кылсын дедик. Мен билем, аны бере албайт. Мындан тышкары, административдик ресурстарды пайдаланбаганга кандай кепилдик бересиздер? УКМК, ИИМдин кызматкерлери байкоочуларга басым жасабасы үчүн кандай чараларды көрөсүңөр деген маселелерди койдук. Анан азыркы күнгө чейинки эле мыйзам бузуулар боюнча бүт документтерди тапшырдык. Чочулоо менен кабыл алды. Эми көрөбүз.

БШКнын мүчөсү Самат Бөрүбаевдин айтымында, мындай кызматташтык сунуштары болгон-болбогон күндө да БШК шайлоо кодексинин негизинде иш алпарат. Шайлоо кодексинде каралбаган иш чараларды аткарууга БШКнын укугу жок:

- Эми 2007-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы жарыяланган. Аны жөн эле айтып жатышат. Анда ЖК депутаттарын шайлоо боюнча бир эле бирдиктүү округ түзүлгөн. Анын жыйынтыгы “Эркин Тоо” гезиттине чыккан. Эми ар бир участка боюнча жарыялаш керек дешет. Азыр 2 жарым миң чөлкөмдүн жыйынтыгын чыгара турган гезиттер деле жок го. Боло элек эле нерсени ушундай болот дегени туура эмес го.

Анткен менен БШКнын төрагасы Дамир Лисовский Бакыт Бешимов менен болгон кечээки жолугушуусун БШК менен оппозициянын кызматташуусунун алгачкы башаты деп атады. Ал мурдагы кемчиликтерди жоюуга аракет болорун билдирди. Жаш саясатчы Мирзат Ажиевдин пикиринде, мындай кызматташууга БШК айрым өзүнүн кызыкчылыктары үчүн гана барып жаткандай:

- Кандайдыр бир деңгээлде жакшы жагы бардыр. Бирок экинчи жагынан, БШК мурдагыдай эле убакыттан пайдаланып: “Ооба, силер менен макулбуз. Биз ошондой кадамдарга барабыз”, - деген гана ойду жаратып жаткандай. Балким бул аракеттердин жыйынтыгы кийинки шайлоолордо билинээр. Азырынча бүдөмүк болуп турат.

Депутат Алишер Мамасалиев БШК акыйкат шайлоого кепил болуп бере алат деп ишенет. Анын баамында, азыр кандай талаш-тартыштар болбосун, баары бир Курманбек Бакиевге теңтайлаш талапкер жок:

- Эми СДПнын БШКга өзүнүн сунуштарын айтканга укугу бар деңизчи. Президенттик шайлоо боюнча алар биринчи Конституциялык сотко кызыкдар болуп кайрылышкан. Конституциянын чечимине баарыбыз баш ийебиз. Ачыгын айтканда, азыр Курманбек Салиевичке альтернатива жок. Бирок атандашуу болушу керек. Ошондуктан оппозиция шайлоого катышышы керек. Ошенткен менен, эл деле көрүп жатат, азыр бизге тынчтык керек.

Саясат таануучу Токтогул Какчекеев Кыргызстанда эгемендүүлук жылдарында болгон шайлоолор тууган урук, арак, акча, аш той менен эле бүтүп келе жаткандыгын белгиледи. Бешимовдун БШК менен кызматташуу аракетин колдой тургандыгын билдирген серепчи “Шайлоо комиссиясы таза шайлоо аракетин көрөбүз дегени менен, иш жүзүндө баары тескери болуп калышы мүмкүн” дейт:

- Мен таза шайлоо болгонун көрө элекмин. Ошентсе да таза шайлоо болооруна тилектешмин. Үмүтүм да бар. Бирок “ким билет” деген сөз оюмдан кетпей жатат.

БШКнын төрагасы Дамир Лисовский бүгүн саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушуусун улантты. Бүгүн Коммунисттик партиянын өкүлү Анаш Сейитказиев менен шайлоого карата камылгалар туурасында сүйлөштү.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG