Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:48

Оппозиция дагы утулабы?


Кыргызстанда оппозиция "Бакиевсиз шайлоо" деген ураан алдында мөөнөтсүз каршылык акцияларын өткөрүүгө даярданууда
Кыргызстанда оппозиция "Бакиевсиз шайлоо" деген ураан алдында мөөнөтсүз каршылык акцияларын өткөрүүгө даярданууда

Бүгүн жарык көргөн орус тилдүү гезиттер алдыдагы шайлоо, дүйнөлүк кризис жана өлкөнүн ага даярдыгы тууралуу жазып чыкты.

“Аргументы и факты в Кыргызстане” гезити саясат иликтөөчү Марат Казакбаевдин “Шайлоонун жыйынтыгы дайын” деген ат менен интервьюсун жарыялады. Анын айрым суроо-жоопторун мисалга тарталы:

Кабарчы:- Шайлоону өткөрүү боюнча оппозиция өткөндө бир катар талаптарды койгон эле. Аны бийлик көңүлгө алар бекен?

М. Казакбаев:- “Бакиевсиз шайлоо” дегендин өзү эле оппозициянын калган талаптарын чийип таштайт. Бийлик алар айткандай кадамдарга барбайт. Анын үстүнө азыркы президенттин Баш мыйзмага ылайык президенттик шайлоого талапкер болуп чыкканга толук укугу бар. Оппозиция буга дейре эле көп нерселерге жетишсе болмок. Эми экинчи же үчүнчү революция деген болбой тургандыгын эбак түшүнүү керек эле. Сыягы оппозиция дагы эле кимди талапкер кыларын чече албай аткан сыяктанат. Ал арада президенттин командасы шайлоо үчүн ишке киришти. Менин оюмча оппозиция лидерликти бири бирине ыраа көрбөй атып, шайлоочулардын бирдиктүү добушунан ажырайт дагы, азыркы президентке утулуп калат.

Кабарчы:- Оппозиция лидерлери эми кандай кылышы керек?

М. Казакбаев:- ... Коррупция, өлөсөл экономика, жакыр турмуш, жогору жак канча какшаганы менен 4 жылдан бери элдин жакшы жакты көздөй өзгөрүүнү сезбегендиги. Акыркы эле маалыматтар боюнча Кыргызстанда 1млн. 829 адамдын кедейчиликте жашары... Мына ушунун баары оппозициянын тегирменине суу куюп, анын пайдасы үчүн иштей турган жагдайлар болуп саналат. Эгер оппозиция чындап эле күчтүү лидерди алып чыгып, элди ошол лидерди сүрөөнгө алууга башын коштура алса жеңишке жеткенге шарт түзүлөт.

Гезит муну менен катар эле финансы-экономикалык кризиси өлкөнүн туризм тармагына да таасирин тийгезгени калганын, акыркы эки-үч жылда жакшырайын деп бараткан бул тармак быйылкы жайда кыйынчылыкка туш болорунсөз кылды. Кыргызстандын ишкерлер Кошунунун туризм боюнча кеңешинин төрагасы Михаил Халитовдун айтымында быйыл Кыргызстанга келүүчү туристтердин агымы аз болушу ыктымал. Биринчи кезекте эс алуучу жайлардын сапаты менен баасын аныктап алуу зарыл. Кымбаттатуу менен гана пайда көрүүгө болот деген ойдон кача турган кез келди.. Маселен эмне үчүн бир туристтин эс алуу чыгымы Өзбекстанда 60 евро да, Кыргызстанда 120 евро? Эс алуучу жайлардын кожоюну мына ушуну ойлонушу керек.

“Дело №...” гезити да шайлоо темасына кайрылып, өткөн жай айларынын биринде өзүн өзү өрттөмөкчү болуп барып токтогон, Кыргызстан патриоттор партиясынын төрагасы Назарбек Нышанов, Маскөөдөгү музыкалык академиядан билим алган, күйөөсү менен Меккеге ажылыккка барып келген скрипач Дамира Өмүркулова жана элге кеңири белгилүү генерал Исмаил Исаков президенттик жарышка түшө тургандыктарын жар салышканын кабарлады.

Баса И. Исаковдун үстүнөн жүрүп жаткан сот иши анын талапкерлигине таасирин тийгизе албайт, анткени ал соттоло элек. Аттары аталган талапкерлердин баары президенттикке өзүн өзү көрсөткөндөр. Эми ар бири күрөөгө 100 миң сом коюп, 50 миң кишинин колун топтошу зарыл болот. Ал эми “Акжол” партиясы эки күндөн кийин өтө турган курултайында президенттикке талапкер кылып Курманбек Бакиевдин атын атй тургандыгын “акжолчу” депутат Ибрагим Жунусов билдирди деп маалымдады. Окурмандарыбыздын эсине сала кетели, БЭК да президенттик жарышка кимди саларын “Акжолдун” талапкеринин аты атлгандан кийин ачыкка чыгарарын айткан.

Гезит ошондой эле “Бакиев бул жолку шайлоого барбайт. Ордуна А. Мадумаровду же Султановду алып чыгат” деп ой жоруган Азимбек Бекназаровдун сөзүн шилтеме кылып, “№1 революционердин” мындай түкшүмөлүн депутат И. Жунусов жокко чыгарганын, президенттин бир кайрылуусунда “мен кезектеги мөөнөтүмдү өтөп бүткөн соң өз мураскериме экономикасы менен социалдык жагдайы жакшырган өлкөнү тапшырып кетем” дегенин айрым бирөөлөр туура эмес түшүнүп алганын, түрдүү ой-жоруулар ушундан улам чыгып атканын кошумчалады. Гезит аягында президенттикке талапкер болуп аттанган жарандардын мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктай турган комиссияны Боршайком бекиткенин да жазып чыкты.
XS
SM
MD
LG