“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити башкы макаласында мындай деп жазды: “Депутаттык ишке келгенде эле артынан “кылмыш дүйнөсү менен аралашып жүргөн” деген атты ээрчите келген 32 жаштагы бул мандемдүү “акжолчу” депутат эч кандай деле өзгөчө ишмерлиги менен айрымаланган эмес. Санжарбек Кадыралиев бир ирет массалык маалымат каражаттарына нааразы болгон; анткени маалымат агенттиктеринин биринин лентасына ыраматылык Дооронбек Садырбаевдин: “Кылмыш дүйнөсүнүнүн №1 аталыгы болгон Санжарбек Кадыралиевге мени жок кылууга буйрук беришиптир” деген билдирүүсү чыгып кеткен. Ошондо же журналисттер жаңылыш жазып алышканы, же маркум Дооронбек жаңылыш айтып алганы белгисиз, кийин Д. Садырбаев Санжарды кылмыш дүйнөсүнүн адамына кошпой тургандыгын парламент трибунасынан жар салган.
Күч органдардагы булактардын биринен алынган маалыматтар боюнча бул өлтүрүүдө “героиндин изи” жатышы ыктымал, Кадыралиевдин өлтүрүлүшү өз ара эсеп-кысаптарынан кутала элек “наркобизнесмендерге” коркунучтуу коңгуроо.
Мындан тышкары Баяман өлтүрүлгөндөн кийин Кадыралиев “мурастап” калган Кара-Суу базарына байланыштуу Баяман Эркинбаевдин шакирттеринин колу болушу да мүмкүн” деген версиялар каралууда” деп баяндайт гезит.
Анан акыркы версияга кыйыр түрдө 2005-жылдын 13-июнунда Оштун “Алай” мейманканасында Баяман Эркинбаев менен Санжарбек Кадыралиевдин “балдарынын” автомат менен атышкандарын мисалга тартат.
“Ошол эле күч органдарындагы булактын билдиргени боюнча жакынкы аралардын ичинде Кыргызстанды уу-дуу кылган дагы бир нече киши өлтүрүүлөр болушу мүмкүн...” деп аяктайт макаласын “МК Кыргызстан”.
“Дело №...” гезити Медет Садыркулов менен Сергей Слепченконун жерге берилишин башкы тема кылып жазып чыкты.
Ушул эле гезит “Кыргызстандын кийинки президенти ким болот?” деген суроонун алдында макала жарыялады. “Акыркы кездери Алмаз Атамбаев жөнүндө кайрадан сөз кыла башташты” деп жазат. “Тилекке каршы Алмаз мырза “ажыдаарды өлтүрөм” деп барып, өкмөттүк күрсүгө олтурары менен өзү ажыдаарга айланып кетти” дейт.
“Ал эми учурдагы 1-вице-премьер Өмүрбек Бабанов да өзүнүн саясый багытын алеки саатта өзгөртүп жибергенге маш ишмерлердин бири экендигин көрсөттү. Бирок бул саясатчы азыр президенттик жарышка түшө турган ниетин билдире элек”.
Гезит андан ары Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Бешимовго токтолот. “... кадыр-баркы, билими жеткилең инсан. Өзүнүн айткан сөздөрүнө туруктуу. Мамлекет башчысы болууга татыктуу адам. Бир гана жери Бешимовду элге дагы жакшылап таанытуу аракети анча жакшылап жасала элек. Ошондуктан бул урматтуу саясатчы мындай күрөшкө дал ушул өңдүү саясый иштерге дасыгып бүткөн саясый технологдор менен адистерди, пиар-мендежерлер менен журналисттерди айланасына топтоп алып аттанышы керек эле” деп кеңеш берет.
Гезит аталган макаласында дагы бир талапкер болууга татыктуу деп Темир Сариевдин атын атайт. Анын айрымдарчылап тигил же бул тарапка ооп жыгылбай, бир калыпта, калбаат келатканын, атын да булгай электигин белгилейт. 2007-жылдын апрелиндеги дүүлүккөн жаштардын арасында жалгыз калган да дал ушул саясатчы Т. Сариев болгонун эске салат. Бирок гезиттин бүтүмү боюнча Сариев өз районунун, ашып эле кетсе өз өрөөнүнүн гана лидери. Демек өлкө элинин жарымын түзгөн Жалал-Абад, Ош, Баткен дубандарындагы электораттардан колдоо табуу жагын ал азырынча кыялданбай койсо да болот.
Макаланын аягында Кыргызстандын кадыр-баркы бар деп эсептелген коомдук ишмерлери бешманжа менен саналарын, кыргыз оппозициясынын айрым өкүлдөрүнүн бийлик менен тил табышып кетиши да эл арасында анын кадырын кыйла кетиргенин, анын үстүнө кыргыздын бүгүнкү кыйнчыкмаларынын аты-жыты Бишкектин айланма жолунан ары ашалбасын айтып келип, президенттикке талапкерлигин койгон белгилүү нарколог-доктор Жеңишбек Назаралиев тууралуу баян кылат. Анын аты дүйнө өлкөлөрүнүн далай жерине белгилүү экендигин эстейт. Орус саясатчылары аны: “Азиянын Уго Чавеси” деп аташарын жазат. Кыргыз үчүн дал ушундай энергиялуу, замандын өңү-түсүн мыкты билген, күчтүү интеллект, харизматикалык инсан эң сонун кызмат кылып бере алат эле деп кеп кылат. Андан да Назаралиевди жаштар колдоп чыгат эле деп кошумчалайт.
“Дело №...” гезити андан ары экс-президент А. Акаев төтүнчү неберелүү, Айдар Акаев уулдуу болгонун, Бишкектин көпчүлүк райондорунда жер участокторуна баа төмөн түшүп кеткенин, Кыргызстанда селсаяк балдардын саны 10 миңге жетип, мындан тышкары 23 миң кабыргасы ката элек жаш балдар үйбүлөсүн багуу үчүн кара жумушта иштээрин, өндүрүшүнүн төмөндөөсү боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинде 1-орунга чыкканын, ал эми дүйнөдөгү эң эле бейтынч, туруксуз өлкө катары да алдыңкы төрт өлкөнүн бири болуп таанылгандагын маалымдады.