Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:42

"Ак терек, көк терек" – ажобузга ким керек?


Жарык көргөн гезиттердин баары президенттин мамлекетти башкаруу системасын реформалоо боюнча кайрылуусун талкууга алышууда.

«Агым» гезити «Акүйдүн айрым аткаминерлеринин маанайы анча эмес, майдалары мындай турсун, ири лөктөрү Данияр Үсөнов, Досбол Нур уулу, Өктөмхан Абдуллаева, Өмүрбек Бабанов, Адахан Мадумаровдун кыртышы эч нерсе сүйбөй турат. Президент админстрациясынын уюштуруу бөлүмү толугу менен жоюлуп, анын иши мамлекеттик кызмат агенттигине өтүшү мүмкүн. Азырынча Данияр Үсөновдун өкмөткө өтүп иштөөсү арсар. Бирок анын орунбасары Каныбек Жороевдин Баткен облусуна губернатор болуу жагы каралып жатыптыр. Досбол Нур уулу менен Өктөмхан Абдуллаева бир топ тепкичке ылдыйласа, Өмүрбек Бабанов транспорт министри болот экен деген кеп бар» деп сөз таратты.

Гезит андан ары Курманбек Бакиевдин депутаттарга кайрылуу сөзүн «Реформаны өзүмдөн баштайм» деген ат менен кыскартып жарыялады. Президенттин кайрылуусуна оюн билдирген мамлекеттик ишмерлердин бири Эсенгул Өмүралиев: «Негизинен бирин-бири кайталаган структураларды жойуу туура. Бирок айрым структуралык өзгөрүү болбосо, андан эч жыйынтык чыкпайт. Президент бийлик менен башкарууну бөлүш керек деп айтып жатат. Ал кандайча бөлүнөт? Ушул жагы ачылган эмес. Эгер президент бийлик болуп, өкмөт башкаруу болсо, экөөнүн ортосундагы байланыш кандай болот?» деген суроолорду койгон.

Ал эми президенттин катчылыгынын өкүлү Султан Жумагулов «Жаңыланууну президент өзүнөн баштады. Демек Акүйдөн башталган жаңылануу жышааны айыл-апага чейин жетет деген ишеним бар. Реформа дегенди көбүбүз жалаң гана кадрдык алмаштыруулар деп түшүнөбүз, албетте алар да маанилүү, бирок ресурстар үчүн кыл чайнашкан заманда оболу сапаттуу башкаруу системасын табуу өтө маанилүү болуп турат. Система өзгөргөн соң, ошого жараша кадрдык саясат өзгөрүлөт» деп түшүндүрдү.

«Назар» гезити «Сиз Курманбек Бакиевдин кайрылуусуна канааттандыңызбы?» деген суроо менен айрым атуулдарга кайрылып, төмөнкүдөй жооп алды.

Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы М. Ниязов: - Муну реформа деп айтууга болбойт. Бул жөн гана биз иштеп жатабыз деген сыяктуу элди алаксытуу. Биздин өлкөнүн акыбалы бүгүн абдан оор, муну эл түшүнүшү керек. Мурдагы 15 мамлекеттин ичинен терең кризиске баткан өлкө бизбиз. Реформа деген элдин колдоосуна ээ болушу керек. Ыплас жол менен келген бийлик легитимдүү эмес.

Саясат иликтөөчү М. Сариев: - Менин божомолумда реформаны ишке ашырууга 6 ай керек дегенине караганда, ал ушул аралыкта көптөгөн иштерди жасап калууга аркеттенүүдө. Анткени Бакиев иштеп атат деген картинаны элге көрсөтүш керек. Кийинки жазда экономикалык жактан Кыргызстанда өтө кыйын кырдаал болушу мүмкүн, ошол кезде элге таянуу менен парламентти таратып жиберет. Бакиев кызматтан кийин дагы өзүнүн ишенимдүү адамдарынын калуусунун камын көрүүдө. Ал Казакстан менен Орусиянын варианттары менен баратат.

Коомдук ишмер Д. Сарыгулов: - Менин оюмча мамлекеттик башкаруу эки шартта гана өзгөрөт. Биринчиси, башкарууга элди тартыш керек, экинчиси бийлик эл алдында тынбай жооп берип турушу зарыл. Президент «Жогорку Курултай жанан кеңешме түзүлөт деп айтты. Эгер анын курамын дагы бийлик түзө турган болсо, анда баягы эле кошоматчылык башталат. Андан тышкары мамкатчылыкты жоюп жатат. Ал бизге керек эле. Мамкатчылык жоюлса, анда эле улуттук идеологиянын өлгөнү ошол.

Аталган гезит «Ата Мекен коркунучта!» деген рубрика алдында публицист Кален Субановдун «Бөтөнзордук кыргыз сомунан башталат» деген макаласын сунуш кылган. Кыргыз мамлекетинде акча күрөшүнүн 2-этабы башталганын жар салган автор улуттук валютанын кыргыз экономикасындагы орду, салмагы, таасири жөнүндө жетиштүү мисалдар аркылуу баяндоо менен: « Ата Журтубузда толук кожоюн болгубуз келсе бир гана нерсени түшүнүүбүз керек – сомдун тышкы акчаларга көз каранды болушун токтотууга тийишпиз. Ошондо гана бөтөнзордукту токтото алабыз» деген ойду айтты.

Гезиттер ортосундагы бүтпөй келаткан кайым-айтышка катышып келаткан башкы редактор Бабырбек Жээнбеков «Мен кимди «талкалап» жатам?» деген макаласында, ал «Эл сөзү» менен «Айат пресс» гезиттерин гана эмес «Пресс kg» гезитин да, жеке адамдардан Рыскелди Момбеков менен Сагынбек Момбековду да сотко бергенин, себеби алар анын ар-намысы менен аброюна жана кесиптик беделине доо кетиргенин айтып чыккан.

Ушул эле суроого бүгүн жарык көргөн «Эл сөзү» гезит аркылуу Жогорку Кеңештин айрым депутаттары менен бейөкмөт уюумунун өкүлү жана белгилүү жазуучу өз ойлорун ортого салды.

Депутат И. Масалиев: - Эсиңиздерде болсо ушул сыяктуу реформалар буга чейин да жарыя кылынган, бирок жыйынтыгы белгисиз бойдон калган. Эгер президент тарабынан көтөрүлгөн маселелер чындап эле ишке ашса, анда өлкөбүздө кулачын кенен жайган коррупциядан аз да болсо арылат элек.

«Адилет» укуктук клиниканын деректири Ч. Жакупова: - Президент туура айтты. Башкаруу системасын өзгөртүү керек. Эми жаңы реформалары да адаттагыдай эле ишке ашпай, кайра эле коррупция баткагына тыгылып кала берсек, президент өзү «2» деген баага татыктуу болот.

Депутат И. Өмүркулов: - Мен дагы эле ишке ашарына ишенбей жатам.

Депутат Ж. Каныметов: - Ишке ашып калса чоң олжо болмок, эгер ишке ашыра албаса, өлкөбүздө башкаруу системасы эч качан оңолбойт.

Жазуучу К. Акматов: - Бакиев экинчи мөөңөттө кандай иштейт , аны убакыт көрсөтөт. «Биринчи мөөнөттө мени тынч иштеткен жок. Эми тынч болот, баарын өзгөртөм» деп жатпайбы. Эң негизгиси баатырдык кылып, үйбүлөлүк башкарууну жое алабы? Кеп ошондо. Жубайы Татьяна Васильевна менен биз Маскөөгө фестивалга барып келдик. Ошондо байкадым, а кишинин андай-мындайы жок, карапайым, чынчыл экени көрүнүп турат. Кептин баары балдары менен туугандарында. Ошолордун жеке кызыкчылыктарын президент жеңе алса ишти алып кетет деген ишеним бар.

Басылма ошону менен бирге эле журналист Абдувахаб Мониевдин «Реформачыл президент неге курултайга кызыкты?» деген мкаласын тартуу кылды. Автор анысында президент бирин-бири кайталаган структуралардын көбөйүп кеткенин, ошон үчүн өз админстрациясын жоюп, өкмөткө өткөрүп берем дегени Акүй үчүн жаңылык болгону менен, бул проблеманы карапайым кыргыздар Акаев заманынан бери эле айтып келгенин, маселен Курултай маселесинин көтөрүлүп келатканына да ошончо жыл болгонун белгилеп, «президент Бакиев курултай идеясын да өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланып калууну ойлоп жатат. Маселен Жогорку Курултай делинип, ага кошоматчы адамдардын тобу тандалып, дайындалат. Анан ошол Курултайдын шылтоосу менен президент эч бир көзөмөлсүз, «ай» дээр ажосу, «кой» дээр кожосу жок накта ханга айланышы мүмкүн» деп жазды.

«Кыргыз туусу» гезити президенттин кайрылуу сөзүн толук жарыялап, ага улай гезит баяндамачысы Папан Дүйшөмбиевдин «Мамлекеттин пайдубалы түптөлдү, эми өнүгөт» деген ат менен кайрылууга үн кошкон макаласын басты. Гезит кабарчысы Нарынкүл Назаралиеванын макаласы «Мектептердеги паракордук, гимн билбеген депутаттар» деп аталат. Марип Тайчабаровдун «Олуттуу маселелер, орундуу жемелер» деген макаласы өкмөттө өткөн кеңешменин отурумунан сөз кылган.

Өкмөт башчысы Игорь Чудинов ошол жыйында сөз сүйлөп: «Конституцияда билим берүү бекер болгондон кийин мамлекетке караган жалпы билим берүүчү мектептерде билим бекер болуш керек. Эмне үчүн ремонтко, китепке акча бөлүнсө да эч бир квитанция бербей туруп ата-энелерден акча алып аткан мектеп деректирлеринин жоопкерчилигин сурабайсыңар? Эмне үчүн 1-класска барган баласы үчүн ата-эне акча төлөшү керек? Менчик мектеп болбогондон кийин акча чогултуу деген токтотулсун!» дегенин мисалга тарткан.

Президенттин кайрылуусуна үн кошкон гезит айрым жарандардын ой-пкирлерин да ортого салган.

ЖК депутаты А. Кабаев: - Реформалардын реалдуу турмушка ашышын камсыз кылсак, жашообуз оңолот.

ЖК депутаты Ч. Абдуллаева: - Бакиев башкаруу системасынын бардык тепкичтерин басып өткөн тажырыйбалуу инсан, анын демилгесин ишке ашыра турган пикирлештери командасында абдан көп.

Саясый серепчи Т. Жумакадыров: - Албетте пландаштырылыган реформаларды жүзөгө ашырууда «кыймылсыз» чиновниктик аппарат тоскоолдук кылышы мүмкүн. Ар бир өзгөрүү мамлекеттик башкаруунун багыттарын камтыгандыктан финансылык ресурстардан баштап кадрдык ресурстарды да талап кылат.
XS
SM
MD
LG