Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:57

Кыргызстандагы окуялар Батыш басма сөз каражаттарында


Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаалг Батыштын басма сөз каражаттары да кылдат байкоо салууда.

“New York Times” гезити Кыргызстандын түштүгүндөгү кырдаал тууралуу кенен баяндап, Убактылуу өкмөт Ош жана Жалал-Абаттагы облустук администрацияларды мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тарапкерлеринен кайтарып алганын маалымдады. Макалада Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева түштүктөгү окуялар үчүн Бакиевди айыптап, мурдагы президенттин кеңешчиси кармалып, ага айып коюлганы айтылат.

Лондондун “Guardian” гезити да бул темага кайрылып, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде Убактылуу өкмөттүн күчтөрү менен Бакиевдин тарапкерлери ортосунда ок атышуу болуп, бери дегенде 37 киши жаракат алып, 2 киши каза тапканын окурмандары менен тең бөлүшөт. Жаңы бийликтин күчтөрү аталган шаарларда көзөмөлдү колго алганы белгиленген макалада Кыргызстанда 7-апрелден бери орун алып келаткан окуяларга орун берилген.

Түркиянын NTVMSNBC каналынын интернет баракчасында “Кыргызстанда казан кайнап жатат” деген тема менен макала жарык көрүп, анда Ош жана Жалал-Абаттагы кагылышуулар тууралуу маалымат берилген. “Бакиевдин уулу Марат Бакиев Убактылуу өкмөттү кетирүү үчүн 1 миллион доллар таратканын Кыргызстандын чалгын кызматы маалымдады” деп айтылган кабарда Бишкекте убактылуу бийликке каршы уюштурулган митингдердин артында мурдагы шаар башчы Нариман Түлеев менен президенттик апараттын мурдагы катчысы Үсөн Сыдыков турганы, Бакиевдин үй-бүлөсү тарабынан каржыланган кишилер кармалганы баяндалат. “Түркиянын Бишкектеги элчилиги өлкөдө жашаган Түркиянын жарандарын кыраакы болууга үндөдү жана митинг болгон жерлерден алыс турууга чакырды” деп жазылат макалада.

“Кыргызстандагы кагылышуулар ички согуш коркунучун пайда кылды” деп жазылат “The Financial Times” гезитинде. Өлкөнүн түштүгүндө Убактылуу өкмөттүн көзөмөлү кайра орнотулганы билдирилген макалада “этностук жана диний экстремизмдин очогу болгон түштүк Кыргызстанда орун алган окуялар бул өлкөдө аскердик базалары болгон Орусия менен АКШга коңгуроо какты” деп айтылат. 13-майда Бакиевдин жактоочулары облустук бийлик имараттарын басып алып, кагылышуулар келип чыкканда ички согуштун бүт Борбор Азияга жайылуу коркунучу пайда болгону белгиленген макалада Орусия Убактылуу өкмөттү өлкөдө абалды турукташтырууга чакырып, Кыргызстандын ички иштерине кийлигишүү болбой турганын билдиргени маалымдалат.
XS
SM
MD
LG