Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

Токтогула!


Бүгүн орус тилдүү гезиттер жарык көрдү.

“Московский комсомолец Кыргызстан” гезити “Фергана.ру” маалымат агенттигинин башкы редактору Даниил Кисловдун баш макаласы менен жаңы санын ачты.

“Ашынган провокация өз максатына жетти: көчөлөр менен маалелерде, көрүнгөн жерлерде кан төгүлүп кетти…

Бул сценарий - жаңылык да, ачылыш да эмес. Бул эзелтеден белгилүү, муну каны суудай төгүлгөн косоволуктар менен босниялыктардын окуу китептеринен окууга болот.

Бул деген этникалык жаңжал эмес, короолош, санаалаш жашаган өзбектер менен кыргыздар өз өлкөсүнөн ашынган ач көздүгү, көр дүйнөгө кутургандыгы үчүн куулуп чыккан хандын колундагы куралга, ошонун бөөдө курмандыгына айланып олтурушат.

Бул хан – Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев, анын кошелогу – уулу Максим, ишенимдүү нөкөрлөрү, бир туугандары Жаныш, Ахмат, Каныбек жана алар менен бир каргыга байлангандар, адам өлтүргөндөр, маңзат менен шугулдангандар, рейдерлик жол аркылуу бирөөлөрдүн таман-акы маңдай теринен тапкандарын зордук жана зомбулук менен тартып алып хан болуп, бек болуп, бий болуп жашап келгендер. Булардын баары бүгүн четке сүрүлүп, айрымдары эл аралык издөөгө алынган. Эми алар өч алгылары келет. Бирок алардын реванш алууга эч кандай мүмкүндүгү жок. Башкача жашагысы келген эл эми эч качан бир Бакиев эмес, миң Бакиев келсе да кабыл албайт. Хан муну түшүнөт. Түшүнгөн менен мойнуна алгысы келбейт. Ал үчүн эл деген эч ким эмес, ал үчүн эл деген жөн эле бир макулук.

Жаналгычтардын жалган тилине алдандыңар… Керемет шаарлар Ош менен Жалал-Абад заматта ширеңкенин кутусундай күйүп кетти.

Айланайын асыл шаарым Ош, мен сенин койнуңда 16 жыл жашабадым беле?

Айланайын кыргыз досторум!

Кагылайын өзбек досторум!

Буга силердин кымындай да күнөөңөр жок! Токтогула?!,-
деп кабыргасы кайышып, каңырыгы түтөп жазды “Фергана.ру” маалымат агенттигинин башкы редактору Даниил Кислов.

“МК Кыргызстан” гезитинин ушул эле бетинде “Мегаком” компаниясынын Ош менен Жалал-Абаддын жашоочуларына жардам берүү үчүн кыргызстандыктарга кайрылуусун, ошону менен бирге эле гуманитардык жардамдарды кабыл ала турган элдүү пункттардын Бишкектеги, Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл, Баткен дубандарындагы даректеринин тизмесин жарыя кылды.

Гезиттин андан аркы беттеринде “Жаңжалдын хроникасы”, улуу-кичүү Бакиевдер жөнүндө сөз болот.

Орусиянын Дмитрий Медведевдин ЖККУнун баш катчысы Николай Бордюжа жана Орусиянын Коопсуздук кеңешинин катчысы Николай Патрушев менен жолугушуусунда Кыргызстандагы абалга чыдоого мүмкүн эместигин, ошондуктан ал жердеги башаламандыкты токтотуу үчүн колдон келгендин баарын жасаш керек, албетте мыйзам чегинде, бирок өтө катуу дегенин кабарлаган.

Гезит Борбор Азия боюнча эксперт, “Время новостей” гезитинин эл аралык баяндамачысы Аркадий Дубновдун “Түштүктөгү окуя - Бакиев шүмшүктөрүнүн реванш алуу үчүн жасаган аракети” деген аталыш менен интервьюсун “Фергана.ру” маалымат агенттигинен көчүрүп сунуш кылган.

Бүгүн жарык көргөн “Дело №…” гезити биринчи эле бетине Убактылуу өкмөт тарабынан Ош облусттук Ички иштер башкармалыгынын начальниги болуп дайындалганына саналуу күн болгон генерал-майор Өмүрбек Субаналиев менен маекти басты.

-Сиз Жамааттык Коопсуздук Келишим уюмунун тынчтыкты сактоочу күчтөрүнүн жардамына муктажсызбы? деген сурооого ал:

-Албетте алар бизге аябай жардам бермек. Эгер каршылашкан тараптар бири бирине ок атышып калса биз аларга курал колдонбой, тынчтыкка чакырып, таратып, ажыратуу менен гана алек болуудабыз. Ал эми бул деген так ошол тынчтыкты сактоочу күчтөрдүн милдети. Эгер Жамааттык Коопсуздук Келишим уюмунун аскери киргизилсе, биздин колубуз бошойт эле да, ишибизди бандиттерди тазалоого жумшамакпыз,-деп жооп берди.

Гезит андан ары “Ата Журт” саясый партиясынын теңтөрагасы Акматбек Келдибековдун “Азыр ким бирөөлөр ким бирөөлөрдөн бийликти тартып алат экен дегендин ордуна өлкөнү жана адамдарды сактап калуу жөнүндө ойлонуу керек” деген аталыштагы интервьюсуна орун берди.

Келдибеков Оштогу окуя кандай өнүгүп, кантип кан төгүлгөнүн айтып келип, бүгүн жаңжал чыккан жерлерде чечкиндүү жана өтө зарыл чараларды көрүү зарылдыгын, карантин киргизилген аймакты бузуп киргендерди токтоосуз атуу керектигин белгилеген. Акматбек андан аркы сөзүндө кечигип болсо да Убактылуу өкмөт туура чечимдерди кабыл алганын, Ош облмилийсасынын начальнигине дайындалган Өмүрбек Субаналиевди милийсалар кубануу менен тосуп алганын, ага өзбеги да, кыргызы да ишенерин, Жалал-Абадга комендант болуп Кубатбек Байболов, анын орун басарлыгына генерал Жамалов дайындалып, Айгүл Рыскулова качкындар маселеси менен иштеп жатканын, Алик Орозов Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына бекитилгенин, мына ушунун баары акыры Убактылуу өкмөт колунан иш келген, чыныгы профессионалдарды ишке тарта баштаганын, бул жагдайды дагы улантуу зарылдыгын кеп кылган.

Мындан кийинки интервью Жамааттык Коопсуздук Келишим уюмунун чукул чакыртылган кеңешмесине катышып келген Коопсуздук Кеңешинин катчысы Алик Орозов менен болгон.

Кеңешмеде аталган уюм тарабынан жаңжалды басуу үчүн Кыргызстан сураган кандай гана жардам болбосун баары: авиация, бронетехника, палатка, атайын каражаттар берилерин, жардам мына-мына келип каларын айткан.

Алик Орозов кабарчынын бир катар суроолоруна жооп берди.

-Сиздин Бакиев жоюп жиберген Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындалышыңыз күтүүсүз болду окшойт?

- Ооба, ошондой болду. Роза Исаковна чакырып алып: “Мен сизди Коопсуздук кеңешинин катчылыгына дайындайм, макул эмессизби, жокпу, аны менен ишим жок, иштейсиз,-деп айтты.

- Бүгүн абал эмнеси менен коркунучтуу деп ойлойсуз?

- Бүгүн өтө көп ушак таратуу жүрүп жатат. Маселен “Өзгөн түп орду менен талкаланып, өрттөнүп кетти” деген сөз жетти. Өзгөндүн комендантына чалсам, карандай калп болуп чыкты. Азыр бардык жерлерге блок-тосмолор коюлган.

Ал эми Жалал-Абаддын коменданты Кубатбек Байболов адам насилинен ажыраган, адам өлтүргөндөн башканы билбей калган, каалаган кишисин улутуна, улуусуна, кичүүсүнө карабай ата берген, Тажикстандан качып кеткен жалданма-жанкечтилердин бир тобу колго түшүрүлгөндүгүн айтты.

-Бул окуя Бишкекте, деги эле өлкөнүн башка жерлеринде кайталанышы мүмкүнбү?

-Жокко чыгарууга болбойт. Тополоң-тос салып аткандар азырынча тирүү. Биз күч органдары кечээ чогулуп, борборду кантип коргоо керектигин сүйлөштүк. Бул үчүн бардык чаралар көрүлүүдө. Эң башкысы – эч кандай ушак-айыңдарга ишенбөө керек, өзүң да ушак таратпашың керек. Ар кандай башаламандык башталарда же согуш болор алдында элди дүрбөтүү үчүн адегенде ушак таратышат. Маселен уу бир кишини өлтүрсө, ушак миң кишини өлтүрөт. Демек бүгүн эл бир да ушакка ишенбеши керек,- деди Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Алик Орозов.
XS
SM
MD
LG