Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Жамандыктан кийин жакшылык келет


Гезиттер эмнелерди жазышты?

“Форум” гезити Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын: “Башыңды көтөр, жакшылыктан үмүт үзбө, алдыга умтул!” деген сөзү менен бүгүнкү санын ачып, Убактылуу өкмөттүн Кыргызстандын элине жана дүйнөлүк коомчулукка кайрылуусун жарыя кылды. “Биз бул оор күндөрдө жалпы улуттук кайгыга кабылдык, бирок Кыргызстандын бардык жарандарынын колдоосу менен кара ниеттиктин жана башка башаламандыктын күчтөрүн жеңип чыгабыз. Жакшынакай келечекке карай жолубуз канчалык кыйын болбосун, биз баарыбыз биримдикте ага жетебиз!” деп айтылат кайрылууда.

Ушул эле гезиттеги баш макала “Согуштан кийин тынчтык келет” деп аталат, макаланын автору журналист Баратбай Аракеев ушу тапта КТР аркылуу жер чечегин безеп сүйлөп аткан айрым адамдарды сынга алып, теле менен радиодон сайрай бербей, тизилип алып Түштүккө барып, элдин анык абалын көрүп келбейби, сөзүн ошол жерден айтпайбы” деп жана: “Кыйын мезгил башка түшкөндө эл бириге калат. Азыр да ошондой. Баары бир ооздон референдумду да, шайлоону да тез арада өткөрүп алалы, биздин башка жолубуз жок деп айтып жатышат. Эл деген эл, айтканын жасайт” деп жазды.

“Кыргыз туусу” гезити “Жамандыкты амандык жеңет”, “Өзгөндүк Асранкул менен өзбек чалдын алма багы”, “Элдин эртеңкисин ойлойлу”, “Москва, Астана Бишкекти колдоп жатат”, “Ынтымагы бар элдин-ырысы артат, ынтымагы жок элдин ырысы качат” деген темалардагы ар түрдүү мазмундагы макалалардын топтомун окурмандарга тартуулады.

“Кыргыз руху” гезитинин кабарчысы Азизбек Келдибековдун “Партиялар парады” белгилүү жети саясатчыны азилге алган.

Гезит ошону менен бирге эле айтылуу маданият ишмери Гүлшайыр Садыбакасова менен маек курган. “Кыз Бурактын” кыздарын БТРга салып тоого качырып жибергенге үлгүргөн кайраттуу айым Ош кантип күйгөнүн, тополоң кантип башталганын кеп салып берген.

- Акылсыз, тарбиясы жок балдар жасады. 20 жылдык демократия бизге ушундай адамдарды тарбиялап берди, ата-эненин акылын укпаган 89-90-жылы төрөлгөн балдар жасап жатышты. Ыйманга, нукура ата-бабалардан келген тарбияны балдарыбызга бере албай, жогору жактан майлуу орун менен папка талашып жүрүп, алардын көкүрөгүнө айбандык сезимдин уюткусун куюп салыптырбыз. Өзбектерде да, кыргыздарда да тарбия жоголгонун көрдүк. Улуунун сөзүн урматтоону билишсе, ата-бабанын арбагын сыйлашса, Кудайдан коркушса мындай бүлүнүү, кан төгүү болбойт эле,-деп каңыргы түтөдү.

-Кыргыз-өзбек аралаш тоо таяна качканы чыныбы?

- Чын, ынтымакта жашаган өзбек-кыргыз айылдары көп кырсыкка кабылбай аман калды. Кыргызга да, өзбекке да жан керек, бейкүнөө адамдар кырылып кетишти. Аябай катуу даярданышыптыр, атуучу куралдан өрттөөчү суюктугун кошо ала келишиптир. Эгерде чындап үчүнчү күчтү табышкан болсо элди кырды-бычак кылбай ачыкка чыгарып, ынтымакка чакырышсын. Болору болду, канга кан, жанга жан дедиртпей тынчтыкты орнотсун.

- Сиз Оштун чок ортосундай жашайсыз, абал турукташтыбы?

- Кудайга шүгүр, абал турукташты, ошентсе да 20 пайыз тынчтык орногону менен 80 пайыз коркунуч бар. Биздин көчөдө 70-80 киши жашайбыз, баарыбызга бир кап ун, 5 килодон кесме беришти. Келген гумжардамды көзөмөлдөгөн адам жок болуп жатат, ушундай кырдаалда жемсөөсүнө куюп жибергендер болууда, атаганат, адам баласынын жүрөгүн уялаган мээрим жоголду.

Гезиттердин катарын бүгүн “Правда” деп аталган жаңы басылма толуктады.

“Силер менен бирге аза кайгыңыздарды тең бөлүшөбүз” деп көңүл айткан жумалык, алгачкы санына Акылбек Жапаровдун “Өлкөнүн өнүгүшү – адамдын өнүгүшү” деген макаласын, генерал Феликс Куловдун “Куру кыялдар менен жашоонун кереги жок!” деген интервьюсун жарыялаган. Гезит кабарчысы Ф. Куловго бир нече суроолор менен кайрылган.

-Эми тополоң өлкөнүн түндүгүндө болот экен деген сөздөр бар, бийлик болсо массалык баш аламандыкка жол берилбейт деп жатат. Карапайым калк кандай кылышы керек?

- Эч кандай дүрбөлөңгө түшүүнүн кереги жок. Мен да көрүп жатам күч органдарынын пландуу жүргүзүп жаткан иштерин. Бирок жарандык жана коомдук кыймылдын өкүлү катары кесиптик деңгээли күчтүү атайын түзүмдөрдүн түзүлүп атканына мен да ишенгим келет. Эгер тынчтыкты сактоочу күчтөр киргизилгенде эл аралык укуктук эрежелерге ылайык бандиттер менен жалданма жанкечтилерди эбак куралсыздандырып салмак. Бандиттерди турган жеринен атып жок кылуу керек. Биз ошондо гана укуктуулукту сактайбыз, ошондо гана элдин ишенимине кирип, мамлекеттик бийликтин бар экенине ишенебиз. Куру кыял менен жубатуунун кереги жок, элге тынчтык жана бейпил жашоо керек.

“Алиби” гезити журналист Заирбек Бактыбаевдин “Түштүк трагедиясы”, Назгүл Мамытованын “Айткандары менен жасаганы айкалышпаган Убактылуу өкмөт же басма сөздү муунтууга силер да өттүңөрбү?”, “Бекназаровго ишенебизби же Байболовгобу?”, “Акмат Бакиев адамдарды акчага наркоман кылып таштаган”, "Батыш үчүн Максим кымбатпы же “Гансиби?” деген макалаларды, кабарларды таратты. Ушул эле “Алиби” гезитине маек курган генерал Феликс Кулов болуп өткөн окуянын башкы күнөөкөрү деп Жаныш Бакиевди эсептеген. Ал эми Кадыржан Батыров элге жакпаган, айрыкча өзбектердин нааразылыгын туудурган реалдуу эмес талаптарды көтөрүп чыккан. Анын артынан ээрчиген айрым фанаттар муну өз амбициялары үчүн колдонгон. Маселен өзбек тилине расмий макам берүү, түштүктүн күч органдарынын жетекчилерин эки улуттун өкүлдөрүнөн теңме-тең коюу талабын көтөргөн.

Генерал Кулов андан ары Кадыржан Батыровдун талабынын баары туура болбогонун, мунун туура эместигин керек болсо өзбектер өздөрү: “Кыргызстанда биз үчүн Өзбекстандагыдан да жакшы шарт түзүлгөн, биздин укугубузду эч ким бузган жок, каалаганыбыздай жашап жатабыз, ашыкча талап коюунун эмне кереги бар эле?” деп айтып жатышканын, Кадыржан Батыров козгоп чыккан маселеге алтургай Өзбекстандын бийлиги да каршы болгондугун далилге алган.

Феликс Кулов сөзүнүн аягында:

- Мындан тышкары Батыров дагы бир чоң ката кетирген. Жалал-Абад мамлекеттик администрацияны бошотуу учурунда “Ата Мекен” партиясынын адамдары менен Батыровдун жактоочулары биригишип, бакиевчилерди кубалашкан. Тейит айылындагы Бакиевдин үйлөрүн, кыргыз желегин өрттөшкөн. Ушул окуядан кийин Жалал-Абаддын стадионунда 8 миң адам чогулуп: “Өзбектер менен ынтымакта жашайбыз, бирок Батыровду камакка алгыла” деген талап коюшкан болучу. Эл Бакиевди колдоо үчүн чыгышкан эмес эле,-деп айтты.
XS
SM
MD
LG