Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Журналисттерди колдогон акция өттү


6-апрелде Бишкекте “Стан ТВ” медиа компаниясынын, “Назар”, “Ачык саясат” гезиттеринин, “Азаттык” үналгысынын күйөрмандары “ Сөз эркиндиги коркунучта” деген нааразылык акциясын уюштурду.

"Алиби" гезитинин жооптуу катчысы Күнболот Момоконовдун айтымында, редакция алдында боз үй тигүүгө милиция, коопсуздук кызматы жана жергиликтүү бийлик каршы болду:

- Милиция сөз эркиндиги боюнча акция өткөрүүгө уруксат бербей жатат. "Алиби" гезитинин имаратынын алдына тартип коргоо органдары боз үй тиккенге уруксат бербей жатат. Эгер боз үй тигилсе күч колдонуп жыйнап, сындырып, талкалап кетүүнү убада кылышты. Коркутуу-үркүтүүлөр болуп, “сыйыңар менен кетип калгыла” деп эскертишти.

Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын жетекчисинин орун басары Талант Шатмановдун айтымында, акцияга чыккандар район акими менен архитекторунан уруксат албай боз үй тиксе чара колдонушат.

- Бул жерге боз үй тигүүгө болбойт. Биринчи май районун акимчилигинен жана архитекторун чакырып, алар бул жер мунципиалдык менчикке таандык аймак деп далилдеп бергендиктен, боз үй тигүүгө болбойт. Ошондуктан акция уюштуруучулары боз үйүн тикпей, жыйнап кетишти.

“Интербилим” коомдук уюмунун жетекчиси Асия Сасыкбаеванын айтымында, учурда бейөкмөт уюмдар да сөз эркиндиги журналисттердин коопсуздугу маселесин көтөрүп, акцияга чыгып жатышат.


- Журналисттерди уруп-сабоо фактысы жылдан жылга өсүп жатат. Мурда жөн гана уруп кетчү болсо, азыр ооруканага жаткыдай деңгээлде сабап жатышат. Ал эмес журналисттерди өлтүргөн да фактылар катталды. Жабыр тарткандар - курч темаларды чагылдырган журналисттер болуп жатат. Бийлик элден чындыкты жаап-жашыруу үчүн эркин гезит, радио, маалымат каражаттарын жаап, сотко чейин сүйрөп жатат. Бир катар эл аралык уюмдарды, дүйнө коомчулугун, мамлекеттерди “Кыргызстанда сөз эркиндигинин абалы жакшы, баары жайында” деп бийлик күн сайын алдап, чындыкты жаап-жашырып жатышат. “Төртүнчү бийликке” болгон мамиле ушундай өңүттө уланып отурса жакынкы жылдары үналгы-сыналгыдан, гезит беттеринен бийликти жактаган бир беткей гана макалаларды көрүүгө болот.

Соңку төрт жыл ичинде өлкөдө бийликти сындап жазган журналисттер түрдүү коркутуп-үркүтүүлөргө кабылышып, ал тургай кол салуу арты өлүм менен аяктаган окуялар, өзгөчө 2009-жылы эки журналисттин киши колдуу каза табышы журналисттер журтчулугун катуу кооптондурган.

Өлкөнүн Карыялар кеңешинин мүчөсү Жолдошбек Токоевдин айтымында, "нааразычылык акцияларына чыккандарга бийлик тарабынан күч колдонулбасын, ок атылбасын" деп аксакалдар бийликке кайрылуу жөнөтүштү.

- Учурда курч, эркин жазган журналисттер үчүн коопсуздук маселеси негизги көйгөйгө айланды. Журналисттерди уруп-сабагандар, атып кеткендердин жазаланбай калышы карыяларды тынсыздандырып жатат. Ошондуктан нааразычылык акцияларына чыккандарга күч колдонулбасын, аларга ок атылбасын деп кайрылуу жөнөттүк.

Жайыл районунан келген 85 жаштагы карыя Жуматай Илимбай уулу да өлкө башчынын чындыкты жашырып, айрым маалымат каражаттарын жаап салганына нааразы экенин “Азаттыкка” билдирди.


- Чындыкты жазган гезиттин баарын жаап жатышат. Баары кымбаттап, жашоо кыйын болуп баратат. Мурда бардыгы арзан болот, эл үчүн иштейм деген ажонун калп айтканы туура эмес.

3-апрелде БУУнун Бишкектеги үйү алдында журналисттер менен укук коргоочулар тобу өлкөдө сөз эркиндиги кысымга кабылганын айтып пикетке чыгышкан.

Ушул айдын башталышында Биринчи май райондук соту “Форум”, "Назар", "Ачык саясат" гезиттерин чыгарууга тыйуу салган.

Бийлик тарап айрым гезиттерди жабылышын, сот процесстеринин жүрүшүн мыйзам чегинде жүрүп жатканын айтып, маалымдап жүрүшөт.

1-апрелде “Стан-ТВ” медиа компаниясынын Бишкектеги кеңсесиндеги компьютерлерди Кыргызстандын каржы полициясы камакка алган.

10-марттан баштап “Азаттыктын” сыналгы программаларын көрсөтүүдөн “Манас жаңырыгы” телекомпаниясы бир жактуу баш тарткан.

11-мартта Бишкекте ОК радиосу шаардыктарга “Азаттыкты” уктурууну токтоткон. 12-мартта мамлекеттик байланыш агенттиги тарабынан кысым болуп жатканын белгилеген “Алмаз-Нарын” үналгысы да “Азаттыктын” берүүлөрүн токтотууга аргасыз болгон. Ушундай эле себептер менен Кызыл-Кыядагы “Роял”, Таластагы “Мост” радиолору “Азаттыкты” уктуруу боюнча түзгөн келишимдерин бир жактуу бузууга аргасыз болушкан.
XS
SM
MD
LG