Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:22

Тилим-дилим: Кыргыз тилин куудулдар өнүктүрүп атат


Кыргыз ырларын, тагыраак айтканда кыргыз тилин эстрада ырчылары бузуп жатат деген ой-пикирлер арбын болгон менен мына ошол эстрада жанрынын бир бөлүгү эсептелген куудулдук өнөрдүн өнөрпоздору кыргыз тилинин жаштар арасында жайылышына жакшы таасир тийгизип аткандыгын айтышат.

Кесиптешим Жазгүл Жамангулова түрмөк үчүн даярдаган баянында мындай дейт.:

- Көрүүчүлөрдүн бир даары кыргыз тамашасын алып чыккан куудулдарга анча алымсынбай, сахнага жеңил-желпи бирдемелер менен чыгып, эптеп эле элди күлдүрүп, акча табуунун оңой жолуна түшүп алды деп сындап келишет. Бирок куудулдардын өздөрү тамашаны айта турган кыргыз тили бүгүн өзү таза болбой, барган сайын ага коңшу өзбек менен казак тили аралашып жатканын айтышат. Белгилүү куудул Борончу Кудайбергенов тилдин минтип “чакчелекей” түшүп жатышынын бир себебин, сахнага чыккандар адабий тилдин алкагынан чыгып кетип, ар кимиси ар кайсыл өрөөндүн чыкса, ар кайсыл “кокту-колоттун” диалектиси менен сүйлөп калганынан көрөт. Куудул Борончу бир ирет сахналаш “досторунун” ушул кемчилигин белгилеп: “Таластан чыкканыңар казакча, түштүктөн чыкканыңар өзбекче сүйлөп, алтургай сахнага коңшу элдин салт-санаасынан бери алып кире баштадыңар, мунуңар тилди да, дилди да талкалайт, бузат” деп беттерине айтканын, бирок ошондой кийин ага телефондон коркутуп-үркүтүүлөр болгонун мисалга тартат.

Ал эми телеканалдын алып баруучусу Нурзат Токтосунова тескерисинче кыргыз тилинде сүйлөө акыркы кездери жаштар арасында “модага” айланганын сүйүнүү менен кеп кылат. Ал:

- Жаштар өз эне тилин чанып калды деген сөздөргө мен каршымын. Жаштар өз тилинин сөзсүз кадырына жетет деп ойлойм. Анткени мен анын далилин куудулдардын “Тамаша шоу” концертинен көрүп жүрөм. Мындай тамаша концерттин көрүүчүлөрүнүн басымдуу бөлүгүн да жаштар түзүүдө. Алтургай шаардык балдар-кыздар да кыргыз тилинде сүйлөгөн сөздөр ксонун угулат экен деп, барган сайын кызыгып жатышат,-дейт.

Кийинки кездери Бишкекте “КВН” же – “Шайыр тапкычтар клубу” аталган жаштардын оюн-зоогу жанданып, кыргыз тилинде өтө баштады. Бул дагы шаардык улан-кыздардын кыргыз тилине кызыгуусуна оң таасирин тийгизип жатканын танууга болбойт.

- Мен өзүм Кыргыз-орус славян университетин окуп бүтүргөм, бирок окуп жүргөндө деле такай кыргызча сүйлөчүмүн. Жолдошторум мага орусча кайрылса да мен кыргызча жооп берчүмүн. Ошондо кыргыз тилин билбегендер да мага чала кыргыз тилинде болсо да кыргызча кайрылууга аргасыз болушчу. Албетте тилди жаштар арасына жайылтууда тамаша оюн-зооктордун пайдасы чоң. Жаштар арасында таланттуулар абдан эле көп. Тилекке каршы аларга көңүл бурулбай жатат,-дейт мына ошол клубдун катышуучуларынын бири Эрмек Нурбаев.

Бир эле куудулдук өнөр эмес, жалпы эле эл шайырларынын концерти кыргыз тилинин өсүп-өнүгүшүнө өзгөчө салым кошору бышык. Мен мындан бир топ жыл мурун, Токтогул атындагы улуттук филармонияда иштеп жүрүп, Асанкул Шаршеновдун тилге байланыштуу тамашаларын далай ирет уккан элем. Анда айтылуу куудулдун эки тамашасына бүгүн бизге анын шакирти, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Келдибек Ниязовдун айтып берүүсү боюнча күбө бололу..

Асанкулдун 1-тамашасы

Асакем келип калды, шашып-ушуп эле: “Жүрү мени менен, военкомат учеттон чыксын” деп чакыртып ийиптир” деп. Мен айттым: “Мен эмнеге барат элем, өзүңүз эле барып чыга бериңиз” десем: “Кокус бирдеме болуп кетсе, үйгө кабарды ким берет, сен бербесең” дейт. “Военкоматтан учеттон чыкканда да бирдеме болчу беле, тамашаңызды коюңузчу”, деп жөнөтүп жибердим. Эртеси келди Келип эле “Ай Келдиш, бери келчи?” дейт.

-Ой, кечээ военкоматка барып учеттен чыгып келдим.. Барсам кичинекей орус кыз олтуруптур, “на запольняй” деп колума көп кагаз карматты. “Дочка, я по русски плохо понимаю, очки у дома остался, чут.-чуть помоги?”десем эле: “Иди, иди, вон туда, отойди, не мешай!” деп эле жанына жакын жолотпой койду. Анан барып үстөлгө олтуруп кагазын карасам: Ф.И.О” деп турат. Оңой эле турбайбы деп, аты-жөнүмдү, туулган жылымды, жашаган жеримди жазып баратсам, “пол” деп турат. Кудай урган немелер турбайбы, бу полду да жазабы деп, анан “биздин пол тактай эмеспи” дедим да, “пол – деревянный” деп жазып туруп, кызга алып бардым. Ал окуп келатып эле “пол” деген жерине келгенде токтоп калып: “чо, чо, чо” деп калды.

-Дочка, у нас пол деревянный! Хороший пол- десем эле орус кыз олтурган жеринен ыкшып күлүп, ар жагы да тыркылдап, бер жагы да тыркылдап, араң эсине келип, анан баштан аяк кайра өзү толтуруп туруп узатып койду,- дейген эле.

Асанкулдун экинчи тамашасы

- Колхоз-совхоздо концерт коюп жүрөбүз дейт. Анда ар бир концерт үчүн наряд толтуртчу. Анда деле азыркыдай иш кагаздарынын баары орус тилинде толтурулчу эмес беле. Кокус кыргызча жазсаң бухгалтерия окубай туруп эле ыргытып жиберчү: “бар, орусча толтуруп кел!” деп. Анан Асакем айтат: “Кой кыркынга концерт бергенден кийин кашайып кой кыркындын орусчасын нарядга эмне деп жазарымды билбей, башым катып, анан орусча билбесем өлүп кетейинби дедим да: “баранный парихмакерский” деп жазып өткөрүп жибердим” дейт. Ошол ошол бойдон өтүп кетти дейт.

-Бирок кийин ошол “баранный парихмакерский” деген бир барак кагаз Москвага кеткенин жакшы билем. Анткени башкы бухгалтер башы кашкайган орус киши эле, кийин Москвага көчүп кетерде: “Мен Кыргызстан жөнүндө эстесем мына ушул Асанкулдун “баранный парихмакерскийи” аркылуу эстейм” деп күлүп, өзү менен кошо ала кеткен эл, эгер ошол орус азыр тирүү болсо Асакемди эстеп жүргөн чыгар,-деп Келдибек аңгемесин аяктады.
XS
SM
MD
LG