Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:18

Барктабасов баштаган митинг


Балыкчыдан келаткан У.Барктабасовдун тарапкерлерин кууп таркатууда бир жеңил унаадан көптөгөн ок-дарылар, Ф-1 маркасындагы граната табылды. Мындай олжо “Nissan Cefiro” маркасындагы S 06 20 M номерлүү унааны текшерүү учурунда колго түштү.

“Азаттыктын” кабарчылары окуя болгон жерден кабарлашкандай, милиция кызматкерлери табылган октор көзгө атарлар колдончу мылтыктарга тиешелүү экендигин айтышкан.

Балыкчыдан Бишкекке келаткан Урмат Барктабасовдун тарапкерлерин Бишкектин кире беришиндеги “Киршелк” бекетинен күч органдары токтотуп калышкан болчу. Кийинчерээк У.Барктабасов менен сүйлөшүүгө барган ырасмий адамдар аны аркасына кайтууга көндүрө алышкан эмес эле.

15:20 ченде У.Барктабасовдун тарапкерлери арасынан күч органдарына таш ыргытылып, чогулгандарды кууп-таркатуу операциясы башталган. Ушул тапта “Киршелк” бекетине эки тараптан тең жакындап келишкен У.Барктабасовдун тарапкерлери толук куулду. “Азаттыктын” кабарчысы окуя болуп аткан жерден билдиргендей, Балыкчыдан келаткандар түшкөн айрым кичи автобустары колго түштү. Сооттолгон аскердик унааларга түшкөн атайын бөлүктүн аскерлери - эл жашаган аймактардан башаламандык уюштургандарды тазалоо үчүн Кемин шаарчасына чейин кыдырып жүрүшөт. Ал эми курултайчыларды баштап келаткан У.Барктабасов өзү тез ылдамдыктагы “жип” унааларынын коштоосунда Балыкчы тарапты көздөй качууга үлгүрдү.

Анын алдында Урмат Барктабасовдун Бишкекке келаткан авто колоннасына Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, президенттин саясий иштер боюнча кеңешчиси Топчубек Тургуналиев барып, У.Барктабасов менен жолугушкан.

Т.Тургуналиев “Азаттыкка” билдиргендей, ал У.Барктабасов менен жарым саатча сүйлөшүп, ага Бишкектеги адамдарын таркатуусу керектигин, Балыкчыдан келаткан адамдарын артка кайтаруусу зарылдыгын түшүндүргөн. Үчүнчү бир күчтөр, чагымчылар ортого кошулуп, Бишкекте башаламандык болуп кетүүсү мүмкүн экендигин айткан.

У.Барктабасов өз кезегинде бийликке үч талап койгон. Биринчи, ал Бишкек шаарындагы тынч маанайдагы курултайына жолтоо болбоону, экинчи, ага карата козголгон кылмыш иштерин бүгүн эле жокко чыгарууну, үчүнчүсү, токтоосуз түрдө аны өлкөнүн премьер-министри кылууну талап кылган.

Т.Тургуналиев болсо анын талаптарын бийликке жеткирерин айтып, бирок анын жок дегенде тергөөгө келип, кылмыш иштери боюнча көрсөтмө берүүсү керектигин билдирген.

“Мекен туу” партиясынын төрагасы Кенжалы Сарымсаков Жогорку Кеңештин жанында өтүүчү курултайга кечээ эле аймактардан делегаттар келишкенин, курултай тынч өткөрүлөрүн, бийликти басып алуу же башаламандык уюштуруу алардын планында жоктугун билдирген.

Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, аталган курултайдын уюштуруучуларынын бийликти тартып алуу сыяктуу пландары билинип калды. К.Дүйшөбаевдин айтымында, азыр милиция, УКМК, прокуратура кызматкерлери мыкты даярдыкта турушат жана Бишкек шаарында башаламандыктарга, талап-тоноочулукка жол беришпейт.

Ал арада “Ата мекен”, “Ак шумкар” жана Социал-демократтар партиялары курултайга карата ыктыярдуу элдик кошуундарды мобилизациялашты. “Ата мекен” партиясынан билдиришкендей, мындай чара “5-августта Бишкекте башаламандык болот, митингдер өтөт” деген сыяктуу кеп-сөздөрдүн көбөйүшүнөн улам жана талап-тоноочулук орун алып кетпесин деген максатта колго алынууда.

Бүгүн Бишкек шаарында күндүзү 1300 милиция кызматкери, түнкүсүн 1300 милиция кызматкери күчөтүлгөн режимде иштеп, аларга 10 миң чакты элдик кошуундардын мүчөлөрү көмөк кылышууда. (IJz)

XS
SM
MD
LG