Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Оппозиция Чүй боорунда да козголду


Бишкекте И. Исаковду коргоо комитети түзүлгөндөн кийин Чүйдө да И. Исаков жана Петровка окуясына байланыштуу камалгандарды боштондукка чыгаруу комитетти түзүлгөн. Аталган комитетке Чүй боорундагы бардык райондордон саясий позициясы активдүү жарандар келип кошулууда.

Мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду коргоо комитети Бишкек шаарында жана Алайда түзүлүп, ачкачылык акциясы башталгандан кийин Чүйдөгү саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү да бир катар иш чараларды көрө баштады. Токмоктогу жергиликтүү лидер Бактыбек Нураалы уулунун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, алгач Чүй- Токмоктогу активдүү тургундардан түзүлгөн топ Алайдагы ачкачылык жарыялап, нааразылык акциясына чыгып жаткандарга кошулууну туура көрүшкөн:

- Биз Алайдагы, Бишкектеги ачкачылык жарыялап жаткандарга кошулабыз. Бирок баралы деген оюбуз ордубуздан чыкпады. Себеби ал жакка жергиликтүү тургундарды тизме менен гана киргизип жатышыптыр. Өлкөдөгү азыркы кырдаал Аксы окуясына окшоп улам курчуп баратат.

Москва районундагы “Ата Мекен” партиясынын мүчөлөрү жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү учурда генерал И. Исаковду жана Петровка башаламандыгынын уюштуруучулары катары сегиз айдан бери камакта жатышкан саясатчы Э. Бөлөкбаев жана укук коргоочулар С. Аргынбаев, У. Рыскуловду боштондукка чыгаруу комитетин түзүштү. Аталган комитеттин төрагасы Абдыкалык Үрүстөмовдун билдиргенине караганда, комитетке Чүйдүн Сокулук, Панфилов, Жайыл райондорунан келип кошулгандар да көп болууда:

- Биз азыр кандай кадамдарга бара турганыбызды сүйлөшүп жатабыз. Негизинен Бишкектеги комитет менен акылдашып иш алып барабыз. Азыр Чүйдүн айылдарындагы тургундар өлкөдөгү соңку кырдаал жөнүндө толук билишпейт. Алар гезиттерди алып окуганга да шарттары болбой жатат. Ошондуктан комитет мүчөлөрү айыл- айылдарды кыдырып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Чүйлүктөрдү нааразылык акцияларына катышууга үндөйбүз.

Чүйдүн Москва районундагы бул комитет мүчөлөрүнүн айылдарды кыдыруу аракеттери келээрки жумадан башталат. Чүй районунун акиминин орун басары Сүйүнбай Майлыбаев өз кезегинде митингдерди өткөрүү тартиби белгиленген атайын мыйзам бар экенин баса белгилеп, каршылык акциясына чыгууга камынган адамдар менен бетме-бет сүйлөшүүгө, алардын аракеттерине мыйзам чегинде жооп берүүгө даяр экендиктерин билдирүүдө.

Айтмакчы, 13- январдан бери Бишкек шаарында генерал Исмаил Исаковдун боштондугун талап кылган ачкачылык акциясына Чүйдүн Жайыл, Аламүдүн райондорунан төрт адам келип кошулган. Ал эми алардын жалпы эле саламаттыгы туурасында кардиолог-дарыгер Ташболот Балтабаев төмөндөгүлөрдү айтып берди.

- Ачкачылык жарыялап жаткандардын арасында бардык аймактан бар. Бүгүн алардын саны Бишкекте эле 18ге жеткен, бирок алардын ичинен төрт адам ден соолугуна байланыштуу ачкачылык жарыялоону токтотушту. Булардын абалы өтө начарлап кеткендиктен биз ушундай сунуш киргизүүгө аргасыз болдук.

Ал эми кийинки жумадан баштап Чүй- Токмоктогу бир катар тургундардын Бишкекте өтүп жаткан ачкачылык акциясына кошулаары туурасында, “Ата Мекен” партиясынын Токмок шаарындагы коррдинатору Бактыбек Нураалы уулу “Азаттыкка” маалымдады.

XS
SM
MD
LG