Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:39

Алайда кырдаал курч бойдон


Алайдагы Сопу-Коргон кыштагында каршылык акциясын улантып жаткандардан Акыйкатчынын, ошондой эле Оштогу бир катар коомдук-саясий уюмдардын өкүлдөрү кабар алышты. Иш-чаранын катышуучулары аларга жана тууган-уруктарына куугунтуктоонун токтотулушун талап кылышты. Ошондой эле сегиз жылга кесилген генерал Исмаил Исаков токтоосуз акталбаса, Бишкекти карай атчан жана жөө жүрүшкө чыгышаарын билдиришти.

Кечээ кечке жуук Сопу-Коргон кыштагында Акыйкатчы институтунун өкүлдөрү Алай районунун ар айылынын чогулган 150 чакты киши менен жолугушту. Акыйкатчынын кеңешчиси Ниязаалы Бекбердинов генерал Исмаил Исаковдун тарапкерлеринин укугунун бузулушу боюнча фактыларды териштирүү максатында аймакта эки-үч күн жүрүшөөрүн билдирди.

Ниязаалы Бекбердинов Акыйкатчы Турсунбек Акун алар даярдаган маалыматтардын негизинде президент Бакиевге жолугаарын кошумчалады.

Дал ушул маалда Исаковдун тарапкерлери алардын укугу тепселенип жатканда Акыйкатчынын бир дагы өкүлү Алайга басып келбегенине нааразы экендигин жар салышты.

Буга улай Ош шаарынан бир топ коомдук жана саясий уюмдарды жетектеп келген көз карандысыз комиссиянын төрагасы, «Мыйзамдуулукту коргоо» фондунун директору Абдыкайым Кангелдиев Акыйкатчынын аракетинен майнап чыкпастыгын белгиледи.

Кепти улаган Исмаил Исаковду коргоо боюнча Ош облустук комитетинин төрагасы, «Жаңы Кыргызстан» партиясынын штаб башчысы Манас Эргешов алайлыктарды кыйчалыш кезеңде биригүүгө чакырды.

Манас Эргешов Исмаил Исаковдун башын азат кылууну талап кылган мөөнөтсүз акциялар жакын арада Ош жана Өзгөн шаарларында башталаарын жарыя кылды.

Жолугушуу учурунда нааразылык акциясынын катышуучулары аларга карата куугунтук күчөп бараткандыгын бышыкташты. Бүлөлү айылынын тургуну Бүсара Оторованын айтымында, уулу Шайназар Оторовду милиция кызматкерлери уурдап кеткен бойдон үйүнө кайта элек.

Жыйынга чогулгандар мындай окуялар көп болуп жаткандыгын, күч органдарынын өкүлдөрү үймө-үй кыдырып, жашоочуларды «Көчөгө бей-жай бассаңар камайбыз, соттолосуңар!» деп опузалап, а түгүл кээ бирлерин түшүнүк кат жазууга мажбурлашкандыгын айтышты.

Ал эми Сопу-Коргон кыштагында жашаган Осмон Турганбаев алайлыктардын арыз-муңун чагылдырбаган өкмөтчүл телеканалдарды кескин айыптады.

Осмон Турганбаевдин пикиринче, мындай шартта нааразылык тутанып олтуруп, акырында чоң жарылууга дуушарлантышы ыктымал.

Ушундан улам Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Равшан Сыргаевди кепке тартканыбызда, бүлөлүлүк Шайназар Оторов 14-январда акциячыларды Ош-Эркеч-Там автожолун тосууга үндөгөндүгү үчүн административдик жоопкерчиликке тартылып, бир миң акчалай айыпка жыгылгандыгын маалымдады. Ал эми Исмаил Исаковдун отуз чакты тууганына жана бир нече жердешине кылмыш иши козголгондугу жөнүндө маалыматты төгүндөдү.

Учурда Сопу-Коргон кыштагында Исмаил Исаковдун сегиз тарапкери ачкачылык кармоону улантууда. Дарыгерлер ырасташынча, алардын ден-соолугу канааттандырарлык эмес.

XS
SM
MD
LG