Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:18

Алайда ачкачылык кармагандар айтканынан кайтпайт


Учурда абакта олтурган мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков тарапкерлеринен ачкачылыкты токтотууну суранган эле, бирок генералдын Алайдагы жердештери бул өтүнүчтү четке кагып, акцияны улантышууда. Дарыгерлер ачкачылык кармагандардын саламатчылыгы коркунучта экендигин айтууда.

Ал эми жергиликтүү калк адам укугу тебеленип жаткан аймактан кабар албагандыгы үчүн эл аралык абройлуу уюмдарды кескин сынга алышты. Ага карабастан Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУнун) Бишкектеги кеңсеси мындай пикирге кошулбастыгын билдирди.

Сопу-Коргондогу ачкачылык акциясы токтобостугу тууралуу Алай районундагы Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Жумадыл Турганбаев «Азаттыкка» кабарлады:

- Бул чекеси гана. Керек болсо андан катаал кадамдарды жасайбыз. Алайдын эли коркуп, токтоп калбайт.

Ачкачылык тутуп олтургандардын бири Турдукан Жусуева ырасташынча, санаалаштары мындан ары беттегенинен кайтышы кыйын.

- Исмаил Исаков тетири жолго басып, коррупцияга аралашып, сот айткандай, жанагинтип жеп-ичсе, эл билет эле. Анда болушпайт болчубуз, - деп көзүн жаштады Турдукан Жусуева. – Эми бийлик ушундай таза адамдарды чекесинен камап атса, деги Кыргызстанда ким калат? Генерал менен чындык, акыйкаттык кошо жок кылынабы, айланайындар?

Нааразычылык акциясынын дагы бир катышуучусу Осмон Турганбаев жакын тууганы Исмаил Исаковдун аскер соту тарабынан адилетсиз жазалангандыгын белгилеп, генералдын башы азат болмоюнча, жердештери мындан башка да иш–чараларды, маселен, жөө жана атчан жүрүштүрдү жасоого даяр турушкандыгын ачыктады.

- Жаным күйүп турат. Тирүүлөй мууздап ташташса да мейли, баламды коргоп калайын деп олтурам. – Осмон Турганбаев аксакал ушинтип кепке аралашты. – Элдин эсинде. Аскер сотунун төрагасы Чубак Абышкаев Аскар Акаевдин кан колдуу прокурору болгон. Курманбек Салиевич эмне үчүн аны жумушка алат? Исмаилге окшогон ак жүрөк кеңешчилери бардыр, Бакиевге айтышпайбы, анын ким экенин. Көрөсүңөр го, болочогунда Абышкаев калыс кишилерди, айрыкча бийликке каш кайрыгандарды чекесинен аттырат, же көзүн тазалатат.

Ачкачылык кармап олтурган сегиз кишинин саламатчылыгын сурап кайрылганыбызда, алардын ден соолугун көзөмөлдөгөн Сопу-Коргондогу ооруканынын дарыгери Бектурсун Кеңеш уулу буларга токтолду:

- Күн өткөн сайын булардын акыбалы оорлошуп баратат. Баары депрессияда олтурушат. Мындай учурда алардан ар кандай ооруларды күтүүгө болот. Кан басымдары көтөрүлөт. Опурталдуу жүрөк дартына кабылышы ыктымал.

Алай районундагы Исаковду коргоо комитетинин мүчөсү Айтпай Жээналиев айтышынча, жергиликтүү калк адам укугу тебеленип жаткан аймактан кабар албагандыгы үчүн эл аралык бир катар абройлуу уюмдарга нааразы.

- Бул саясий куугунтуктун башында мамлекет жетечилери турушат, - дейт Айтпай Жээналиев. – Байкашымча, Исмаил Исаковдун ак жеринен айыпталып, күчөтүлгөн режимге кесилиши Бириккен Улуттар уюмун, Европанын коопсуздук жана кызматташтык уюмун кызыктырбайт өңдөнөт. Алар бул окуяга эмнегедир маани бербей, баа бычпай, массалык маалымат каражаттары аркылуу калыстык сөзүн айталбай атышат. Ушундан улам эл арасында буларга карата ишенбөөчүлүк күч, БУУнун жана ЕККУнун ишине ичи чыкпагандыгы ачык туюлат.

Бирок Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги кеңсеси мындай пикирге кошулбастыгын билдирди. Кеңсенин маалымат катчысы Бурул Усманалиева Алайдагы окуяларга ЕККУ такай мониторинг жүргүзүп, тиешелүү булактар аркылуу таратып, ошондой эле аймактагы адам укуктарынын абалы туурасында позициясын ачык айтып келаткандыгын кошумчалады.

Алай районундагы жол тосуу акциясы, 14-январь 2010-жыл
Бул аралыкта Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Равшан Сыргаев аймакта Исмаил Исаковдун тарапкерлерине куугунтук күчөгөндүгүн төгүндөдү. Анын бышыктоосуна караганда, 14-январда Ош-Эркеч-Там автожолун тосууга элди үндөгөн кишилерди аныктоо максатында тергөөчүлөр нааразычылык акциясынын катышуучуларын үйлөрүндө сурак кылууда.

- Акцияга катышкандар кыйналбасын деп үйлөрүнө барып сурак кылып атабыз, - деди раймилиция башчысы Равшан Сыргаев.

XS
SM
MD
LG