Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

Ошто оппозициянын митинги эмне үчүн ойдогудай болбой калды?


Бириккен Элдик кыймылдын билдирүүсүнө караганда 27-мартта негизги күч Кара-Кулжа жана Алай райондоруна жөнөтүлгөн. Мындан тышкары оппозициялык партиялардын облустук, райондук лидерлери укук коргоо органдары тарабынан жер-жерлерде кармалды. Акцияга келаткан 500-600 чакты жаран жолдо тосулду. Ушундай себептерден улам оппозициянын Ош шаарындагы митингисине 50 чакты гана киши катышты.

Ош шаар прокурору Бөкөнбай Казаков түштүк башкалаасындагы борбордук аянтта балдардын сүрөт сынагы жүрүп жаткандыктан, ал жерде митинг өткөрүүгө мүмкүн эместигин, "Семетей" кинотеатрында өткөрүүгө уруксат берилгенин билдирди. Ага улай «Семетей» кинотеатрынын директору Бактыгүл Малабаева тынчтык митингине керектүү шарттардын баары түзүлгөндүгүн ырастады:

- Шартты түзүп бердик. Акцияга канча адам катышаарын сурасак, 400 чакты дешкен. Чакырган кишилери келген жок. Мен билгенден оппозициядан жалгыз Анвар Артыков жүрөт.

БЭКтин Улуттук Кеңешинин мүчөсү Анвар Артыков санаалаштарынын көбүн орчундуу райондорго жөнөткөндүгүн билдирди:

- Ош шаарында чоң жыйын өткөрөбүз деп пландаган эмеспиз. Бардыгы жер-жерлерден башталмак. Ошондой эле болду. Негизги күчтөрдү Кара-Кулжа жана Алай райондоруна жибердик.

Ушинткен Ош облусунун экс-губернатору Анвар Артыков мурунку президент Акаевдин тегерегиндеги имиштерге да чекит койду.

- Бул жерде ар кандай ушактарды таратышыптыр. Ошого ыңгайы келип турганда жооп кайтарып коеюн. Акаевди алып келишет экен, президенттикке койдуртушат экен деп жайышыптыр. Андай сөз жок. Акаев Кыргызстанга келгис болгон, демек, мамлекет башчылыгына да коюуга кымындай акысы жок. Ал эми мынабу акциялар бүтмөйүн ким жолбашчы болот деген маселе биз тараптан көтөрүлбөйт. Эгерде шайлоого бара турган болсок, бир лидер менен чыгууга аракеттенебиз. Менин оюмча, андай болбой калышы да ыктымал. Мен кепилдик бере албайм да. Себеби, бардыгы личность, а мен президент болом дегендер толтура. Канчалык келише алабыз, аны убакыт көрсөтөт.

Митингди уюштуручулардын бири Төлөгөн Келдибаевдин айтымында, «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук жана Араван райондук лидерлери Бактыбек Калмаматов, Азамат Юлдашев милиция тарабынан кармалгандыктан, алардын тарапкерлери шаарга киргизилген жок.

- Ош шааарынын аймагына алты жерге адам топтогонбуз. Атайын кызматтын өкүлдөрү аларды кууп жүрүп таратты. Биздеги маалыматка караганда, «Ата Мекен» партиясынын Ош облустук жана Араван райондук төрагаларын саарлап милиция абакка киргизиптир. Мындан тышкары митингге келе жаткан «Ата Мекендин» бир-эки активисти дайынсыз болуп жатат, - деп коңгуроо какты Төлөгөн Келдибаев.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев менен байланышканыбызда, оппозиция өкүлдөрүнүн дооматын четке какты. Мындай ойду Ош областынын прокурору Бөкөнбай Казаков да улады:

- Көрдүңөр, митингге он чакты киши чогулду. Ош шаардык расмий бийлиги аларга эч кандай каршылык көрсөткөн жок. Уюштуруучулар өздөрү элди чогулта албаптыр.

Оштогу «Акыйкат сот - чындык» укук коргоо борборунун башчысы Равшан Гапиров бийлик өкүлдөрүнүн айткандарын мындайча төгүндөдү:

- Элден угуп келатам, а түгүл телефон чалып да сурашууда. «Митингге чыккандарды атып, камайт имиш. Анжиян окуясы кайталант экен» дегендер болду. Менимче, ушундай айың кептерден чочулап калк көчөгө чыккан жок. Бирок неткен күндө да бул эл мындан ары чыдабайт. Бир күнү толкуп, Бакиевди жөн калтырбайт.

«Мыйзам жана тартип» аттуу башка бейөкөмт уюмдун жетекчиси Изатилла Рахматуллаев элдин чогулбаган себебин мындайча чечмеледи:

- Бийлик элди үймө-үй кирип коркутту дегендерге кошулбайм. Себеби Ош шаарында коомдук укук коргоочулар көп. Бирөө да андай фактыны байкаган жок. Оппозициянын чакырыгына эл кошулбаган себеби: биринчиден, аба ырайы тоскоол болду, жамгыр жаап турду. Экинчиден, карапайым калк саясаттан тажады. Оппозициянын арасында Кыргызстанды жетектеп кете турган лидер өзү жок.

Иш-чара соңунда БЭКтин түштүк аймагы боюнча өкүлү Аманбай Сатыбаев театрдын алдынан милиция кармап кетти. Аны коомдук тартипти бузган жана ижарага алынган жердин олтургучтарын бүлгүнгө учураткан деп айыптап, административдик иш козгоп, иши сотко ашырылды.

Ушул эле күнү нааразылык акциялары Ош облусунун Гүлчө, Кара-Кулжа кыштактарында өткөрүлүп, генерал Исмаил Исаковду актоо жана бийликтин тең жарымын оппозицияга бөлүштүрүү талаптары коюлду.

XS
SM
MD
LG