Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

Кумтөрдүн жумушчулары иш таштады


Кумтөр алтын ишканасы бийик тоо арасында жайгашкан
Кумтөр алтын ишканасы бийик тоо арасында жайгашкан

Буга компаниянын жетекчилигинин жумушчулардын айлык акысын жүз пайызга көтөрүүдөн баш тарткандыгы себеп болду.Бул талапты тоо-кен өнөржай тармагы боюнча кесиптик кошуундар бирлиги да колдоп чыкты. «Кумтөр Оперейтинг» компаниясы иш таштоонун мыйзамдуулугу боюнча сотко кайрыла тургандыгын билдирди.

1-октябрь күнү эрте менен Кумтөр алтын кенинде иштеген жумушчулар айлык маянаны жогорулатуу талабы ишке ашпагандыктан улам, кызматтык милдеттерин аткаруудан баш тартышты.

Татыктуу таман акы, маңыздуу маңдай тер болобу?

Жумушчулар муну алтынга болгон дүйнөлүк баа бир канча эсе жогорулаcа да, алардын эмгеги төмөн бааланып жатат деп эсептешет. Жергиликтүү жумушчулардын айлык фонду өндүрүштүк чыгымдардын он беш пайызын түзөт. Тоо-кен өнөржай тармагынын кесиптик кошуундар уюму муну кирешени адилетсиз бөлүштүрүү катары баалады.

Ошондуктан аталган тармактын борбордук комитетинин төрагасы Элдар Тажибаев жумушчулардын айлыкты жогорулатуу талабы жөндүү деп эсептейт:

- Жумушчулар Кумтөрдө башкы имараттын жанында чогулуп турушат. Алар жетекчилик айлыкты көтөрөбү же жокпу деп күтүп олтурушат. Кандай гана шылтоолор болбосун бул иш таштоо мөөнөтсүз болот. Коюлган талаптар аткарылмайынча жумушчулар аягына чейин турабыз дешти. Жетекчилик он, он эки пайызды сунуштаган экен. Ага жумушчулар көнбөй татыктуу маяна чегерүүнү талап кылышууда.

70 миң сом айлык: бирок баардыгына эмес

“Кумтөр Оперейтинг” компаниясынын президенти Роберт Вандер иш таштоо акциясын негизсиз деп баалап, муну ишкананын кесиптик кошуундар уюму уюштурган жаңылыштык катары мүнөздөдү. Анткени анын айтымында компанияда иштеген кыргызстандыктардын орточо айылыгы 70 миң сомду түзөт.

КОКтун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Сергей Дедюхин иш таштоону уюштургандар Эмгек Кодексинин талаптарын одоно бузду деп белгиледи:

- Компания буга чейинки сүйлөшүүлөрдө жумушчулардын орточо айлыгын жыйырма беш пайызга чейин көтөрүүгө макул болгон. Бирок мындай сунуш жергиликтүү кесиптик кошуундар уюмунун жана жалпы эмгек жамааттынын жарымын канааттандырган жок. Алар айлык акыны жүз пайызга көтөрүүнү талап кылып жатышат. Бул талап эч кандай нерсеге негизделбейт. Алардын буга чейинки айлыгы деле эң чоң айлык болгондуктан бизде адистердин башка жакка которулуп кетүүсү дээрлик жокко эссе. Биз бул иш таштоону мыйзамсыз деп табуу өтүнүчү менен сотко кайрылганы жатабыз.

Бирок айрым булактардын айтымында, Кумтөрдө иштеген кыргызстандыктардын орточо айлыгы 70 миң сомду түзөт деген маалымат чындыкка коошпойт. Алардын баамында, мындай айлыкты жер алдында, оор шартта иштешкен кенчилер гана алышы мүмкүн.

Укук коргоочу Эркингүл Иманкожоева аткарган ишинин оордугуна карабастан жергиликтүү жумушчулар мындагы чет элдиктерден бир кыйла төмөн маяна ала тургандыгына токтолду:

- Бийик тоолу шартта он эки сааттан иштешет. Ошондой шартта он эки саат ордуларынан жылбай иштешти элестетиңиз. Булардын иш таштап жаткандыгы туура эле. Айлык акы жергиликтүүлөргө караганда чет өлкөдөн келгендерге он, он беш эсе көп төлөнөт. Мен бул жерде жетекчилик курамдагылар канча айлык ала тургандыгын айткан жокмун. Компания иш баштаганда алтындын бир унциясы 250 АКШ доллары болсо, азыр 1100,1200 долларга чыкты. Бирок айлык акыга аз-маз кошумуш болушканы менен негизинен мурдагы деңгээлинде эле калып жатат.

Ыңгайсыздар ыдык көрүшөбү?

Жумушчулардын койгон талаптарынын ичинде негизсиз жумуштан айдоолорду токтотуу жана жумушчуларга карата катаал мамилени өзгөртүү маселеси көтөрүлгөн.

Кумтөрдө он эки жыл коопсуздук кызматында иштеп жатып, өргүүдөн кечигип келдиң деген шылтоо менен иштен айдалган Жаныбек Тулкунов компанияда негизсиз кызматтан четтетүү саясаты орун алган деп эсептейт:

- Бул жумушчуларды кызматтарынан айдап, кетирип жаңыларын алып турганга чоң каржылык кызыкчылыгы бар. Анткени көп жыл иштегендердин айлыгы стажына жараша көп төлөнүшү керек. Жаңыдан киргендерге аз төлөшөт. Ошондуктан мындай чыгымдардан качышып, эскилерди, укугун талашкандарды айдап салышып, жаңыларды улам жумушка алып, убактысы келгенде кайра аларды да кетиргенге шашып турушат. Буларда ушундай саясат бар.

Кумтөрдө жалпысынан үч миңге жакын кыргызстандык жумушчулар эмгектенишет. Компаниянын он алты жылдык тарыхында айлык акысын жогорулатуу же эмгек шартын оңдоо талабы менен жумушчулардын мөөнөтсүз иш таштоолору буга чейин катталган эмес.

XS
SM
MD
LG