Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:37

Р.Жусупова: 2005-жылы аялдар биринчи көтөрүлгөн


2005-жылдагы март окуяларында аялдардын орду өзгөчө салмактуу болгону айтылып келет. Ал тургай айрым батыш ММКлары кыргыз ыңкылабынын жүзү аялдыкы болгон деп жазганы бар. Ыңкылап алдында жана андан кийин коомдогу саясий жараяндарга активдүү катышып жүргөн айымдардын бири - “Эр айым” аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы Ракыя Жусупова менен маекти сунуштайбыз

“Азаттык”: - Март ыңкылабын ишке ашырууда алдыда жүргөн айымдардын бирисиз. Негизи эле 2005-жылдагы март окуяларындагы аялдар ролу кандай болду?

Р. Жусупова: - Негизинен, эски бийликти кулаткандырдын көбүнчөсү эле аялдар болду. Биз “Эр айым” аялдар коомдук бирикмеси ошол 2005-жылы январда жыйырма беш күнү Роза Отунбаеванын укугун коргоп турганбыз. Себеби “ал четте жүргөн” деп анын депутаттыкка талапкерлигин алып салышкан эле. Отунбаева талапкердигин №1 университет окуругунан койгон эле. Ошол кезде ошол эле округга Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева да койгон экен. Анан Роза эжени “сыртта беш жыл иштеп жүргөн, өлкөдөн чет жүргөн адамдарды биз мыйзам боюнча каттабайбыз” деп алып салган да.

Анан буга абдан жинибиз келип, бүт аялдар пикетке чыктык. Отунбаеваны коргоо комитетин түздүк. Отунбаеваны талапкер катары каттоону чектеген мыйзамды өзгөртүү талабы менен 25-30 адам турдук. Бирок ошону өзгөрттүк. Жыйынтыгын чыгардык. Бирок Акаевдин камчысын чапкандар “мыйзамды орус тилинен кыргыз тилине которобуз анан чыгарабыз” деп эле убакытты созуп туруп алышты... Ал митингден кийин биздин аялдар бүт аймактарды кыдырып иштедик. Мына мен Роза Отунбаеванын жанында жүрүп көп региондордо болдум.

Ошондо карасам, бүт эле аялдар да. Бүт аялдар. Себеби кыйынчылык тушсө, жакырчылык келсе бүт эл аялдар көтөрөт экен да. Мына азыркы замандын өлкөбүздүн экономикасы начардыгынан аялдар бала-чакасын таштап коюп чет өлкөлөргө кетип атышат. Калгандары базарда отурушат бүт ден-соолугун жеп. Ошол себептүү 2005-жылы да бүт аялдар көтөрүлгөн да. Өзүң деле көрсөң керек 2005-жылы Ала-Тоо аянтында аялдар көпчүлүк болгон.

“Азаттык”: - Ыңкылап алдында, андан кийин окуялардын баарына күбө болуп келдиңиз. Ошондогу окуяларга жигердүү катышкан аялдар деп кимдердин ысымдарын атайт элеңиз?

Р.Жусупова: - Ошондо көбүнчө эле жарандык коомдон айымдар катышты да. Мисалы, Асия Сасыкбаева, Төлөйкан Исмаилова, Азиза Абдирасулова, Гүлнара Нурматова, Элмира Сепишова, Нургуль Болотбекова, Айнура Макенова мына ушул аялдар аябай активдүү катышты да. Бүгүнкү күнү да алар аябай активдүүлүгун көрсөтүп жатышат. Себеби турмушубуз мурункудан беш-бетер начарлап кетти.

“Азаттык”: - Ыңкылаптын арты менен азыр бийлик сересинде отурган да айымдар бар эмеспи. Баягы 2005-жылдагы март окуяларынын шары менен өзүно карьера жасаган дейбизби... Ошол айымдар тууралуу кандай пикирдесиз?

Р.Жусупова: - Мындан экен, көпчүлүк эле ушундай күрөштөргө “бийликке жетсем”, “карьера жасасам” деп киришет экен. Эми мынакей ошол 2005-жылы Ишенгүл Болжурова деле жүрдү. Малеванаяны да айтышат. Бирок мен аны анчалык көргөн эмесмин. Замира Сыдыкова деле жүрдү. Азыр деле кыргыз эли ушундай мүңкүрөп турушканда, эмне үчүн алар чыгышпайт?

“Ай Курманбек Салиевич ыңкылапка аялдардын деле салымы чоң эле, бийликти карапайым эл алып берди эле. 2005-жылы үй-бүлөлүк авторитардык бийликке каршы чыкпадык беле” деп ошолор кайрылышы керек эле. Бирок эч кимиси унчукпай эле отурушат. 2005-жылы күрөшкө чыгып, бирок азыр бийликте отурган аялдарга мен аябай таң калам да. Жаман бийлик болсо деле ушинтип отура берген туура эмес.

“Азаттык”: - Мына ыңкылаптан кийин , “ОБОН” деп да тегеп коюшат “чагымчыл аялдар” дын тобу пайда болду. Алар оппозициянын акцияларына келип бийликти мактап чагымчылык аракеттерин жасап келет. Ушул аялдар тобу тууралуу пикириңиз кандай?

Р.Жусупова: - Эми бийликтин атайы даярдаган аялдары бар эле. Алардын арасында кээ бирлери өзүбүздүн эле тааныштардан болду. Уяткарып деле айттык. Ошол аялдар бийлик “жүргүлө акча беребиз” дешсе кете берчүдөй. Ал аялдарга биз деле туш болгонбуз, 2005-жылы 23-мартта Уркуя Салиеванын урматына тургузулган эстелик алдында. Ал турмак тытышканга чейин барганбыз. ...Жарандык коомдун арасында да ошолордун мүчөлөру бар экен да. Буларды акчага эле сатып алышкан да.

“Азаттык”: - Мына азыр да кырдаал, окуялар курчуп баратат. Азыр 2005-жылдагы окуялар менен азыркы абалдын окшоштуктары барбы? Кырдаал үндөшпөй элеби?

Р.Жусупова: - Азыр кысым мурункудан да аябай күчөп кетти. Кайсы жерге барбайлы, кайсы жерде иш жүргүзбөйлү элдер айтып атышат “Ушунчалык жаман болдук. Баарыбыз чыгабыз” деп. Элдин үнү мурда “Азаттык” аркылуу чыкчу эле. Азыр аны да бууп салышты. Информациялык вакуум кылып атышат. Баары жоктон элди кысмакка алып атышат. Элдин укугун тебелеп жатышат. Бардык жерде басмырлоо болуп атат. Куугунтук, коркутуп-үркүтүү, аңдуулар жүрүп атат.

XS
SM
MD
LG