Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:56

Баткендиктер добуш берүүгө кандай катышты?


Мурдагы бийликтин тушунда алынып салган бармакка белги кою бул жолку референдумда кайра киргизилди.
Мурдагы бийликтин тушунда алынып салган бармакка белги кою бул жолку референдумда кайра киргизилди.

Референдум Баткен облусунда да тынч өтүп, аймактагы шайлоочулардын 60 пайыздан ашууну добуш берүүгө катышты.

Баткен шаарындагы 8072-добуш берүүчү жайында мурдакы шайлолордо да добуш берип жүргөн жетимиштен ашкан Аскар Ысманов бүгүн келип өз тизмесин таппай калган. Ал аз келгенсип үйүнө чакыруу кагазы да келбегенине капа болуп, кошумча тизме менен добуш берүүгө аргасыз болду.

Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акжол Мадалиев болсо өлкөдө бүгүнкүдөй шарт болуп турган учурда чакыруу кагазын күтүп турбай эле мекенчилдик кылып, келип добуш берүү зарыл деген пикирде:

- Шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн биздин облуста 200гө жакын байкоочулар иш алып барып жатышат. Булар негизинен адам укгун коргоочу көз карандысыз байкоочулар, ЕККУдан, «Таза шайлоодон» бар. Эми чакыруу келди-келбеди дебей өлкөбүздүн тагдыры чечилип аткандан кийин ар бир патриот жаран келип, добуш бериши керек го дейм ...

“Замандаш” партиясынын Баткен шаардык бөлүмүнүн жеткечиси Асан Сабыров болсо референдум өткөрүү боюнча уюштуруу иштери жетишээрлик эмес деген пикирде:

- Биз шайлоо комиссиялардын мүчөлөрү аркылуу шайлоо кандай өткөнү боюнча протоколдун көчүрмөлөрүн алабыз. Бул жыйынтыкты өзүбүздүн партиянын өкүлдөрүнүн жыйынтыгы менен текшеребиз. Эми добуш берүүнү уюштуруу иштери начар, эч кандай уюштуруу иштери болбоду десек деле болот.

Бул арада Жогорку Кеңештин мудакы депутаты Гүлнара Дерибшова аймакта катышуучулардын көрсөткүчүн жогорулатуу үчүн жериликтүү бийлик мыйзам бузууларга барып жатканын, мамлекеттик кызматкерлер үгүт иштерин жүргүзгөнүн айтып чыкты.

Облустук акимчиликтин уюуштуруу бөлүмүнүн башчысы Эрмек Бахавадинов болсо мамлекеттик кызматкерлер стабилдүүлүк үчүн гана көз салып, добуш берүүнүн жүрүшүнө кийгилишпегенин билдирди:

- Негизги максат - стабилдүүлүктү сактоо. Алар референдумга үгүттөө, же кандайдыр бир пландуу иштерди алып баруу, же болбосо жеке кызыкчылыктар боюнча эч кандай иш жүргүзүшкөн жок. Жергиликтүү бийлик тарабынан эч кандай тапшырма болгон эмес, бул маалымат туура эмес. Себеби бүгүнкү күндө Баткен облусунун бардык регионунда элдин референдумга болгон көз карашы байкалды.

БШКнын кечки тогузга карай жарыялаган маалыматы боюнча Баткен облусунда жалпы шайлоочулардын 62,05 пайызы, же140 945 адам добуш берүүгө катышкан.

XS
SM
MD
LG