Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:53

Араб сөзү кыргыз сөзүнөн кымбатпы?


Эгемендүүлүктүн келиши менен дин эркиндиги орногон Кыргызстанда кыргыз тилин айрыкча молдокелер бузуп жатышат деген пикирлер калыптанып келет.

Көпчүлүк кыргыз молдокелер таза кыргыз тили менен эмес, атайылап жасалгандай аралаш, жарым түшүнүксүз тилде сүйлөшөрү баарыга дайын. Бул жагдайда Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова өз пикирин ортого салды:

- Кыргыз молдонун тили таптакыр кыргызча болбой атат. Уйгурдан сабак алган болсо уйгурча чалып сүйлөйт. Өзбектен сабак алган болсо өзбекче чалып сүйлөйт. Сөздөрүнүн жарымы эле арабча. Эми бу кыргыз молдо көп жерлерде көптөгөн адамдар менен баарлашат да. Андыктан оболу тилин оңдосо...

Кыргызстан мусулмандар муфтийинин орунбасары Мамбетасан-ажы Ибраев болсо, тескерисинче, кыргыздар араб сөзүн так айтпай жатышат деген ойдо. Кыргызча мааниси болбогондуктан бир топ араб сөздөрү кыргыз тилине агып киргендигин айтып келип, сөзүн төмөндөгүчө улантты:

- Мисалы, “харам”, “халал” деген сөздөр. Ал учурда “хлебге”, “хорошого” кетчү “х” тыбышы болбогондуктан, кыргыздар бул сөздөрдү “арам”, “адал” деп сүйлөп калышкан экен. Кыргыздардан башка көп элдерде ушул сөздөр арабчага окшош айтылат, арабчага окшош жазылат. Ошондуктан кыргыздар дагы бул сөздөрдү асыл түп нускасында – арабдар сүйлөгөндөй сүйлөсө ого бетер жакшы.

Кыргыз эл акыны Майрамкан Абылкасымова кыргыз тилине, кыргыз сөзүнө астейдил мамиле кылбаган молдокелердин жаштарга берген насаатчылыгы курусун дейт.

Биз борбордук мечиттен жолуккан Марат Келдибаев аттуу допучан жигитке микрофон сундук да, “халал” деген сөздүн кыргызчасын сурадык. Мараттын жообу төмөндөгүчө болду:

- “Халалдын” кыргызчасы – “халал” да. Дүкөндөрдө, кафелерде ушинтип жазылып турбайбы.

Таза кыргыз тили менен исламды карманууга болбой тургансыган мамилеге карата ислам динин тутунган окумуштуу, техника илимдеринин доктору, профессор Маматкадыр Ашыралиев өз пикирин билдирди. Анын айтуусунда, мындай мамиле көбүнчө чала молдолорго таандык. Шарият китептеринде айтылат – Кудай-Тааланын пайгамбарга айткан сөздөрү куранга түшүрүлгөн деп. Ошону – Куран сүрөлөрүн арабча айтуу талап кылынат. Калгандарынын бардыгын мусулман өз эне тилинде айтканга уруксат. Намазга ниетти, дубаларды мен дайыма кыргызча айтып окуймун.

Кыргызстан мусулмандар муфтийинин орунбасары Мамбетасан-ажы Ибраев дин эркиндиги орногон Кыргызстанда жаштар исламга арбын тартылып, айрымдары ал турсун өз аттарын арабча өзгөртүп коё баштагандыгынан да кабар берди. Бирок, ал мындай агымды жактыра бербейт. Пайгамбардын учурунда дагы ат которгон учурлар болгон. Бирок, ал жаман аттарды гана которууну эп көргөн. Мисалы, бирөөнүн аты “Хайл” экен. Бул “жылкы” деген мааниде. Аны Пайгамбар “Хайр” – “Жакшылык” деп оңдоп коюптур дейт Мамбетасан-ажы Ибраев.

Бейрасмий маалыматтарга караганда, өлкөдөгү кыргыздардын 32,4 пайызынын ысымы башка тилдерден алынып коюлган.

XS
SM
MD
LG