Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:07

Мураталы ажы: “Тантави ислам дүйнөсүндө өтө кадырлуу инсан эле”


Мохаммед Тантави Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Ислам аалымдарынын бири имам Ханифага арналган симпозиумда сөз сүйлөөдө. 2009-жылдын 6-октябры.
Мохаммед Тантави Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында Ислам аалымдарынын бири имам Ханифага арналган симпозиумда сөз сүйлөөдө. 2009-жылдын 6-октябры.

10-мартта Ислам дүйнөсүндөгү таасирдүү динаятчы, улуу шейх Тантави дүйнө салды. Мисирдеги Аль-Аскар университетинин башчысы Моххамед Саед Тантави 81 жаш курагында жүрөк оорусунан көз жумду.

Ал Сауд Арабияда диний жөрөлгөгө катышып жаткан жеринен жүрөгү кармаган. 1000 жылдык тарыхы бар Аль-Аскар мечити жана университети – сунни мусулмандардын башкы билим алуу жайы эсептелет. Мисирдин башкы муфтийи болуп он жыл иштеген улуу шейх Тантави соңку 14 жылдан бери Аль-Аскардын башкы имамы болуп келген. Мохаммед Тантавини Кыргызстандын муфтийи Мураталы ажы Жуманов Мохаммед Тантавини эскерип, “Азаттыкка” маек куруп берди.

Кыргызстандын муфтийи Мураталы ажы Жуманов

- Мураталы Ажы, сиз кечээ жакында бул адам менен жолугушкан экенсиз?


- Ооба, Мохаммад Тантави дүйнөдөгү башы көрүнгөн улуу имам болгон. Дүйнөдөгү эң ири диний окуу жайды – Али-Азхар диний окуу жайын канча жылдар жетектеп келди эле. Бул кишинин “Улуу имам” деген расмий наамы бар. Мен бул адамдын дүйнөдөн өтүшүн өтө кайгыруу менен кабыл алдым. Себеби мындан туура 13 күн мурун, тагыраак айтканда 25-февралда көрсө Мохаммад Тантави менен акыркы жолу жолугушкан экенбиз. Каирде 4 күнгө созулган эл аралык Коференция өтүп, ошого барган элек. Бул киши бул жыйынды ачып, жыйынтыктап жапкан да өзү болгон болчу. Мен ал киши менен саламдашып, бирге сүрөткө түштүк эле. 80ден ашып калган экен. Исламдын дин аалымдарынын бир жылдызы, бир чырагы өчтү десек туура болот.

- Ошол жолугушууда Мохаммад Тантави менен Кыргызстан тууралуу сүйлөштүңүздөр беле?

- Албетте сурады. Себеби мен бул киши менен көп жолу жолугушкан элем. Кыйла тааныштыгыбыз бар эле. Кыргызстан жөнүндө көп сөздөр болгон. Мына кечээги жолугушуубузда орунбасарына бизди кабыл алуусун дайындап, Кыргызстан менен келечекте бирге иштөө боюнча, Али-Азхар университетинин Кыргызстанда өкүлчүлүгүн ачуу боюнча ойлорун айткан эле. Биздин имамдарды Каирде курстардан өткөрүү, Арабияга окууга бара турган улан-кыздарды Муфтият аркылуу тандап жөнөтүү боюнча да сүйлөшүүлөр болгон эле.
Эки жыл мурун барганымда ал кишиге кыргыз элинин чапанын, калпагын кийгизип кайттым эле. Мохаммад Тантави бардык адамдарга жакшылык каалап турган инсан эле.

- Мураталы ажы, сиз бул улуу адамдын ислам дүйнөсүнө өтөгөн эмгектеринен айта кетесизби?

- Бул адамдын дүйнөдөгү ар түрдүү масхабда турган мусулмандардын баарына бирдей кадыр-баркы бар эле. Бир масхабдын кадырлуу лидеринин экинчи бир масхабдагы мусулмандарга анча кадыры болбой калышы мүмкүн да. А бул шейх Мохаммад Тантавинин дүйнөнүн бардык мусулмандарына бирдей баркы бар болчу. Көп китептерди жазган.

Анан фатвада же чечим чыгарууда, дүйнөлүк талаш маселелердин баары келип ушул кишиге токтоп, акыркы жыйынтык чечимди ушул киши айтчу эле. Мусулман дүйнөсүндө мына ушундай орундагы адам эле.

Сөзүмдүн аягында Кыргызстан мусулмандарынын атынан, Муфтияттын атынан Арап Мисир өлкөсүнө, Египет өлкөсүнө, андагы мусулмандарга улуу адам Мохаммад Тантавинин ааламдан өтүшүнө байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Кудай бул кишиге жаннаттан жай берсин.

- Ырахмат сизге.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG