Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Ж.Балтабаев: Зыяратчылардын дээрлик көбү Меккеге келди


Азыр Сауд Арабияда жүргөн Дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын Ажылык боюнча штабынын башчысы Жусуп Балтабаев ажылык сапарды уюштуруп өткөрүү боюнча "Азаттыкка" соңку маалымат берди.

Ж. Балтабаев: Кыргызстандык зыяратчылар үчүн Меккенин эки районунан жай алынган. Бир райондон 2 миң кишиге, экинчи райондон 2,5 миң кишиге жай бар. Бул Ажылык министрлигинен каттоодон өткөн орундар. Бир районду Хайл Хижра деп коет. Ал жактагы 2 миң орун толду.

Экинчиси Хайл Азизия деп коет, ал жакта да 2300дүн тегерегинде адам жайгашып калды. Жалпысынан Кыргызстандан келген ажылардын саны 4200-4300дүн айланасында. Биз азыр так айта албайбыз. Себеби бул жерде Ажылык министрлигинин Кыргызстандан келген зыяратчыларды каттоочу штабы бар. Биз алардан так маалыматты ала элекпиз. Анткени азыр дагы убакыт бар. Бир аз күтө турушубуз керек. Мына бүгүн да Бишкектен акыркы учак учат деп атышат.

“Азаттык”: Буга чейин Ошто виза ала албай ажыга бара албай калган адамдар нааразылык акцияга чыгышты эле. Алардын маселеси кандай болуп жатат?

Ж. Балтабаев: Виза жетпей калып бара албай калгандардын маселеси жөнүндө менин маалыматым жок. Анткени мен ага чейин эле Кыргызстандан чыгып кеттим эле.

“Азаттык”: Кыргызстанга берилген төрт жарым миң адамдын арасында башка мамлекеттин жарандары бар деп айтып жатышат. Сиз бул маалыматты бышыктап, же төгүндөй аласызбы?

Ж. Балтабаев: Бул маалымат туура эмес. Мына азыр бизге да Бишкектен ушул боюнча кайта-кайта телефон чалып бул маалыматты тактагыла деп атышат. Биз тактап жатабыз. Мына виза алып бул жакка учуп келген 4300 адамдын баары Кыргызстандын жарандары. Башка мамлекеттин жарандары бар деген маалымат такталган жок. Эгерде башка мамлекеттин жарандары келчү болсо бул жактагы Ажылык министрлиги эмне үчүн Кыргызстандан башка мамлекеттин жарандары келди деп сөзсүз бул маселени көтөрүп чыгыт. Андай фактылар каттала элек. Экинчиси Кыргызстандан келген ар бир зыяратчыны жатаканага жайгаштырганда биздин бул жактагы кызматкерлер баарын көзөмөлдөп турушат.

“Азаттык”: Демек ажылыкты уюштуруп өткөрүү иштери өз тартибинде эле өтүп жаткан турбайбы?

Ж. Балтабаев: Азырынча проблема жок. Кудайга шүгүр. Өзүңөр билгендей ажылыктын жөрөлгөлөрү 12-13-ноябрь күндөрү башталат. 16-ноябрда Курман Айт болот. Кээ бир зыяратчыларбыз Мединага да барып келишти. Негизи 12-ноябрга чейин Кыргызстандан зыяратчылардын баары келип бүтүшү керек.

“Азаттык”: Рахмат.
XS
SM
MD
LG