Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:16

Ош: шайлоо алдында диний кырдаал кооптуу


Оштогу айрым бейөкмөт уюмдар жакында боло турган парламенттик шайлоодо диний уюмдардар тарабынан кооптонуу бар экендигин айтышууда. Бул аралыкта айрым диний эстремисттик уюмдар шайлоого катышпоого чакырган баракчаларды таркатып жатканын жергиликтүү укук коргоо органдары билдирүүдө.

Парламенттик шайлоо жакындаган сайын Ош аймагында “айрым дин өкүлдөрү саясий абалды курчутат” деген сөздөр айтылууда. Ал тургай айрым шаар тургундары мечиттерге баруудан да кооптонуп жатышканын жергиликтүү бейөкмөт уюмдары белгилешүүдө.

Эл аралык “Толеранттуулук үчүн” корунун өкүлү Асел Жуматаева июнь коогалаңында мечиттерге байланыштуу чулгандуу окуялардан кийин тургундар арасында дин кызматкерлерине байланыштуу кооптонуулар бар экендигин билдирди:

- Июнь окуясына айрым мечиттердин тиешеси бар экендиги айтылган. Бул боюнча сыналгылардан да көп айтылган болчу. Биз сурамжылоо жүргүзгөндө бүгүн Оштун тургундары мечиттерден кооптоно баштаганы айтылды. Ошондой эле эл мечиттердин санын азайтуу керек деген да ойлорун айтышты.

Шайлоо жакындаган сайын диний эктремисттик уюмдар тарабынан шайлоону үзгүлтүккө учуратуу аракеттери болушу мүмкүн экенин шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Марат Орозбаев белгиледи:

- Парламенттик шайлоону даярдоо жана өткөрүү учурунда диний экстремисттик уюмдар кыймыл аракеттерин күчөтөт деген оперативдик маалыматтар түшүп жатат. Башкача айтканда “Хизб-ут Тахрир” диний экстремисттик уюму шайлоону арам деп жарыялап, кагаздарды таркатып, башаламандыктарды уюштурушу мүмкүн.

"Эч ким аралашпайт!"

Ал эми Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийинин орун басары Убайдылла Сарыбаев айрым дин кызматкерлери июнь айындагы башаламандыкка аралашып калганын моюнга алды. Бирок келе жаткан парламенттик шайлоодо саясий иштерге мечит имамдары аралашпай турганын айтууда:

- Июнь коогалаңында аймакта башаламандык болуп турганы үчүн, башкаруу жок болгону үчүн, биздин имамдар да коогалаңга кокустан аралашып кетишкен. Эми ал коогалаңдагы окуяларда кайсы имамдын тиешеси бар, ким күнөөлүү экендигин укук коргоо органдары иликтешет. Алар иликтеп бүткөндөн кийин бизге да кандай чараларды көрүү керек экендигин айтышса, биздин муфтият да колдон келген чараларды көрөбүз. Эми мына жакын арада боло турган саясатта Оштогу дин өкүлдөрү алыс турушат. Эч ким аралашпайт. Мечиттерде эч кандай кайсы бир саясий партияларга үгүттөө иштери жүргүзүлбөйт.

Ошто талкаланган мечит.
Ошондой эле Убайдылла Сарыбаев шайлоого катышпоого үндөгөн кагаздардын таркатылып жатканын айрым динди жамынып алып жасагандардын иши экендигин кошумчалады:

- Мына, Ноокаттагы Кыргыз-Ата деген айылда, Өзгөндө бир том адамдар шайлоого каршы пикирлери жазылган кагазчаларды таркаткан көрүнүштөр бар экен. Бирок биздин дин кызматкерлери жасабайт. Биз бардык имамдарды чогултуп, бул боюнча тапшырмаларды берип жатабыз. Биздин масхаб боюнча алганда да тургундарга түшүндүрмө иштерин жүргүзүп жатабыз.

Шайлоо өнөктүгүн тынч өтөрүү азыр негизги көйгөйлөрдүн бири болуп турат. Шайлоону үзгүлтүккө учуратууга кызыкдар күчтөргө каршы аракеттер көрүлөрүн күч органдары убадалашууда.
  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG