Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:35

Ат-Башыда эл ичи тынчый элек


Кызыл-Туу айылында нааразы калк кан Бишкек-Торугарт кан жолун тосуп жатат
Кызыл-Туу айылында нааразы калк кан Бишкек-Торугарт кан жолун тосуп жатат

Торугарт көзөмөл өткөөл жайдагы кырдаал Ат-Башы районундагы элдин ичинде кайрадан нааразылыкты күчөтүүдө. Түпкүрдөгү калк мамлекеттик бийликтин расмий билдирүүсүн кагаз жүзүндө окумайынча 15-июлдан тарта жол тосууга чыга тургандыктарын билдирүүдө. Жергиликтүү бийлик өз кезегинде Коргон-Таштан кытайлар кетип, алар салган үйлөр алынып жаткандыктарын, эл арасы тынчып калганын айтышууда.

Кызыл-Туу айылынын тургуну Керез Айдаралиеванын айтымында, айылга УТРК жетекчиси Мелис Эшимканов келип, 15-июлга чейин өкмөттүн расмий чечими жазылган катты жөнөтөрүн убада кылып кеткен. Эгерде бул маалга чейин атайын билдирүүнү эл өз көзү менен окубаса, анда кайрадан жол тосулуп, шайлоо бузулушу мүмкүн.

Кыргыз-Кытай чек арасындагы Торугарт көзөмөл өткөөл жайын Кыргызстандын аймагына ичкери карай Коргон-Таш участкасына 50 чакырым аралыкка көчүрүү тымызын чечилип, натыйжада Коргон-Ташка алгачкы тамдарды кытайлыктар кура баштагандыгы маалым болгон.

Мындай абал Ат-Башы районунун жашоочуларынын нааразылыгын жаратып, 6-июлда Кызыл-Туу айылынын тушунан Бишкек-Торугарт эл аралык кан жолун жүздөгөн адам жарым күн бою бөгөп коюшкан эле.

Өкмөт өкүлдөрү ошол күнү эле түзүлгөн кырдаалды талдап чыгып, көзөмөл өткөөл жай Торугартта калтырылат деген бүтүмгө келген. Бирок жергиликтүү эл бийликтин чечими кагаз жүзүндө окумайынча ишенбей турганын билдирип, тынчый албай жатат.


XS
SM
MD
LG