Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:09

Ырчы Сагынбек Момбековдон дайын жок


Саясий ырчы Сагынбек Момбеков эки күндөн бери дайынсыз жок. Буга байланыштуу “Азаттыктын” суроолоруна ырчынын жээни Динара Шаботоева жооп берди.

- Сагынбек Момбеков менен акыркы түн ичинде байланыш болдубу, кечээтен бери байланыш жок деп аттыңыз эле?

- Байланышка аябай аракет жасап атабыз. Бирок эч ким менен байланыш болгон жок. Анткени Сагынбек Момбековдун жанында, анын машинесинде Рустам аттуу бөлөсү да чогуу жүргөн эле. Экөөнүн телефонуна тең чыгып атабыз, эч кандай байланыш болгон жок.

- Демек аны менен кошо дагы бир киши жок болуп аткан турбайбы?

- Ооба, эки адам жок болуп атат.

- Сагынбек Момбековду белгисиз бирөөлөр күчтөп автоунаага салып кеткени боюнча сиз Бакай-Ата райондук милициясына кайрылбадыңыз беле. Райондук милиция болсо инисинин түшүнүк катын көрсөтүп, “Момбеков тойдо жүрөт” деп билдирди. Дегеле сиздердин арыздын тагдыры эмне болду, каралышы мүмкүнбү?

- Биздин арыздын тагдыры каралбай эле калды го деп ойлоп атам. Бул кимдир бирөөлөр үчүн жакшы болуп атат окшойт.

- Милиция ырчынын жоголушуна байланыштуу кылмыш ишин козгобой, же бир иш ачпаса сиз дагы аракеттерди көрүшүңүз мүмкүнбү?

- Көрүшүбүз мүмкүн. Ал элдик ырчы, Бакай-Ата районунун тургуну. Ушул жерде туулуп-өскөн жерешибиз. Ал кишини издешибиз керек.

- Сагынбек Момбеков азыркы бийликтин башкаруу саясатын ачуу сындаган ырларын оппозициянын баардык жыйындарында, эл топтолгон жерлерде ырдап жүрчү эле. Кечээ ал биз менен өзү байланышкан учурда мындан ары митингдерге катыша албайм го деп айтты. Ырчынын мындай чечимге келишине эмне таасир болушу мүмкүн деп айта аласыз. Мисалы сиз айткандай эле кысым-басымбы?

- Эң биринчиден, мен ойлойм кысым көрсөтүп атат, бул бийлик тарабынан бирөөлөрдүн колу менен жасалып аткан иш го.

- Демек ырчынын өзүнүн “коопсуз жердемин, баары жакшы, мен Чаткал менен жүрөм” деп айтканы дагы кысым-басым алдында болушу мүмкүнбү?

- Албетте.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG