Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Жогорку Сот "Альфанын" командирин камакта калтырды


23-сентябрда Жогорку Cот Улуттук коопсуздук кызматынын «Альфа» бөлүгүнүн командири Алмаз Жолдошалиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттын арызын канааттандырган жок жана бул чечим кайра кароого жатпайт деген чечимин угузду. Жогорку Cот алдында нааразылык акциясын уюштурган камакта отурган аскерлердин жакындары бул саясий чечим болгонун айтып, акыйкаттыкты талап кылган иш-чараларын улантышарын эскертишти.

7-апрелдеги ок атууларга катыштыгы болгон деген айып менен камакка алынган атайын даярдыктагы «Альфа» аскердик тобунун командири Алмазбек Жолдошалиев учурда УКМКнын убактылуу тергөө абагында кармалып, аталган топтун дагы жети аскери үй камагында отурушат. 23-сентябрда Жогорку Сот Алмазбек Жолдошалиевдин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча анын жактоочуларынын доо арызын карады. Ал аралыкта камакта отурган аскерлердин туугандары Жогорку Сот имаратынын алдында жакындарынын бошотулуусун талап кылган пикет өткөрүп жатышты.

Адвокат Кайрат Загибаев жоопко тартылып жаткан Алмаз Жолдошалиевдин күнөөсү ушул убакка дейре эч далилдене электигин билдирип, анын баш коргоо чарасы тууралуу буга чейинки чечим туура эмес деп эсептейт:

-“Альфанын” командири Алмазбек Жолдошалиевдин айыбы ушунча айдан бери тергөө жүрүп далилденген жок жана табылган да жок. Баллистикалык жана башка экспертизалар өткөрүлдү. Эксперттин бүтүмүнө ылайык, Жолдошалиевдин кол алдында иштеген аскерлердин бирөө да адам өлтүргөнгө тийешеси бар деп тастыкталган жок. Демек тагылып жаткан айыптар негизсиз деп сотко кайрылып отурабыз.

Жогорку Соттун судьясы Аскар Осмонкулов жактоочулардын келтирген жүйөлөрүнө ынанган жок. Өз кезегинде сот мындай чечимин угузду:

- Административдик жана кылмыш иштери боюнча Жогорку Соттун соттук коллегиясы 2010-жылдын жыйырма бешинчи августунда Бишкек шаардык сотунун Алмазбек Жолдошалиевдин баш коргоо чарасы тууралуу чечимин күчүндө калтыруу тууралуу токтом кылат. Адвокат Слесаревдун доо арызын канааттандыруудан баш тартат жана бул чечим кайра кароого жатпайт.

Мындай чечим менен макул болбогон «Альфанын» тарапкерлери Баш прокуратуранын алдында нааразылык акциясын улантышып, баш прокурордун чыгышын талап кылышты. Бирок чогулгандардын алдына «Альфа» бөлүгүнүн кызматкерлерине байланыштуу ишти тергеген бөлүмдүн башчысы чыгып, иштер тергелип бүтүп калганын жана жакын арада чечим чыгарын айтып элди сабырдуулукка үндөдү.

Ал арада “Жарандар коррупцияга каршы” бейөкмөт уюму президентке кайрылуу жолдоду. Анда Улуттук коопсуздук кызматынын «Альфа» бөлүгүнүн жана мурдагы мамлекеттик күзөт кызматынын кызматкерлеринин ишин адилет кароону мамлекет башчыдан өтүнөөрү жана аталган кызматкерлер 7-апрель күнү өздөрүнүн иш ордунда Кыргызстандын “Мамлекеттик күзөт тууралуу” мыйзамына ылайык аскердик милдетин аткарып турушканы белгиленет.

А. Жолдошалиевдин таламын талашкан адвокаттардын маалыматына ылайык, эми келе жаткан аптада Бишкек шаардык сотунда А. Жолдошалиевдин баш коргоо чарасынын мөөнөтүн кыскартуу тууралуу экинчи доо арыз каралмакчы. Ал эми "Альфа" тобунун сегиз мүчөсүнө коюлуп жаткан айыптар боюнча жалпы соту парламенттик шайлоодон кийин болору күтүлүүдө.

"Азаттыктын" архивинен: "Снайпер" делгендердин жакындарынын митинги

Жогорку Кеңеш имаратынын алдына 21-сентябрда чыккан 50-60 чакты адам 7-апрель окуясы учурунда элге каршы ок аткан деген шек менен кармалган УКМКнын “Альфа” бөлүгүнүн бир кызматкери жана учурунда мурдагы президенттин бир тууган иниси башкарган Мамлекеттик күзөт кызматынын 8 жоокери бошотулуусун талап кылышты.

"Снайпер" делгендердин жакындарынын митинги
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:14 0:00
XS
SM
MD
LG