Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:28

Президент оштук журналисттердин арыз-муңун укту


Президент Роза Отунбаева Оштогу жолугушууда, 12-сентябрь.
Президент Роза Отунбаева Оштогу жолугушууда, 12-сентябрь.

Ош жергесине сапары учурунда президент Роза Отунбаева өлкө башчысынын түштүк башкалаасындагы кабылдамасынын ачылышына катышып, арызданган айрым жарандарды кабылдады. Ага удаа массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту. Журналисттер өз кезегинде коопсуздук маселеси жайында эместигин, маалымат алуу укуктары чектелгендигин, а түгүл айрымдарына куугунтук күчөгөндүгүн билдиришти.

Президент Роза Отунбаева Ошко сапарынын экинчи күнүндө түштөн кийин президенттин түштүк башкалаасындагы коомдук кабылдамасынын ачылышына катышты. Ага даттанган жыйырма чакты кишини дароо кабылдап, маселелерин жеринде чечкенге жардамдашты.

Андан соң Роза Отунбаева түштүк жергесинде эмгектенген массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушту.

ОшТВ телеканалынын жетекчиси Сюита Соурбаева жергиликтүү көпчүлүк аткаминерлердин иш билги эместигин билдирди:

- Биз ушундай ушак-айыңдарды, дезинформацияларды төгүндөөнү таратууда эң биринчи ошол суроолорубузга ыкчам жооп кайтарчу аткаминерлердин компетенттүүлүгү орчундуу орунда турат. Ошол киши соболдорубузга чайналбастан так жана ынандыраарлык жооп берсе, биз, журналисттер, аны өзүндөй кылып жар салганга аракет кылабыз.

Сюита Соурбаева сөз арасында белгилегендей, кадрлардын туура тандалышы көп көйгөйлөрдөн убагында арылганга көмөктөшмөк.

BBС үналгысынын кабарчысы Айбек Абдылдаевдин оюнча, коопсуздук маселеси ар бир кесиптешинин жүрөгүн дале өйүп турган чак:

- Айрым орус жана өзбек тилдүү эл аралык сайттар Оштогу улуттар аралык маселени кайрадан ырбатып, эки элди кайраштырып, бири-биринен өч алууга үндөгөн маалыматтарды таратып жатышат. Мисалы, Fergana.ru, Adalat.com, Janydyino.com Интернет сайттарында ушундай өңүттөгү кабарлар көп жарыяланууда. Имиш-имиштер дал ошондой маалыматтардан жаралып, калк арасына жайылууда. Маселен, мен Ош шаарындагы өзбек кварталга жакын жашаймын. Коопсуздугунан чочулаган үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү 9-сентябрда тыш жактарга көчүп кетишкен. Азыр ал жакка барсаңыз, үйлөр аңгырап бош турат. Кечинде беш-алты эле батирде шам жанып турат.

Айбек Абдылдаев Ош окуясын бейтарап чагылдырууда Кыргыз бийлиги утулгандыгын, алдыдагы парламенттик шайлоонун жүрүшүндө акыбал мындан дагы курчуй тургандыгын, ошондуктан, журналисттердин укугун жана бейпилдигин камсыз кылууга Өкмөт бул сапар өзгөчө көңүл буруусу зарылдыгын кошумчалады.

AKIpress маалымат агенттигинин өкүлү Зинакан Пасаңова аймакта дале маалымат таңкыстыгы өкүм сүрүп жатканына борбордук жана жергиликтүү бийлик айыптуу экендигин ачыктады:

- Биз, жергиликтүү журналисттер, маалымат алуу жаатында абдан кыйналып жатабыз. Себеби, министрликтердин жана башка мекемелердин түштүктөгү өкүлчүлүктөрү жогорку жактардын уруксатысыз маалымат беришпейт. Мисалы, аймактык ички иштер башкармалыктарына караштуу басма сөз кызматтары Бишкектин макулдугусуз таптакыр сүйлөшпөйт. Мунун өзү маалыматтын эскирип, элге жаңылыктардын ыкчам жетишине кедергисин тийгизип жатат.

Зинакан Пасаңова президентке маалыматты кечиктирген мамлекеттик кызматкерлерди жазалоо чарасын кийирүүнү сунуштады.

Жооп иретинде сүйлөгөн Роза Отунбаева түштүктөгү тополоң маалында Кыргыз бийлиги маалымат согушунда утулгандыгын толук моюндады:

- Бул ирет кайсыдыр бир идеологиялык согушка катышканга убактыбыз болгон жок. Күч-аракетибиздин бардыгын мобул түштүктөгү чыр-чатакты басканга жумшадык. Мен ойлойм, азыр биз ар кандай кыйынчылыктарды ишибиз менен жеңип кетебиз.

Президент буга улай түштүктөгү журналисттерди убагында керектүү маалыматтар менен жабдууну жана алардын мындан аркы коопсуздугун үзгүлтүксүз камсыздоону борбордук жана жергиликтүү укук коргоо органдарынын жетекчилерине табыштады:

- Биз сиздерге, журналисттерге, абдан таянабыз. Аймактагы кырдаалдын батыраак жөнгө салынышы, албетте, көпчүлүк убакта сиздерге көз каранды. Мындан ары биз конструктивдүү иштешсек, менин ишенимиде, Кыргызстан батыраак оңолот. Чыр-чатактардан дагы тезирээк кутулабыз. Мындайда журналисттердин коопсуздугун камсыздоо мамлекеттин маанилүү милдети болуп саналат. Бул жагынан мобул залда олтурган Өкмөт мүчөлөрү жана алардын өкүлдөрү журналисттер менен тыгыз иштешкиле! Алар кайрылган маселелерди кечеңдетпей биринчи кезекте чечкенге көнгүлө. Эң негизгиси ушул Ошто байма-бай жолугушуу форматын таап, аны жүзөгө ашырып, бири-бирибиз менен ачык-айрым сүйлөшүп туруубуз парз, - деди Роза Отунбаева.
XS
SM
MD
LG