Акбөкөн Таштанбековдун тарапкерлери анын кармалышын азыркы бийликтен көрүп, лидерин коргоо боюнча комитет түзүштү. Азыр А. Таштанбековдун бошотулушун талап кылган акцияларды өткөрүп жатышат.
Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, “Ооган согушунун ардагерлери” партиясынын лидери Акбөкөн Таштанбековго кылмыш иштерди прокуратура, Ички иштер министрлигинин башкы тергөө бөлүмү жана Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы козгоду. Ага ылайык, “Ооган согушунун ардагерлери” партиясынын лидери Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси боюнча "алдамчылык кылган" деп айыпталып жатат.
ИИМдин билдиришинче, бул иштер иликтенип-тергелип жаткан маалда А. Таштанбековдун кылмышка тиешеси бар экени аныкталган, бирок суракка чакыртса Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катары катталганын айтып келбей койгон.
Акбөкөн Таштанбековдун адвокаты Чынара Кекиликова “Ооган согушунун ардагерлеринин” лидерин кармоого негиз болбогонун “Азаттыкка” билдирди.
- Азыр беш эпизод менен жаңы эле кылмыш иши козголо баштады. Бирок ар бир эпизод башка адамдардын жарандык укуктук мамилелерине байланыштуу. Таштанбеков ал иштерге аралашкан эмес. Ал жерде келишимдер, ал келишимдерге кол койгон тараптар бар. А. Таштанбеков ал келишимдерге кол койгон эмес. Анан бул келишимдердин баары 2006-жылы түзүлгөн. А. Таштанбеков үйүнөн беткапчан келип кармап кетип, камап салгыдай кылмышка барган эмес жана ага негиз жок болчу.
А. Таштанбековдун тарапкерлери 2006-жылдагы окуялар үчүн азыр камалышын айыптап жатышат. ИИМдин басма сөз катчысынын орун басары Рахматулла Ахмедов “Азаттыкка” эмне себептен кылмыш иштери эми козголуп жатканын тергөөгө байланыштуу түшүндүрүп берүүдөн баш тартты:
- Эми тергөөгө байланыштуу анын өзүнүн сааты, убактысы бар да. Сиз биздин сайтты ачсаңыз ошол жерде маалымат бар. Тергөөнүн кызыкчылыгынан улам андан башка эч кандай маалымат бере албайбыз.
Партиялаштарынын айтымында, А. Таштанбеков депутат болуп иштеп турган кезинде бир катар чуулгандуу иштерди ашкерелеп, кылмыш иштердин козголушуна демилгечи болгон. Эми ошол иштердин негизинде кызматынан кол жууп, бирок азыр бийликке келген айрым аткаминерлер А. Таштанбековдун камалышынын артында турушу мүмкүн.
Саясий боек барбы?
Талдоочу Табылды Акеровдун баамында, күтүүсүз козголгон кылмыш иштеринен улам анда кандайдыр бир саясат бар болушу ыктымал:
- Азыркы бийликте турган айрым адамдар менен тил табыша албай калган жери барбы деп ойлойм. Ошонун негизинде балким өч алуу да болуп жаткандыр.
Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Тайырбек Сарпашев бир убакта А. Таштанбеков менен бирге депутат болгон. Ал "Ооган согушунун ардагерлеринин" лидери убагында парламенттин активдүү мүчөсү болгонун айтты, бирок кармалышында саясий боек бар экенинен күмөн санады:
- Аныкы бизнеске байланышкан маселелер болсо керек. Мен анын ашынган мыйзам бузуучу экенин байкаган эмесмин. Парламентте позициясы бар, активдүү депутаттардын бири болчу. Бул жерде саясий заказ бар экенинен күмөнүм бар. Укук коргоо органдары менен кызматташса, бул маселе сот аркылуу чечилсе керек.
А. Таштанбеков 11-ноябрда кармалды. ИИМдин маалымдашынча, азыр факт боюнча ыкчам тергеп-иликтөө иштери жүрүп жатат. А. Таштанбеков 2000-2005-жылдары Жогорку Кеңеште депутат болгон. Быйыл анын “Ооган согушунун ардагерлери” партиясы парламенттик шайлоого катышып, шайлоочулардын 0,25 пайыз добушун алган.
А. Таштанбеков ишкер катары да белгилүү. 2008-жылы “Де-факто” гезити өлкөдөгү жүз бай адамдын тизмесин аныктап, А. Таштанбеков анда 37-орунду ээлеген.