Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

Д.Медведев Грузиядагы сценарийди кайталагысы келеби?


Орусиянын президенти Дмитрий Медведевдин Кыргызстанга карата жүргүзгөн саясаты, өлкөнүн келечеги тууралуу “Азаттыкка” саясат таанучу Улан Жуманаев маек курду.

- Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Кыргызстан ушул тапта толук кандуу мамлекет эмес экенин, өлкөгө күчтүү президент зарылдыгын айтты. Кремлдин мындай көз карашына сиздин пикириңиз кандай?

Улан Жуманаев: Албетте Дмитрийдин айткан сөздөрүн Кыргызстандын жараны катары аябай орой, Кыргызстанды сыйлабагандык катары кабыл алдым. Дмитрий президент болуп гана Кыргызстанга биринчи жолу келип, Кыргызстанды билбейт окшойт.

Экинчиден, бул эмнени билдирет? Эки нерсени айтса болот: Орусия баягы эле СССРдин аймагында өзүнүн үстүмдүгүн көрсөтүп, аң сезими ошол бойдон калган. КМШнын бир мүчөсү эмес, эмнегедир үстөмдүк кыла турган өзүнүн комплекси менен кала берген. Бизден, башка КМШ мамлекеттеринен өзүн өйдө койгон жана Евразия аймагында “эмне кылсам ошону кылам” дегендей кабар берилип жатат.

Үчүнчүдөн, Кыргызстандагы бул ыңкылап алардын азыркы диктатордук режимине чоң коркунуч келтирип жатат. Алар Кыргызстанда Батышты караган жаңы муун пайда болуп жатканын билип атышат. Албетте ушул факторлор азыркы Орусиянын президентин жана тоталитардык режимди кооптондуруп жатат.

- Д.Медведев Кыргызстандагы славян тилдүү элдин өмүрүнө коркунуч туулганын айтып, аларды коргоо тууралуу Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюковго тапшырма берди. Ушуга сиз кандай дейсиз? Бүгүнкү күндө Кыргызстанда чынында эле ушундай кооптуу жагдай түзүлдүбү?

Улан Жуманаев: Биз көрүп жатпайбызбы, эч кандай кооптонуу жок. Кандайдыр бир коркунуч болуп жатат баарыбызга, бул орустарга эле эмес, кыргыз, дунган, баарында эле кандайдыр бир тынчсыздануу болуп атпайбы. Бирок мен ойлойм, Д.Медведев ушуну менен баягы Грузияга эки жыл мурунку агрессиясындай ой менен, ошондой көз караш менен Кыргызстанды карап атат.

- Буга чейин ЖККУнун аскерлери Кыргызстанга киргизилет экен деген божомолдор айтылды эле. Эгерде орус жоокерлери Кыргызстанга киргизилсе абал кандай болмок?

Улан Жуманаев: Анда Кыргызстан кооптуу абалда болмок. Анткени Кыргызстанда көп адамдар буга каршы туруп, бул өзүнчө дистабилизацияга алып келмек. Албетте бул жерден карама-каршылык пайда болмок. Эртеси эле Орусиянын аскерлерине элдер каршы чыгып, таш ыргытылып, башка дагы коркунучтуу абал түзүлмөк.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG