Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:37

Э.Кудайбергенов: Москвадагы кыргыз мигранттары кыйын учурга туш болууда


Москвадагы ири базардын жабылышы анда иштеген кыргызстандыктарды да түйшөлтүүдө.
Москвадагы ири базардын жабылышы анда иштеген кыргызстандыктарды да түйшөлтүүдө.

Москвадагы эң ири Черкизов базарынын жабылышынан Кыргызстандын тигүү өнөр жайы жана кыргызстандык соодагерлер да чоң жабыркоого туш болгону айтылууда. Бул маселе боюнча кыргызстандык мигранттардын “Замандаш” ассоциациясынын Москвадагы өкүлү Эдилбек Кудайбергенов менен түз ободо байланыштык.

- Эдилбек мырза, Черкизов базары жабылгандан кийин анда соода кылып келген кыргызстандыктардын абалы кандай болуп жатат азыр?

- Белгилүү болгондой, 29-июнда Москва калаасындагы Черкизов базары санитардык талаптарга жооп бербейт деген негизде жабылган. Экинчиси, ага Кытайдан контрабандалык жол менен келген товарлар да шылтоо болдубу билбейбиз, иши кылып бул базар жабылат деген сөз мурда эле айтылып келген эле

- Ошол базарда Кыргызстандык тигүүчүлөрдун колунан чыккан кийим-кечектердин дээрлик 40 пайызы сатылчу турбайбы, эми булардын тагдыры кандай болот. Ушул маселе боюнча сиздердин биримдик бир аракеттерди көрүп жатабы?

- Азыр ойлонуштуруп жатабыз, бирок Москвада мындан башка чоң базар жок. Ошентсе да аракеттер жасалып жатат.

- Маалымат каражаттарынын жазганына ишенсек, Черкизов базары биротоло жабылган жок, оңдоо иштери жүргүзүлгөндөн кийин кайра ачылат деген да ойлор айтылып жатат да.

-Эми азыр ар кандай маалыматтар болуп жатат. Бирок так маалымат азыр бизге жете элек.

- Ошол базар жабылгандан кийин анда иштеген кыргызстандык соодагерлер же мигранттардан кайрадан өлкөсүнө кайткандары болдубу?

-Азырынча андай боло элек.

- Ошол базарда иштеп жүргөндөр азыр кайсы жактарга жумшка орношуп алышты же башка базарларга кетиштиби?

-Азыр мындайча айтканда базар же ачылат, же биротоло жабылып калат деген маалымат жок. Ошондуктан бул жакта соода-сатык менен тиричилик кылган биздин жердештерибиз азыр күтүп гана отурушат.

Базар жабылаары тууралуу ошол жерде иштегендерге алдын-ала бир расмий билдирүүлөр болду беле базардын жетекчилиги же Москва шаардык бийлиги тарабынан?

- Жок. Москва шаардык бийлиги тарабынан эч кандай маалымат берилген эмес. Базар жабылаардан бир күн мурда гана айтылды эртең жабылат деген. Ошентип эртеси 29-июнда жаап салды. Жеке эле кыргыздар эмес башка улуттагы элдерден да абдан көп соода кылганы бар да бул жерде. Алардын баарынын товарлары калды баары базардын ичинде. Эми соода кылган контейнерлериндеги товарларын ала албай, же башка жака соодага кете албайт абдан кыйналып турган учуру.

-Демек кыргызстандык соодагерлердин товарлары дагы базардын ичинде кала берген турбайбы. Алардын ошол жерде жакшы сакталышына ким кепилдик бериши мүмкүн?

-Азырынча белгисиз. Менимче, эч ким андай кепилдик бере албайт го. Азырынча так маалымат жок, ошондуктан эч нерсе деп айта албайм.

- Каржылык каатчылыкка байланыштуу эле Орусиядагы кыргыз мигранттар кайра кайтып келет, жумуш азайды, айлык акы азайды деген маалыматтар айтылып атты эле, эми базар жабылгандан кийин дагы кандайдыр бир ушундай агымдар байкалдыбы?

- Кайткандары болуп жаткандыр, бирок негизи бул жеке эле Москва калаасында эмес дүйнө жүзүндө болуп жаткан финансы кризисине байланыштуу биздин мигранттар дагы абдан кыйын учурларга дуушар болуп жатышат. Бул жактан жеке эле биздин жердештер эмес, а түгүл орусиялыктар өздөрү деле жумушсуз калып жатканын билип жатсаңыздар керек. Ошого байланыштуу биздин мигранттар дагы иштеринен бошоп, же айлык акылары азайып абдан кыйналып турган учурлары болуп жатат.

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG