Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Кыргыз-орус мамилеси эми кайсы нукта өнүгөт?


Кыргыз-орус алакалары тууралуу суроолорго саясат таануучу Марс Сариев жооп берди.

- Кыргыз-орус мамилеси өткөн жылы ушул кезде аябай өнүгүп, бир топ келишимдерге кол коюлган эле, азыркы мезгилде салкындап кеткени айтылып жатат, бир нече долбоорлор аткарылбай калды деп. Бул боюнча сиздин пикириңиз кандай?

- Чын эле мамиле салкындап кеткени көрүнүп турат. Акыркы жолу орус президенти Медведев Омскиде сүйлөгөн сөзүндө деле бул нерсе байкалып турат. Медведевдин сөзү Кыргызстандын бийлигине багытталганын мен байкап атам. Бажы биримдигине кирбеген Орто Азиядагы мамлекеттерди кандай көрөсүңөр деп журналисттер сураганда, “алардын саясатын байкайбыз, анан ошол мамлекеттерге өзүнчө мамиле кылабыз” деп айтты. Менин оюмча, Кыргызстан Акаевдин убагында эле Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна киргенде эле Путин убагында Орусия жактырбай калган. Азыркы Кыргызстандын саясаты, экономикалык саясаты Орусиядан келген кредиттерди пайдаланганы Орусияга аябай эле жакпай атат деп ойлойм. Ошон үчүн азыр кредиттер токтоп атат. Мурун эле 1 млрд. 700 млн. кредит Камбар-Атага деп айтканда эле мен айткам, бул кредит Кыргызстанга келбейт го деп. Ошол божомол азыр туура чыгып атат.

- Сиздин баамыңызда мындан ары эки өлкөнүн мамилеси кандай өнүгөт, Кыргызстандын кемеси геосаясий алкакта кандай сүзөт?

- Менин оюмча, Орусиясыз Кыргызстан өзүнчө көп вектордуу саясатты жүргүзө албайт. Евразияда Орусиянын позициясы аябай катуу. Орусиянын позициясын аябай эске алып туруш керек.

- Марс мырза, кандай деп ойлойсуз, Максим Бакиевдин Кытайга сапарына чейин эки өлкөнүн мамилеси салкындап гана келген болсо, бул сапардан кийин катаалдана башатагандай сезилет?

- Мен дагы аябай эле таң калдым, Кыргызстан Орусияга берген сунуштарды ошол Кытайга дагы сунуштап атканы менимче, аябай эле чоң ката. Бул Орусиянын кыжырын келтирет. Ошон үчүн бул тышкы саясаттын кемчилиги.

- Ушуну менен чындап эле Камбар-Ата-1 долбоору үчүн каражат табылбай ал аткарылбай калабы, кандай деп ойлойсуз?

- Бул Кыргызстандын тышкы, ички саясаты кандай болсо ошого жараша болот. Эми орустар чочулап атканын баарыбыз билебиз. Өнүктүрүү фонду деген байлыктын баарын, кредиттердин баарын топтоп алганы чочулатып атат. Биздин мамлекеттин структурасы өзгөрүлүп, Конституция дагы бурмаланып, башка бир структураларды түзүп атканы орустарга түшүнүксүз да. Аларга стабилдүү өнөк керек болуп атат. Ошондуктан ошонун баарын мыйзам катары нормалдаштырса, орустардын мамилеси дагы түзөлөт.
- Демек Владимир Путиндин ноябрь айында Данияр Үсөновго айткан, силерде кандайдыр бир мамлекеттин деңгээлдеги үй-бүлөлүк бизнести уюштуруу күчөптүр деген сөздүн чындыгы ушул саясат менен көрсөтүлүп жатат экен да анда?

- Ошондой сөз болдубу, болгон жокпу билбейм. Бирок Орусиянын саясаты ошол жол менен эле баратат. Туура айтасыз, Кыргызстанды абайлап, жакшы ойлонуп саясат жасасын деген ой го...

- Маегиңизге рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG