Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:36

С.Шерматова: Кыргызстан Казакстан менен Орусияга таянышы керек


Бул күндөрү Кыргызстанда орун алган соңку окуяларга карата орусиялык серепчи Санобар Шерматова өз пикири менен бөлүштү.

“Азаттык”: Санобар айым, Кыргызстан 7-апрелдеги окуялардан кийин эми кандай өнүгөт?

С.Шерматова: Бул башкы маселе. Бийлик маселеси чечилди. Бир нече буйрук чыкты. Биринчиден, тарифтердин кризис болгонго чейинки калыбына келтирүү убадасын берди. Бирок жаңы бийлик анча каражатты кайсы ресурстан сузуп алат? Казна бош экенин айтпаса да түшүнүктүү. Дегинкиси, тарифтердин мынча арзандашына жеткидей кандайдыр бир каражат болуш керек да.

1-апрелден тартып Орусия жиберүүчү кара майга бажылык салыкты көтөрүп атат. Кыргызстан экономикасынын торолушу ошол майларга жараша болот. Ал салык киргизилгенден тартып баа 30 пайызга кымбаттайт. Аны кантип жабыш керек? Кеп ушунда.

“Азаттык”: Жаңы элдик бийликтин алдында дагы кандай өтө зарыл маселелер бар?

С.Шерматова: Бул - бийликтин легитимдүүлүгү. Ал өз эли үчүн керек. Ошондой эле дүйнөлүк коомчулук алдында легитимдүүлдүккө жетишүү керек. Муну оңой эле чечсе болот. Себеби Кыргызстан чындыгында эки мамлекеттин өзүн таануусу ага жетиштүү болот. Аны Казакстан менен Орусия таанышы керек.

“Азаттык”: Бир нече убактан кийин калк ушул бийликке да нааразы болушу ыктымалбы?

С.Шерматова: Миңдеген жаш уландар колуна таяк алып, кесек кармап көчөгө чыгуу жагдай Кыргызстанда гана бар. Бирок аларды ыңкылапчылар деп айтууга болбойт. Алар кадимки эле Бишкектеги Ош базарында иштегендер. Бул окуяларды ошолор жасады. Кайдан жайдан келгени түшүнүксүз. Ким аларды уюштуруп, башкарганы белгисиз топтор.

Бирөө аларды жалдадыбы же бир нерсе убада кылдыбы – белгисиз. Дал кайдан чыгып кайда кеткени белгисиз күч. Ошол масса Бакиевдин өкмөтүн тебелеп жер менен жексен кылышты.

Ооба, ыңкылапчылар да көчөгө чыгышты. “Ата мекен” менен СДП чыкты. Бирок Өмүрбек Текбаев, Роза Отунбаева же Алмазбек Атамбаевдин төрт, беш, ал тургай алты миң тарапкерлери чыкканда да бийликти кулатуу колдорунан келмек эмес. Ал эми көчөгө чыккан көпчүлүктү эч бир күч тыя албай калды. Бул ыңкылаптын таң калычтуу жагы – башкы ыңкылапчылар кармалганда көчөдө колунда таягы, койнунда ташы бар сандаган уландар кожоюн болушту. Мына ошолор Бакиевди бийликтен оодара тартып, кууп жиберишти.

Алар эми кийин дагы бир ушундай учур болсо кимдин ойнун ойношот? Качан пайда болушат? Кимге болушат? Татаал маселе ушунда. Жаңы бийлик аны унутпашы керек. Жаңы бийликке мен жакшылык каалайм. Себеби мен аларды бери дегенде 20 жылдан бери тааныйм. Алар чындыгында Кыргызстандын жашоосун өзгөртүүнү каалашат. Бирок аны ишке ашыра алышабы? Мен мындан күмөн санайм.

XS
SM
MD
LG