Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:26

Баткендиктер Орусиялык базанын ачылышына ар башка пикирде


Өткөн жумадан баштап Кыргызстандын түштүгүндө Орусиянын экинчи базасын ачуу маселеси массалык малымат каражаттарында байма-бай айтыла баштады. Ал эми баткендиктер болсо кошуналар менен мамиле ансыз да жакшы эмес болуп турганда бул иш чара маселени оорлотушу мүмкүн дешет.

Өткөн жумадагы орус өкмөт өкүлдөрүнүн Кыргызстанга иш сапары менен келип, жабык эшик артында сүйлөшүүлөрүнөн кийин, өлкөнүн түштүгүндө дагы бир база ачуу тууралуу кептер чыкты. Эгер бул аскер база ачылса Ош же Баткен аймагы болжолдонгон. Ал эми Ташкен болсо чектеш мамлекетте дагы бир чет өлкөлүк аскер базасынын ачылуусуна каршы экендиги масаалык малымат каражаттарында айтылды.

Баткендиктер Өзбекстан менен мамиле оорлошкон сайын аскер базасын ачуу жергиликтүү тургундар үчүн түйшүк болот дешет.Эсен аксакал эгер жаныдан ачыла турган авиа база болсо, анда Баткендин шартына туура келбейт. Же кандайдыр бир катачылык болсо чоң жанжал болуп кетиши да мүмкүн дейт:

-Биздин аэропорт ошол жогорку ылдамдыктагы самолетту кабыл алышка мүмкүнчүлүгү жок. Биздин аэропорт андай оор салмактагы учактарды кабыл алганга кичинелик кылат. Биздин жер шартыбыз да туура келбейт, алар оор салмактагы чоң учактар жогорку ылдамдык менен келип, чек арадан кошуна өлкөлөргө бир аз өтүп кетсе чон жаңжал чыгып кетиши мүмкүн.

Ал эми облустук акимчиликтин маалымат катчысы Мамажан Бердишевдин баамында, азырынча мамлекет тарабынан расмий билдирүү болбой туруп эле маселени тигиндей-мындай дегенге эртелик кылат. Бирок Орусиянын дагы бир аскерий базасы ачылчу болсо аймактын коопсуздугу үчүн эле пайда алып келмек:

-Россиянын экинчи аскерий базасын Кыргызстанда ачуу тууралуу азырынчамаалыматтар ММКларда гана айтылып жатат. Бул тууралуу мамлекеттик, өкмөттүк денгээлде эч кандай расмий билдирүүлөр жок. Эгер Россиянын экинчи аскерий базасы ачыла турган болсо бул аймактык коопсуздук үчүн өтө маанилүү орду бар деп ойлойм.

Боз адыр айылынын тургуну Медербек болсо аскерий базанын ачылышы жакшы нерсе, анан да Баткенде ачылды деген сөз өзү да чек арадагы кыйла маселелерге жардам болот деген пкириде:

-Баткенге бул аскерий базанын ачылышы анык болсо, баткендиктерге жакшы болмок. Жаштар, атуулдарыбыз жумуш менен камыз болмок. Негизи эле чек арабыз да бекемделмек. Чек арабызга бир топ жакшы болот, Баткенде аскерий база ачылды деген сөз өзү эле бир топ маселеге жакшы болот да.

Баткен шаарынын тургуну Алмазбек Турсуматов болсо ар кимдин аскер базасын алып келгенден көрө мамлекет өзүнүн куралдуу күчтөрүнө, чек арачыларына көбүрөөк маани берсе жакшы, анан да Өзбекстан менен мамиленин начарлашы жергиликтүү тургундар үчүн эле түйшүк болот дейт:

-Аларды аймакка киргизе турган болсок башка мамлекеттер менен суроолор жаралып калышы мүмкүн да. Ошого Баткен Өзбекстан, Тажикстан менен чектешкен жерлерде каттамдар, мамилелер орчундуу болуп тургандай. Эгер бул база ачыла турган болсо маселе дагы оорлошуп калабы дейм да. Андан көрө өзүбүздүн чек арачыларды, куралдуу күчтөрүбүздү күчөтүшүбүз керек.

XS
SM
MD
LG